Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:18

Б.Обама менен Д.Медведев кызматташуу тууралуу макулдашты


25-июнда Вашингтондо АКШнын лидери Барак Обама менен Орусиянын президенти Дмитрий Медведев сүйлөштү. 24-июнда эки лидер журналисттер үчүн жыйын куруп, Барак Обама айрым маселелерде, мисалы, Грузияга байланыштуу ар башка көз караштар болгонун белгиледи.

Орусия жана АКШ президенттери сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен 9 билдирүү кабыл алышты. Алардын арасында стратегиялык турукташуу, террорчулукка каршы күрөштө эки тараптуу кызматташтык, Ооганстан боюнча инновация жагынан көмөктөшүү бар.

Саммитте эки мамлекет жетекчиси кызматташуу тууралуу да макулдашып, АКШ Москвага 50 “Боинг” учагын сатмай болду. Серепчилердин баамында, муну менен АКШ 44 миң иш ордун куруп алмакчы. Мындан сырткары Орусия кайрадан АКШдан тооктун этин сатып алмай болду. Ал эми Эл аралык соода уюмуна Орусияны кабыл алууда Вашингтон колдоо көргөзөт.

Барак Обама менен Дмитрий Медведев Кыргызстандагы абалды да талкуулашты. Тараптар адегенде жаш балдардын коопсуздугун камсыз кылып, Кыргызстанда эки улуттун өкүлдөрү ынтымакта жашоосун калыбына келтирүү керектиги белгиленди. Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Кыргызстанга аскер киргизүү болбой турганын айтса, Барак Обама Кыргызстанда ички жагдайдын өнүгүшүнө АКШ кунт коюу менен байкап атканын белгиледи.

Орусиянын лидери АКШга келгенинин бирден бир себеби - өз өлкөсүндө “Кремний өрөөнүн” куруу болуп эсептелет. Бул үчүн Медведев алдыңкы технологиялар менен таанышып чыгып, буларды айтты:

- Мен чынында эле Калифорниянын “Кремний өрөөнүндө” көргөндөрүмөн шыктандым.

Барак Обама бул багытта АКШ Орусияга көмөктөшө турганын белгиледи.

Эки өлкөнүн лидерлери арадан 20 жыл өтүп, мурдагы «кансыз согуш» кармашы эстен өчөйүн деп баратканда, эки мамлекет ортосундагы алака калктын жакшы турмушуна багытталышы керектигин, космос, илим жана техника, спорт боюнча да тыгыз кызматташтык болорун айтышты.

Ал эми саясий талдоочу Эндрю Качнес буларды айтты:

- Бул – акыркы 18 жыл аралыгындагы эң чоң жетишкендик. Орусия менен мамиленин жакшырышы - Обаманын администрациясынын тышкы саясатындагы ири жетишкендик. Кызматташуу жана бирин бири түшүнүүнүн дагы бир мисалы – Кыргызстандагы жагдайдын турукташышына карата болгон бир пикир.

Бирок айрым сынчылар Барак Обама Кремль менен кызматташууну көздөп, Орусиянын ичиндеги демократияга коошпогон тенденцияны ачык айтуудан качты дешет.

XS
SM
MD
LG