Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

Дүйнө жүзү: Жаша, Барс жылы!


Берлиндин айтылуу Бранденбург дарбазасы. Жыл тогошкондогу фейерверк. 2010-жылдын алгачкы мүнөттөрү.
Берлиндин айтылуу Бранденбург дарбазасы. Жыл тогошкондогу фейерверк. 2010-жылдын алгачкы мүнөттөрү.

Дүйнө жүзүнүн калктары жаңы, 2010-жылды тосуп алды. Жаңы, Барс жылынын ирегесинен аттаган улам жаңы шаарлар жана кыштактар майрамдык шааниге бөлөндү. Каалоо-тилектер айтылды, көпчүлүк учурда шампандар атылды, фейерверк оту асманды жаркытып турду. Жаңы Жылды эң акыркы болуп Тынч мухиттеги самоалыктар тосуп алды.

Жаңы Жыл Тынч океан аралдарынан башталат

Тынч океандагы Экваториалдык аралдар (Лайн Айлендс) Жаңы Жылды алгачкылардан болуп тосуп алышты.

Экваториалдык аралдардын убактысы Гринвич убактынан 14 саат алдыда (салыштыра кетсек, Бишкек убакты Гринвич убактынан 6 саат алдыда). Бул аралдардын көпчүлүгү микронезиялыктардын Кирибати (Kiribati) жумуриятына таандык.

Айтмакчы, Кирибати өлкөсү жыйырма биринчи кылымдын босогосун алгачкы болуп аттаган (албетте, мунун баары салыштырмалуу деңизчи, бирок бул өлкөнүн туристтерди чакырган маалыматнаамаларында ушул жагдай баса айтылат).

Австралиянын Сидней шаарында майрамдык фейерверк асман жаркытып, котолоп чогулгандарды маашырлантты. Бул шаардагы даңазалуу булуңдун жанына болжол менен миллиондон ашуун киши чогулду.

Жаңы Жылды алгачкылардан болуп тоскон ыраакы чыгыш элдеринин бири – жапондор болду.

Жапонияда кагылган коңгуроолор саат жебеси Жаңы Жылдын босогосун аттаганын салтанаттуу жар салды.

Жапондук синтоисттик ыбаадатканаларда диниятчылар “Охараи” деп аталган аруулануу – тазалануу жөрөлгөлөрүн жасашты.
Бул жөрөлгө Жаңы Жылга саналуу мүнөттөр калганда жасалат.

Токионун Мейдзи ыбаадатканасына чогулган бир нече жүздөгөн сыйынуучулардын арасында болгон Йасухито Оно аттуу 26 жашар дизайнер да арулануу жөрөлгөсүнө катышты.

- Менин угушума караганда, бул аруулануу жөрөлгөсү денемдеги бардык терс кубаттан тазаланышым үчүн шарт түзөт экен, - деди Оно.

Жаңы Жылды Индонезияда, Кытайда, Монголияда, Орусиянын Ыраакы Чыгышында, Сибирде да Кыргызстандан эртерээк тосуп алышты.

Кыргызстан да жаңы жылды шаттана тосуп алды

Өлкө башчысы Курманбек Бакиев Улуттук телерадио берүү корпорациясы (УТРК) аркылуу 31-декабрдан 1-январга караган түн ортосунда Кыргызстан элин жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

Кыргыз президенти 2009-жылы экономикалык жана каржы кризиси Кыргызстанды кыйгап өтпөгөнүн, бирок артта калган Уй жылы кыйынчылыктар менен эле коштолбостон, өлкөнү жаңылоого да үмүт жаратканын белгиледи:

- Кыргыз Республикасынын Президенти катары мага дагы бир жолу ишеним мандатын тактыңыздар. Жыл тогошкон маалда мен өлкөнү жаңылоо, турмуш деңгээлибизди жакшыртуу боюнча сиздердин үмүттү актоо үчүн колумдан келгендин баарын жасайм деп кыргызстандыктарды ишендирип кетем, - деди К.Бакиев.

Ошондой эле өлкө башчысы масштабдуу реформаларга киришүүнүн максаты экономикасы өнүккөн, коому ынтымак-ырашкерлүү, элинин рухий дүйнөсү бай, дени сак мамлекетти куруу болуп саналарын баса белгилеп, 2010-жылы Кыргыз бийлиги балдардын жаркын келечеги, ар бир үйбүлөнүн байгер жана бейпил турмушун камсыз кылуунун үстүндө талыбай иштей берээрин ал кошумчалады.

