Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Ооган президенти АКШга шарт койду


Хамид Карзай
Хамид Карзай

Ооганстандын президенти Хамид Карзай анын өлкөсү АКШ менен аскерий кызматташуу боюнча жаңы келишимге жетишүүгө ашыкпай турганын, алгач Вашингтон коюлган талаптарды аткарышы керектигин айтты.

Президент Карзай анын өкмөтү Кошмо Штаттары менен коопсуздук келишимине тезирээк жетишүүгө ашыкпай турганын бүгүн Вашингтондо билдирди.

"Америкалыктар коопсуздук пактысына ушул жылдын мартында же апрелинде кол койолу дешкен. Азыр эми алар октябрда аны кабыл алалы деп жатышат. Биз аны жакшылап ойлонуп туруп, анан кабыл алалы дейбиз, алар шаштырып жатышат, - дейт ал. - Айырма ушунда – алар тез арада жетишкенге аракет кылышууда, биз шашылган жерибиз жок".

Ооган лидери Кабул менен коопсуздук боюнча келишимге жетишиш үчүн Вашингтон “негизги төрт талапты” аткарышы керек деди. Талаптар НАТОнун жетекчилигиндеги чет өлкөлүк аскерлер келерки жылы Ооганстандан чыгарылгандан кийин алардын макамын аныктоого байланыштуу маселелер.

Карзай аларга кеңири токтолуп, сөз Ооганстанда коопсуздукту камсыздоо, ооган коопсуздук күчтөрүн колдоо, жумурияттын экономикасына жардам берүү жана өлкөнүн улуттук биримдүүлүгүн урматтоо жөнүндө болуп жатканын белгиледи.

"Эгер америкалыктар бизге октябрга чейин кепилдик бербей биз ал келишимге жетише албай калсак, алар кийинки ооган өкмөтүн күтүшсө болот. Мага муну сөзсүз азыр кабыл алыш зарыл эмес. Алдыда шайлоо болот, жаңы президент келет. Ошондо аны менен кол кое беришет", - деди ооган президенти.

Эки өлкө коопсуздук боюнча келишимди былтыр октябрдан бери кабыл ала албай келатышат. Вашингтон келерки жылы өлкөдөн эл аралык аскерлерди чыгарууну пландаганга баарын алдын ала камдаш үчүн бул келишимди тезирээк ишке киргизүүнү каалайт.

Ооганстанды 13 жыл башкарган Хамид Карзай келерки жылы жазында бийликтен кетиши керек.

Ал арада Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комиссары Нави Пиллай Ооганстанда адам укуктарынын абалы барган сайын начарлап баратканына кабатырлануусун билдирди.

Бул өлкөгө эки күндүк сапары учурунда бүгүн Пиллай ооган жарандык коомунун өкүлдөрү менен сүйлөшкөнүн, алар ооган жеринде акыркы 12 жылда жетишилген ийгиликтер коркунучта турганын айтышканын билдирди.

Пиллай өзгөчө аялдардын укугу орой бузулган учурлар жөнүндө кеңири маалымат ала алганын кошумчалады.

"Аялдарга каршы зомбулук дале кеңири жайылган. Мен тийиштүү органдарга кайрылып, аларды мүмкүн болушунча Аялдарга каршы зомбулукту жоюу жөнүндөгү мыйзамдын аткарылышына өзгөчө көңүл бурууга үндөдүм", - деди Пиллай.

Ооганстанда аялдарга коркунуч тууралуу маселе өзгөчө дүйшөмбү күнү аял-полициячы өлтүрүлгөндөн кийин кайрадан көтөрүлө баштаган.

Пиллай адам укуктары келерки жылы эл аралык аскер күчтөрүн өлкөдөн чыгарып жаткан мамлекеттин саясатында “ыңгайлуу, жагымдуу шарт үчүн курмандыкка чалынбашы керек” деди.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG