Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:06

АКШ президентинин Орусиядагы сапары уланууда


АКШ президенти Барак Обаманын ырасмий иш сапары Москвада бүгүн, 7 июлда да уланууда. Америкалык лидер Орусиянын премьер-министри Владимир Путин менен Ново-Огареводо жолугушту. Жолугушуу алдында Путин орусиялык-америкалык алаканын өнүгүшүн Барак Обаманын ысмы менен байланыштырарын айтты. Өз учурунда, Обама ага жооп ирээтинде, Путин менен «абдан кунарлуу баарлашуу болоруна кызыгамын» деди.

Президент Барак Обама Орусия ордо калаасында бир өргүгөндөн кийин өкмөт башчы Владимир Путин, андан кийин мурдагы СССР президенти Михаил Горбачев менен жолукту.

Улуу даражалуу америкалык мейман Гостиный двордо орусиялык экономикалык мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн алдында америкалык-орусиялык алакага басым жасалган сөз сүйлөдү.
Кечке жуук АКШ президенти Барак Обама орусиялык оппозиция өкүлдөрү менен жолукту, ага «Бириккен жарандар фронту» лидери Гарри Каспаров, «Тилектештик» кыймылынын теңтайлаш төрагасы Борис Немцов, көз карандысыз саясатчы Владимир Рыжков жана башкалар катышышты.

Анализчилер оозундагы кепте чоң бурулуш катары эсептелген маселе Ооганстанга жүк чыгарууда тараптардын жаңыча алакага келиши болду. Мындай пикирди «Эркин Европа» жана «Азаттык» үналгыларынын баш редактору Ефим Фиштейн айтат:

- Буга дейре орусиялык жетекчилик НАТО менен АКШ жүргүзүп аткан Ооганстандагы операцияларды, бери дегенде басып кирүүчүлүк катары баалап келсе (ошол себептен Бишкектеги “Манас” авиа базасын жабуу) ал стратегия алкагына кирсе азыр тараптардын бирин-бири туура түшүнүүсү пайда болду. Ооганстанда НАТО менен АКШ жүргүзүп аткан булганыч иш Орусия федерация коопсуздугу үчүн да пайдалуу экенин аңдоо болду. Ушундай абалдан улам Ооганстанга куралдарды жеткирүүдө аны орусиялык жер менен алып өтүүгө макул болуу ошондой эле “Манастагы” аскерий база боюнча кыргыздык көзкараштын өзгөрүшү жаралды. Ушунун баары жаңы чийин – жаңы жол жана абдан туура жол.

Барак Обаманын алдыдагы дагы бир жолугушуусу - орусиялык өкүмөттүк эмес уюмдар өкүлдөрү менен болмокчу. Кечинде маданий программа менен жубайы Мишель жана кыздары болуп театрдан оюн көрүшөт.

АКШ президенти эртең Италияга G-8 олтурумуна карай сапара алмакчы. Биртке убактан соң ал калага орусиялык лидер да аттанат.

XS
SM
MD
LG