- 2010-жыл бардык багыттар боюнча реформаларды жайылтуунун жылы болот. Бийлик институттарын жаңылоо уланат. Дени сак жана билимдүү улутту калыптандыруунун, ири инвесторлорду тартуу жана региондорду өнүктүрүүнүн комплекстүү программалары кеңири жайылтылат.Биздин өлкө туруктуу өнүгүп, нукура көз карандысыздыкка ээ болуп, тынчтыкта жана ынтымакта жашоого тийиш, - деди Кыргызстан президенти Бакиев.


Видео тасма. Бишкектин чордонундагы балаты.


Жаңы жылдык маанай
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:39 0:00



Жаңы жылдын (Барс жылынын) алдында Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында бийиктиги 20 метрден ашкан татынакай балаты орнотулду. 2009-жылдын декабры (бештин айы). MiT.



Ала-Тоодон батыштагы калктар да Жаңы Жылдын астанасынан аттады

Орусия өкмөт башчысы, мурдагы президент Владимир Путин өз мекендештерин Жаңы жылы менен куттуктап, шампан ачып, фейерверк атып, майрамдап чардоо менен чектелбөөгө жана кыйынчылыктарды жеңе билүүгө чакырды. Президент Дмитрий Медведев да орусиялыктарга каржы кризисине моюн сунбай мээнеттенгени үчүн алкыш сөз айтты.

Украин президенти Виктор Ющенко болсо акыры өз өлкөсү Европа Биримдигине жана НАТОго мүчө болот деген жаңы жылдык тилеги менен бөлүштү.


Жаңы жылда террорго каршы күрөш – күн тартибинде

Герман канцлери Ангела Меркел айым болсо Ооганстандагы коопсуздукту, туруктуулукту калыбына келтирүү аркылуу өз өлкөсүнүн коопсуз жашоосуна жетишиле турганын эскертти.

Ушул тапта Ооганстандагы эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн катарында 4500 немис аскери кызмат кылат.


Британ өкмөт башчысы Гордон Браун болсо он жылдыктын башында, 2001-жылдын 11-сентябрында, каргашалуу террордук чабуул жүзөгө ашырылганын эске салды. Анын оюнча, 2009-жылдын декабрында Детройтко карай багыт алган жүргүнчү учагын жардыруу аракети майнапсыз аяктады, бирок бул окуя да эл аралык террорчулукка каршы күрөштү көз жаздымдан кетирбөө керектигин дагы бир ирет көңүлгө салды.

Браун мырза “ал-Кайида” уюму жана талиптер кыймылы эл аралык террорчулуктун чордонунда турганын баса белгиледи,


Аянттагы концерттер жана оюн-зооктор

Маскөөдө Кызыл аянтта, Прагада Вацлав аянтында, Парижде Эйфел мунарасынын жанында, Ню-Йоркто Таймс аянтында он миңдеген, ал түгүл жүз миңдеген кишилер чогулуп, Барс жылынын келишин салтанаттуу белгилешти.


Грузин президенти Михаил Саакашвили Санта Клаустун кийимин кийген жеткинчектер менен муз үстүндөгү Жаңы Жыл оюн-шоогуна катышты. Зугдиди шаары. 2009-жылдын 31-декабры.


Ыстамбулдун Таксым аянтына чогулган калайыктын коопсуздугун сактоо үчүн 2 миңдей полициячы нөөмөттө болду. Шаар акими Муаммер Гүлер (Muammer Güler) айрым полициячылар Аяз Атанын (Санта Клаустун) чепкенин кийип жүрүшкөнүн кабарчыларга айтты.


Жаңы Жылды эң акырында тоскон эл – самоалыктар.


Ал эми Гавайи аралдарынын (Hawaiian Islands; бул архипелагдын басымдуу бөлүгү АКШнын 50-штатынын курамына кирет) калкы болсо Жаңы Жылды эң акырында тосуп алган америкалыктар экенин айтып сыймыктанат.

Анын жергиликтүү убакыты Гринвич убакытынан 10 саат артта турат.

Бирок алардан да батышта – Көзкарандысыз Самоа Мамлекети (Malo Sa’oloto Tuto’atasi o Samoa) жайгашкан, анын убакыты Гринвичтен 11 саат артта турат.

Тактык үчүн кошумчалай кетсек, Гринвичтен 12 саат артта турган Бэйкер, Хаулэнд аралдары бар, бирок АКШнын бул аралдарына анда-санда балыкчылар менен экологдор барып турганын эске албаганда, бул аймакта эч ким туруктуу байырлабайт.
XS
SM
MD
LG