Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:22

Орусия-АКШ: Жаңы келишимден ким утат?


Барак Обама Дмитрий Медведев менен 8-мартта ядролук келишимге кол коюшат.
Барак Обама Дмитрий Медведев менен 8-мартта ядролук келишимге кол коюшат.

Орусия менен АКШ ядролук куралдар боюнча келишим долбоорунун үстүнөн ишти аяктап калды. Эгер ал кабыл алынып, ишке ашса, бул эки өлкөнүн ядролук курал запастары акыркы жарым кылымдагы эң төмөнкү деңгээлге жетмекчи.

Бирок серепчилер бүгүнкү күндө куралдын көзөмөлү менен чектелүүгө болбой тургандыгын айтышууда.

Москва менен Вашингтонго жаңы стратегиялык куралдар келишимин даярдоого дээрлик бир жыл кетти. Ал ортодо ыйкы-тыйкы талаш, кер-мур айтыш, саясий туңгуюкка кептелүүлөр арбын болду.

Акыры тараптар Стратегиялык Куралдарды кыскартуу келишимине кол коюга даяр экендигин жарыялашты. Эксперттер келишимден курал кыскартуудан башка да пайдалуу болоорун болжошууда.

Стивн Пайфер курал көзөмөлүнө жана Орусия иштерине адистешкен АКШ Мамдепартаментинин мурдагы кызматкери. Ал жаңы келишим эки тараптуу алакалардын жакшырышына алып келет деген пикирде:

– Акыркы 30-40 жылдагы АКШ-Орусия алакасын карап көрө турган болсок, курал көзөмөлүндөгү жылыштар адатта жалпы эле алакаларга кеңири таасир тийгизет. Кээде мындай таасир чектелүү болушу мүмкүн, бирок адатта сөз жок кандайдыр жылыш болот.

Вашингтон менен Москвада бийлик өкүлдөрү эки тарап жайгаштырылган стратегиялык дүрмөттөрүнүн санын төрттөн бирине, аларды учуруучу платформаларды үчтөн бирине кыскартууга макулдашкандыгын 24-мартта бышыкташты.

Ак үй 26-мартта кабарлагандай, кол кою аземи 8-апрелде Чехиянын баш калаасында өтөт. Мындан туура бир жылдай мурда АКШнын президенти Барак Обама дал Прагада дүйнөдөгү ядролук куралдарды кескин кыскартууга чакырган эле.

Стивн Пайфердин айтымында, мындай макулдашуу Ирандын ядролук программасынын айланасындагы талаш-тартышты жөнгө салууга салым кошо алат. Соңку кездери Орусия бул өлкөгө карата жаңы санкция киргизүү сунушуна көбүрөөк ынай баштаганы байкалууда.

АКШ менен Орусия Стратегиялык куралдардын санын кыскартуу боюнча келишимдин үстүнөн мындан дээрлик бир жыл мурда иш башташкан. Жаңы келишим 1991-жылы АКШнын ал кездеги президенти Жорж Буш жана СССРдин президенти Михаил Горбачев кол койгон макулдашууну алмаштырышы керек. Бирок тараптар куралдын жок кылышын көзөмөлдөө процедуралары боюнча мунасага келе албай, ошондой эле Орусия маселени АКШнын Европада ракетадан коргонуу системасын куруу пландарына көз карандылыкка коюп туруп алгандан улам, эски келишимдин мөөнөтү 6-декабрда бүтүп, бирок жаңысы түзүлбөй калган.

XS
SM
MD
LG