Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

АКШ: Адам укугун чектегендер көбөйдү


Х.Клинтон Орусияны Түндүк Кавказдагы адам өлтүрүүлөр үчүн кескин сынга алды, 25-февраль, 2009
Х.Клинтон Орусияны Түндүк Кавказдагы адам өлтүрүүлөр үчүн кескин сынга алды, 25-февраль, 2009

АКШ дүйнөдөгү адам укуктарынын абалын анализге алган жылдык баяндамасында Орусияны, Европадагы жана Кавказдагы бир топ мамлекеттерди кескин сынга алды. Орусияда жарандардын эркиндиги коркунучта экени, Беларуста адам укуктары корголбой жатканы айтылды.

Баяндама менен тааныштырып жатып, Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон бул баяндама дүйнөдө мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдын жашоосун жакшыртууга дурус күч болуп беришин каалай турганын айтты.

“Мамлекеттик катчы катары мен өзүмдүн күч аракетимди адам укуктарын салттык да, салттык эмес да жолдор менен коргоону уланта берем. Мен көбүрөөк адамдардын жашоосун өзгөртө турган аракеттердин болушун күтүп жатам. Жыйынтыгында биз ийгиликтүү натыйжа ала алабыз го деп үмүттөнөм”, - деди Клинтон.

Баяндамада айтылгандарга караганда, Орусияда бийлик улам борборлошуп, сөз эркиндигине чабуул, өкмөттүк эмес уюмдарга кысым көрсөтүү күчөгөн сайын адам укуктары жаатында өкмөттүн жоопкерчилиги кыскара баштаган.

Түндүк Кавказда Орусиянын коопсуздук күчтөрү адам өлтүрүүлөргө, кыйноолор менен зордук-зобунга тартылышканы, бирок көп учурда бул үчүн жоопко тартылбай калышканы көрсөтүлөт. Мындай учурлар Чеченстанда, Ингушетияда жана Дагестанда орун алган.

Украинада болсо полиция жана жазалоо системасы адам укуктарынын бузулушуна башкы себеп болду окшойт. Мисалы, шектелүүчүнү сот иши башталгыча көпкө оор шарттардагы түрмөдө кармашат, сот системасында коррупция күчөп, акыйкат чечим чыгарууга шарт жок экени айтылат, жөөттөрдү жекирүү социалдык деңгээлде дале күч. Бирок мындагы алдыга жылыш катары Ички иштер министрлиги адам укуктары бузулган учурларды кылдат текшерүүнү полицияга буйруганы айтылды.

Дүйнөдө адамдардын жашоосун өзгөртө турган чечимдерди күтөм...
Арменияда болсо былтыр февралда өткөн президенттик шайлоо учурунда жана андан кийинки демонстрацияларда бийликтегилер адам укуктарын олуттуу чектөөгө алышты. Саясий себептерден улам жарандар камакка алынышты, нааразылык билдирип көчөгө чыккандарга каршы күч колдонулду. Мындан сырткары, аялдардын укугу бузулуп, адам аткезчилиги күчөгөнү, майыптар менен кумсаларды кемсинтишээри көрсөтүлөт.

Азербайжанда да адам укугунун бузулушу былтыр октябрдагы президенттик шайлоо менен байланышкандай болду. Полиция тарабынан ур-токмокко алынгандардын үчөө набыт болгон, бул үчүн тийиштүү тараптар жоопкерчиликке тартылбай калышты.

Грузияда болсо былтыр күч органдары түрмөдөгү эки адамды өлтүрүп коюшканы тууралуу айтылат. Убактылуу түрмөдө отурган шектелүүчүлөргө, түрмөгө кесилгендерге күч колдонулат. Маалымат каражаттарындагы эркиндик да кыскарганы, бирок жыл этегинде кайра калыбына келе баштагыны белгиленди.

Мамдепартаменттин баяндамасында өзгөчө көңүл Беларустагы абалга бурулгандай болду. Анда айтылгандай, Беларуста өкмөт азырга чейин адам укуктарын орой бузуп келет, андыктан өлкөнүн бул жааттагы көрсөткүчү дале төмөн бойдон калууда. Жарандар өз укугун коргоп, митингге чыккан учурларда күч органдары аларды катуу баскан учурлар болду. Түрмөлөрдө шарт начар, ал жакта келтек жеп, көзү өткөндөр бар.

Балканда болсо былтыр өзүн эгемен мамлекет деп жарыялаган Косоводо саясий жана этникалык мүнөздөгү укук бузуулар кездешкен. Мисалы, этникалык сербдерге, серб ортодокс чиркөөсүнө каршы аракеттер катталды. Алга жылыш катары Косовонун өзүнөн уруш учурунда там-жайын таштай качкандар кайра үйлөрүнө кайта башташканы айтылды. Бул аймакта аялдарды, майыптарды, кумсаларды дискриминациялоо, адам аткезчилиги, жаш балдарды сатуу өңдүү көрүнүштөр көп болгон.

Карен Стюуарт дүйнөдөгү адам укугун коргоочу активисттердин ишин жогору баалады
Кошмо Штаттардын Мамкатчысынын Адам укуктары боюнча жардамчысы Карен Стюуарт дүйнөдө адам укугу деп, каардуу өкмөттөргө каршы чыгып келаткан укук коргоочулардын ишин мактап өттү. “Бейөкмөт уюмдардын, маалымат каражаттарынын тилин бууп, Интернеттин мүмкүнчүлүктөрүн чектей турган репрессивдүү мыйзамдарды кабыл алган мамлекеттердин саны өсүп баратканы чочулантат, - дейт Стюуарт. - Өздөрүнүн жана башкалардын укуктарынын корголушун талап кылган көптөгөн эр жүрөк укук коргоочулар кысымга алынышты, коркутууларга дуушар болушту, түрмөгө камалышты. Айрым учурларда соттук жолдор менен репсессияга туш болуп, киши колдуу да болушту”.

АКШнын негизги дипломаты Хиллари Клинтон бул баяндама глобалдык таасирге ээ болушу үчүн анын өлкөсү дүйнөдөгү ишкерлер, диний лидерлер, мектептер жана университеттер, ошондой эле жеке адамдар менен иштеше турганын билдирди. Анын ишениминде, мунун баары адам укуктары корголгон дүйнөнү түзүүдө мааниси зор.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG