Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

Абхаз оппозициясы президентти кетирди


Оппозициянын жактоочулары Сухумидеги демонстрацияда. 29-май, 2014-жыл.
Оппозициянын жактоочулары Сухумидеги демонстрацияда. 29-май, 2014-жыл.

Абхазиянын президенти Александр Анкваб 1-июнда президенттиктен кетти. Анкваб мындай кадамга Абхазияда тынчтыкты сактоо максатында барганын билдирди жана мекендештерин сабырдуу болуп, протесттерге чыкпоого үндөдү.

27-майда демонстранттар президенттин кеңсесин басып алып, өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылган. Абхазия парламенти 31-майда Анкваб президент катары милдетин аткара албаганын билдирип, 24-августта жалпы элдик шайлоо болорун жарыя кылды.

Александр Анкваб 27-майда Сухумидеги президенттин кеңсесин таштап кеткенден бери Орусиянын Гудаутидеги аскердик базасында баш калкалоодо. Ал 2011-жылы президент болуп шайланган. Шайлоо Абхазияны 2005-жылдан тарта башкарган Сергей Багапш көз жумгандан кийин өткөрүлгөн.

Эми Абхазиянын президентинин милдетин парламент төрагасы Валерий Бганба аткарууда. Ал 1-июнда президенттик шайлоо жөнүндө жарыялап жатып, 24-августта шайлоону өткөрүү чечими бардык саясий күчтөр менен макулдашып кабыл алынды деди: "Биз буга баруудан мурда бардык коомдук-саясий партиялар, ошондой эле бийликтеги партиялар менен сүйлөштүк”.

Александр Анквабды бийликтен алып түшкөн оппозициянынын башында мурдагы вице-президент Раул Хаджимба турду. Ал Орусиянын ФСБсынын тарбиялануучусу. Москва 2005-жылкы президенттик шайлоодо Хаджимбаны колдогон. Оппозиция 26-майда билдиришинче, алар коррупцияга, жумушсуздукка, Москва берген жардамдын үзүрсүз пайдаланганына, тартип сактоо органдарынын баркы жоктугуна жана жетекчиликте өлкөнү өнүктүрүүнүн айкын планы жок экенине нааразы.

“Коммерсант” гезитинин жазышынча, Сухумидеги бийлик алмашуунун натыйжасында Абхазия-Орусия ортосундагы интеграция дагы тереңдеши мүмкүн. Анткени, 29-майда Оппозициянын координациялык кеңеши Абхазия Орусия менен “стратегиялык өнөктүктү жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн” кызматташуунун жаңы келишимин түзүүгө чакырган.

Абхазиядагы каршылашкан тараптарды элдештирүү үчүн Орусия президентинин жардамчысы Владислав Сурков Сухумиде эки күн болду. Байкоочулар Абхазиядагы саясий кризиске көп деле таң калышпады. Себеби, аймак 2008-жылкы Орусия-Грузия ортосундагы кыска мөөнөттүк согуштан кийин Түштүк Осетия менен чогуу өзүн Грузиядан төбөлсүз деп жарыялаган. Андан бери Абхазияны Орусия, Никарагуа, Венесуэла жана Науру гана тааныды. Абхазия күнкорсуз болгону менен бюджетинин үчтөн экиси Орусия берген акчанын эсебинен каржыланат. Түштүк Осетиянын бюджетинин 90 пайыздан көбүн Москва берет.

Орусия 2009-2013-жылдары Абхазияга 11 млрд. рубль (300 млн. доллар) жардам берди, 2013-14-жылдары дагы 3 млрд. (85 млн. доллар) инвестиция саларын 22-майда премьер-министр Леонид Лакерба билдирген.

Абхазия тышкы инвестиция үчүн жабык: чет элдик менчикке уруксат жок.

Грузия менен согуш 1992-жылы токтогону менен алиге талаштуу аймактардын башы ачыла элек. Александр Анквабды бийликтен алып түшкөн төңкөрүшкө акыркы айларда аймактын чыгыш райондорунда жашаган грузиндерге Абхазиянын паспортун берүү жөн гана түрткү берди. Абхаз паспортун алган көпчүлүк мегрелдер Грузия жарандыгын сактап калышкан. 2011-жылкы эл каттоо боюнча аймакта 241 миң адам жашаса, алардын 51 пайызын абхаздар, 19 пайызын грузиндер түзгөн. Ошондуктан, “Ведомости” гезити жазгандай, алар Грузиянын “бешинчи колониясы” болот деген кооптонуу күчтүү.

2013-жылы Чехиянын Medium Orient маалымат агенттиги өткөргөн сурамжылоо боюнча, элдин 39 пайызы Абхазиянын эгемендүү өлкө бойдон калышын кааласа, 28 пайызы Орусиянын курамына кирүүнү жактаган. 2006-жылы Орусияга кошулууну сурамжылангандардын 68 пайызы каалаган.

XS
SM
MD
LG