Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

НАТО саммити: талкууланчу маселе көп


Португалия борбору Лиссабондо бүгүн НАТОнун эки күндүк саммити ачылууда. Ракетадан коргонуу, Ооганстан, НАТОнун жаңы стратегиялык концепциясы жана Орусия менен алака саммиттин башкы темаларынан болору күтүлүүдө.

НАТОнун жетекчилиги бүгүн башталып жаткан саммитти альянстын 61 жылдык тарыхындагы эң олуттуу жыйын катары мүнөздөшүүдө. Уюмдун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен апта башында кабарчылар менен болгон маегинде бул саммитке мындайча мүнөздөмө берген эле:

- Жалпысынан жаңы стратегиялык концепция, Ооганстанда жаңы баскычтын, Орусия менен жаңы мамиленин башталышы өңдүү конкреттүү жыйынтыктарга негизденсек, Лиссабон саммити маңыздуу болот. Ал биздин альянстын келечегин аныктайт. Ал НАТО тарыхта эң мыкты альянс болгудай негиздерди бекитет.
Андерс Фог Расмуссен

Басма сөздө чыккан маалыматтарга караганда, уюмга мүчө 28 өлкө баллистикалык ракетадан коргонууну караган жаңы система боюнча макуладашууга жетүүгө жакындап калды. Бул жаңы система АКШ президенти Барак Обама Орусиянын каршылыгынан жана техникалык жарамдуулугу суроо жаратканына байланыштуу токтотуп койгон мурдагы вариантты алмаштырат.

Эми альянс бул жаңыланган системага Орусияны да катышууга ынандырууга аракет кылууда. Орусия менен мамилесин кайра жандырууга умтулуп жаткан АКШ да Германия менен Франция сыяктуу эле Москва менен тыгыз мамилени жактайт.

НАТО-Орусия кеңешинин президенттер Барак Обама жана Дмитрий Медведев алгач ирет катышуучу олтуруму эртеңкиге белгиленген. Анда ракетадан коргонуудан тышкары өзөктүк куралды жайылтпоо, терроризмге каршы күрөш, наркозаттарга каршы саясаты, кибернетикалык коопсуздук өңдүү маселелер талкууланат. Жыйындын соңунан Орусия менен НАТО туш келип турган жалпы коркунучтар жана аларга каршы туруунун стратегиясы жазылган документ кабыл алынары күтүлүүдө.

Адегенде кызыкчылыктар

НАТО жана Москва Ооганстанга аскерий эмес жүктү, Орусиянын аймагы аркылуу ташууну караган жаңы келишимге да кол коюшат. АКШнын НАТОдогу элчиси Иво Далдер бүгүнкү саммит тууралуу мындай дейт:

НАТОго мүчө өлкөлөрдүн туулары.
- Бул Орусия жана НАТО өлкөлөрү мамилесин кайра жандырууну аягына чыгаруунун мүмкүнчүлүгү. Биз Орусия менен эки тараптуу мамилебизди кайра жандандырдык. Орусия менен НАТОнун башка көп өлкөлөрүнүн мамилеси да соңку жылдары бир топ оңолду. Бирок НАТО-Орусия кеңешинин алкагындагы мамиле басаңдап калган. Биз муну өз ара мамиледеги жаңы баскычка көчүүнүн мүмкүнчүлүгү катары карайбыз.

Анткен менен НАТОнун Орусиянын совет доорундагы үстөмдүгү эсинен кете элек Польша жана Балтика боюндагы мүчөлөрү мамиле кайра жанданарына анчалык ишенбей турушат.

Поляк президенти Бронислав Коморовски кечээ жергиликтүү басма сөздө жарыяланган макаласында ал Орусия менен конструктивдүү кызматташтыкты өрчүтүүнү колдоруна токтолуп, бирок Орусия менен алака Чыгыш Европадагы башка өлкөлөрдүн коопсуздук кызыкчылыктарынын эсебинен өнүктүрүлбөшү керектигине токтолгон.

НАТОнун Польша сындуу жаңы мүчөлөрү уюмдун жаңы стратегиялык концепциясында альянстын чыгыштагы чек арасын чыңдоо маселеси каралуусун көздөшүүдө. Алардын пикиринде, бул маселеге Кансыз согуш доору аяктагандан бери эле жетиштүү көңүл бурулган эмес. НАТОнун болочок максаттары жана стратегиясы жазылган концепция Лиссабон саммитинде аягына чыгарылмакчы.

Ооганстан көңүл сыртында калбайт

НАТО бул саммитинде Ооганстанда коопсуздук үчүн жоопкерчилик өлкөнүн өзү күчтөрүнө өткөрүлүп берилүүчү мөөнөт катары 2014-жылды белгилери күтүлүүдө. Ооганстан боюнча жыйын жума күнү кечинде башталып, ишембиде эртең менен улантылат. Ага НАТОго мүчө 28 өлкө эле эмес, Ооганстан боюнча коалицияга кирген 48 мамлекеттин баары катышмакчы.

Соңку күндөрү НАТОдон “Талибандын” лидерлерине каршы түнкү жортуулдарды кыскартууну талап кылып, чуу салган ооган президенти Хамид Карзай өз кайрылуусун эртең жасайт.

АКШ президенти Барак Обаманын Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын жардамчысы Дуг Луттун айтымында, НАТО коопсуздук боюнча жоопкерчиликти өткөрүп берген күндө деле оогандарга жардам көрсөтүүнү уланта берет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG