Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:54

Адистер чилилик 33 кенчинин куткарыларына ишенишет


700 метр тереңде камоодо жаткан жумушчулардын сүрөттөрү.
700 метр тереңде камоодо жаткан жумушчулардын сүрөттөрү.

Чилилик адис-инженерлер 25-августтан бери камоодо жаткан жумушчуларды куткаруу иштерине баштаганы жатышат.

33 кенчи алтын-күмүш кени кулап, 700 метр тереңде жаткан кенчилер тирүү экени өткөн жумада белгилүү болгон. Алар жиберген тасма көпчүлүгүнүн маанайы жайдары экенин көрсөткөн. Бирок дарыгерлер тасмага түшүүдөн баш тарткан бир нече кенчи депрессияда деген бүтүм чыгарышты.

Сан Хосе кенинде камоодо жаткан жумушчуларды куткаруу үчүн туннелди казуу жекшемби же дүйшөмбү күнү башталат. Бийликтердин айтышынча, 700 метр тереңге жетүү үчүн кеминде 4 ай керек болот.

26-августта Чили улуттук телеканалы кенчилер жиберген тасманы көрсөттү. Кенчилердин бири алар отурган жайды кыдырып көрсөттү. 33 адамдын кээлери уктап жатса, башка бирөөлөрү домино ойноп, же таат кылып жатышкан экен. Алар улуттук гимнди ырдашып, “Чили жашасын, кенчилер жашасын!” деп ураан да чакырышты. Бирок беш кенчи видеотасмадан көрүнгөн жок.

Чилинин саламаттыкты сактоо министри Хайме Маналич 27-августта Копиапо шаарына жакын жерде кенчилердин жакындары менен кездешүүдө беш кенчи депрессияда экенин айтты:

- Алар баарынан бөлүнүп, видетасмага түшүүнү каалашкан эмес. Алар тамакты жакшы жешпей жатышат. Биз ошол кенчилерге түз кайрылганы жатабыз. Аларды депрессияда деп айтар элем.

Министрдин айтымында, алар кендин ичинде чукул кырдаал учуру үчүн калтырылган балык, сүт жана башка азыктар менен тамактанышууда. Анткен менен, жумушчулардын арыктап кеткендери да бар.

27-августта өлкө президенти Себастьян Пинера өкмөт кенчилерди куткаруу үчүн бар аракетин жасарын билдирди:

- Мен өкмөттүн атынан саламаттык сактоо министри Хайме Маналичти “Ыйык Леонард операциясына” жетекчи кылып дайындадым. Ыйык Леонард – кенчилердин олуясы. Милдет аларды жердин койнунан алып чыкканга чейин физикалык жана психологиялык жактан аман-эсен сактоо. Алар суу, кычкылтек, дары-дармек жана башка зарыл заттар менен камсыз болот.

Бийлик келерки аптада кенчилер менен телефон байланышы орнотулат деп да убада кылды. Тамекиге куштар кенчилерге никотини бар сагыз жөнөтүлөт. Алардын рухун бийик кармоо үчүн үй-бүлөлөрүнөн кат, ошондой эле кино көргөнгө видеомагнитофон жөнөтүлмөкчү.

Чили өкмөтүнүн кайрылуусуна жараша эмки жумада АКШлык астронавттарды космосто дарылаган НАСА агенттигинин адистери да келет. Агенттиктин медицина кызматынын орун басар башчысы, доктор Майкл Дункан кенчилерди куткаруу ишин Чили өкмөтү жакшы уюштуруп жатканына көңүл бурду:

- Чилиликтер ишти мыкты уюштурушууда. Аларда тийиштүү ресурстары көп. Кенчилер үчүн көп жакшы иштерди жасашты. Кенчилердин жасаган иштери да алар тирүү каларын, узак убак жашоого жөндөмдүү экенин айкын көрсөттү. Биз, чилиликтер сурагандай, кенчилерди тамактандыруу жана ден соолугун сактоо боюнча өз кеңештерибизди беребиз.

Камоодо отурган 28 кенчинин туугандары Сан Хосе алтын-жез кенинин ээлерин жумушчулардын коопсуздугун жакшы камсыздабады дешип, сотко беришти. Жергиликтүү сот кенчилердин үй-бүлөлөрүнө компенсация ирети төлөө үчүн ишкананын 2 миллион долларга жакын акчасын камоого алды.

XS
SM
MD
LG