Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Апрель, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 17:25

Тарых – улуттарды бөлүп-жарган саясий курал эмес


Өткөн чак учурга уңгулаш болуп турган кезде эч качан өткөн чак болуп калбайт. Ушундан улам Орусиянын президенти Дмитрий Медведев “тарыхый окуяларды жана фактыларды өлкөнүн эл аралык аброюна шек келтиргидей бурмалоодон коргоо боюнча” комиссия түздү. Мындай чечим Орусиянын өзүндө да, Батышын алдыңкы басма сөз каражаттарында да бир катар талкууларды жаратты. Ушул теманын айланасында Russia Today сыналгысынын саясий серепчиси Питер Лэвелл “Азаттык” үналгысына комментарий жазды.

Акыркы жылдары мурдагы Совет өлкөлөрүндө жана Батыш Европада Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында жана андан кийин болгон окуялар кайра жазылып, аларга башкача баа берилүүдө. Мисалы, айрым өлкөлөр Советтер Союзунун нацисттик Германияны жеңүүдөгү ролун танышууда. Балтика боюндагы айрым өлкөлөрдө жана Украинада согуш учурунда нацисттер менен кызматташкандарга бүгүн согуштун ардагерлери катары урмат көрсөтүшөт. Ошол эле учурда советтик мемориалдар жок кылынган окуялар да катталды. Мына ушундан улам Орусия бул көрүнүштөрдү кемсинтүү гана эмес, тарыхый өңүттөн алганда да кооптуу деген ой менен жогоруда аталган комиссия түзүүнү чечти.

Экинчи Дүйнөлүк согуш маалындагы окуялар ушул күнгө чейин кайра каралып, кызуу талаш-тартыштарды жаратып келет. Себеби согуш убагындагы окуялардын салттуу баяндамасы Кансыз согуштун продуктусуна айланып калган, деп улантат серебин Питер Лэвелл. Ушундан улам Батыш менен АКШ өздөрүн “демократия жана башка либералдык баалуулуктар үчүн дүйнөнү залимден куткардык” дешсе, советтик идеологдор “фашизмди Советтер Союзуна кирген өлкөлөр гана жок кылды” деп ырасташкан.

Кансыз согуш доорунда Батыш Советтер Союзунун Гитлерди жеңүүдөгү салымын азайтып айтып келген.

Ар бир өлкө жана ар бир коом жалпы тарыхка муктаж. Тарых – улуттарды байланыштырып, ар бир жамаатка маани берет. Советтер Союзунун жок болушу менен пайда болгон эгемен өлкөлөр өзүнүн жаңы улуттук тарыхын жандандырууга кам урушту. Балтика боюндагы өлкөлөр, Украина жана Батыш Европадагы айрым өлкөлөр “фашизмди Советтер Союзу жеңди” деген версия менен макул эмес.

Питер Лэвелл өз серебин мындай сөздөр менен улантат: “Бирок Балтика боюндагы өлкөлөр, Украина жана Батыш Европа фашизмди Советтер союзу жеңгенин тануу менен согуш майданында өз жанын курмандыкка чалгандардын эрдигин да танып жатат. Ал эми Батыш Европанын тургундары советтик үстөмдүктөн да пайда көрүшкөн”.

Кансыз согуш доорунда Экинчи Дүйнөлүк согуштагы окуяларды өз жоромолуна салып кайра иштеп чыгарууну – жагымсыз учурларды тоотпоо аракети катары бааласа болот. Өткөн чактын күнөөлөрүн кайраттуулук менен көтөрүүнүн ордуна азыркы Орусияны Советтер Союзунун каталары үчүн айыптоо жеңил. Себеби ушул жүйөнү колдонуу менен бул өлкөлөр өздөрүн Советтер Союзунун курмандыгы катары көрсөтүшүүдө. Бул – мактоого татыбай турган саясат, дейт Питер Лэвелл.

“Германияда Холокостту тануу – мыйзамга каршы келет. Согуш майданында өлгөн миллиондогон кишилерди унутуу – туура эмес. Орусия да Гитлердин режимине каршы күрөшкөн 27 миллион советтик атуул унутта калбасын дейт. Тарых улуттарды жана өлкөлөрдү бөлүп-жарган саясий курал катары колдонулбашы керек. Өткөн чакты тануу менен фашизмдин жаңы түрү пайда болушу ыктымал деген коркунуч бар”, деп серебин жыйынтыктайт Питер Лэвелл.

P.S. Бул комментарийде айтылган ой-пикирлер сөзсүз эле “Азаттык” үналгысынын көз-карашы менен дал келе бербеши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG