Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:59

Сирияда жүздөн ашуун адам өлтүрүлдү


21-февралда өкмөттүк аскерлердин колунан өлгөндөрдүн кыркы Хомсто ажал тапкан. Аскерлер азыр Түркия менен чектеш жердеги Идлиб аймагынын айыл-кыштактарын аралап, адамдарды атып жатышканы кабарланууда.

Азырынча өлгөндөр тууралуу маалымат чын же жалган экенин тактоо мүмкүн болбой жатат. Соңку зомбулук тууралуу “Кызыл чырым” уюму күн сайын бир убакытты белгилеп, ошол учурда адамдарга медициналык жардам көрсөтүш үчүн атышууларды токтото туруу боюнча сүйлөшүүгө аракет кылып жаткан чакта кабарланды.

Кыргынды токтотууга аракет

“Кызыл Чырым” эл аралык комитетинин президенти Якоб Келленбергер уюмдун волонтерлору жардамды жеткирип, жаракат алгандарды чыгарып кетиши үчүн күнүнө эки саат атышпай туруш зарыл экенин айтып жатат.

Бул гуманитардык уюмдун маалымат катчысы Карла Хаддад Мардини шаршембиде “Рейтер” маалымат агенттигине сүйлөп жатып, азыр алар гумжардамды жеткирүүнүн “бир топ жолдорун” талкуулап жатышканын кабарлады.

"Азыр эки тараптуу жабык сүйлөшүүлөр өтүп жатат, - деди Мардини. - Окуя кандай өнүккөнүнө жараша дагы көрөбүз, бирок башкы максатыбыз – азыр эң көп жапа чеккен жерлерге тезирээк кириш".

Бириккен улуттар уюмунда башкы катчы Пан Ги Мун азыр Сириядагы гуманитардык жагдай боюнча өзүнүн координаторун дайындаганы турганын билдирди.

"Дипломатиялык" басым

Батыштагы бир топ мамлекеттер менен арап өлкөлөрү бул жумурияттагы абалды талкуулаш үчүн жума күнү Тунисте чогулушат.

Азыр Сириядагы абалга сырттан кийлигишүүгө каршы болуп жаткан башкы оппонент – Орусия – бул жыйынга өзүнүн өкүлүн жибербей турган болду.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Александр Лукашевич: "Орусия дүйнөлүк коомчулук Сириянын кайсыл бир бөлүгүнүн гана эмес, жалпы элинин досу катары аракет көрүшүн каалай", - деди Лукашевич.

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон болсо жума күнү Тунисте өтчү жолугушуу расмий Дамаск азыр канчалык деңгээлде обочодо калганын көрсөтөөрүн жана “Сирия элине жардам сунуш кылынаарын” айтты.

"Сириянын режимине көрсөтүлчү кысым улам күчөтүлө берет. Андыктан биз да андан көбүрөөк өзгөрүүлөрдү талап кылганга мүмкүнчүлүк алабыз. Биз Асаддын режимин колдоп жаткан мамлекеттер позициясын өзгөртүшү үчүн аларга таасир этүүнүн дипломатиялык жолдорун уланта беребиз", - деди Клинтон.

Батыштык эки журналист өлдү

Ал арада, Сириянын ушу күндөрү кан төгүүлөр тынбай жаткан Хомс шаарында батыштык эки журналист курман болгону ырасталды.

Мари Колвин менен Реми Ошлик
Мари Колвин менен Реми Ошлик
Британиянын Sunday Times гезитинин кабарчысы Мэри Колвин менен франциялык фотожурналист Реми Ошлик маалымат борборуна урулган ракетадан шаршембиде эрте менен набыт болушканын “Чек арасыз кабарчылар” уюму тастыктады.

Уюмдун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча жетекчиси Соазиг Доллет дагы үч, же төрт журналист жаракат алган болушу мүмкүн экенин билдирди.

"Алар отурган имаратка ракета чабуулу атайы жасалганбы же кокустукпу – билбейбиз, азыр аны иликтеп жатабыз", - деди Доллет.

Айрым башка маалымат булактары билдиришкендей, шаршембиде Хомс шаарында сириялык блогер Рами ал-Сайед да өлгөн. Ал шаардагы окуяларды видеого тартып, түрдүү социалдык түйүндөр аркылуу көрсөтүп турган.

Бириккен улуттар уюмунун эсебине караганда, Сирияда дээрлик бир жылдан бери уланып жаткан кызыл кыргында кеминде 5 миң адам өлдү.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG