Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:30

Америкалык үч эне Тегеран абагында балдары менен жолугат


Шейн Баур (солдо) Сарра Шоуд менен. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз). Алар азыр Тегерандын Эвин түрмөсүнүн туткуну.
Шейн Баур (солдо) Сарра Шоуд менен. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз). Алар азыр Тегерандын Эвин түрмөсүнүн туткуну.

Иран бийликтери он айдан бери Тегеранда абакта отурган үч америкалыктын апаларына биринчи жолу балдарын көрүүгө мүмкүндүк берүүдө.

Үчөө былтыр жайында Ирактын түндүгүндөгү тоолуу аймакты кыдырып жүрүп, жаңылыш Иран тарапка өтүп кеткенде кармалган. Иран бийликтери аларды “АКШнын чалгындоо кызматы менен байланышы бар” деп айыптаган. Ата-энелери болсо эми гана университетти бүткөн уул-кыздарына коюлган күнөө негизсиз деп эсептешет.

Тоодо жүрүп, чек ара "бузган" америкалыктар

Тегерандын Эвин түрмөсүндөгү аялдар кармалчу секция.

27 жаштагы Сарра Шоуд менен Жош Фаттал жана 31 жаштагы Шейн Бауердин ата-энелеринин ырасташынча, үч жаш Калифорния университетин аяктаган соң Ирактын түндүгүндөгү күрттөр жашаган тоолу аймакты кыдырып келебиз деп кетишкен.

Иран бийликтери аларды 31-июлда мамлекеттик чек араны бузду жана “АКШнын чалгындоо кызматы менен байланышы бар” деп күнөөлөгөн. Бирок америкалык жарандардын иши алиге сотто карала элек.

Он айда үчөөнө бир ирет март айында ата-энелери менен бир мүнөттөн телефондон сүйлөшкөнгө уруксат берилди. Апрелде Швейцариянын элчисине акырыкы жети айда биринчи жолу Эвин түрмөсүнө барып, алар менен жолукканга уруксат берилди. Элчи абакка баргандан кийин, Шейн Бауер ашказан илдетине чалдыкканын, ал эми Сарра Шоуд гинекологиялык жактан дарыланууга муктаж экенин билдирген.

Саранын апасы Нора Шоуд айым алдыдагы сапары тууралуу Ройтерс агенттигине берген интервьюда:

-Бизге балдарыңар менен жолугасыңар деп ишендиришти. Буга, албетте, чоң кубанычтабыз. Максатыбыз балдарыбызды көрүү гана эмес. Биз Тегеранга барганда балдарыбыздын бошотууну да сурандык.

Эвин түрмөсүндө отурган үчүнчү америкалык Жош Фаттал.(Сүрөт качан тартылганы белгисиз).

Иранда 1979-жылы болгон ислам революциясынан бери Тегеран-Вашингтон ортосунда дипломатиялык алака жок. Ошон үчүн Шейн, Сарра жана Жоштун апаларынын Тегеранга баруусу өлкөдө АКШнын кызыкчылыгын коргогон Швейцариянын элчилиги аркылуу сүйлөшүлдү.


Энелер балдары "саясый оюндун чакмагы" болушун каалашпайт

Вашингтон башынан эле үч жаранын “шпиондук кылды” деген айыптоо негизсиз экенин билдирип, аларга токтоосуз эркиндик берүүнү талап кылып келет. 23-апрелде Ак Үй талапты кайталап, үчөөнүн жакындарына виза берүүнү сураган.

Шейн Бауердин апасы Синди Хикей айым “балдарыбыз саясый оюн үчүн колдонулбаш керек” деп санайт:

- Иран бийликтери бизге виза гуманитардык жүйөдөн улам берилгенин айтты. Бул иш саясатка аралаштырылбашы керек. Биздин пикирибиз ушундай.

Үч жаштын апалары “балдарынын башына түшкөн кара түн узакка созулганын” айтышып, тогуз айлык абак ар кандай жаңылыш кадамды актаганга “татыктуу жаза” болот деген үмүттө: “Бул дүйнөдөгү ар бир эне үчүн ашыкча азап. Биз анын жабырын тарттык”, -деп айтылат алардын Иранга жөнөр алдында жасаган билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG