Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Ооганстан: менчик телеканал тандоонун алдында


Кабулдук журналист
Кабулдук журналист

Индиялык же боборазиялык обон, бийлер, сериалдар аморалдык жана исламга каршы келеби? Дал ушундай айыпты оогандык прокурорлор Кабулда жайгашкан менчик телеканалга тагып жатышат. Канал сөз болгон аймактын программаларын сунуш кылат.

“Эмруз” же “Бүгүн” деп аталган каналдын жетекчилери мыйзам бузбаганын айтышууда. Айрым жергиликтүү адамдар болсо ооган коому кеңири эркиндикке даяр эмес деп эсептешет.

“Эмруз” негизинен жаштар үчүн багытталган көңүл ачар программалары менен таанылган. Прокуратура болсо канал ооган коомунун салттуу ислам баалуулуктарына көлөккө түшүрүүдө деп күнөөлөп, лицензиясын тартып алабыз деп эскертүүдө. Сынчылар өзгөчө индиялык жана тажик ыр, бийлерин аткарган кыздардын кийим-кечесине нааразылыгын айтышууда.

10-мартта телеканалдын жетекчилери прокуратурага суракка чакырылышты. Редактор Фахим Кохдамани ага чейин Маалымат жана маданият министрлиги тарабынан эскертүү алганын айтат:

-“Эмруз” музыкалык программаларды цензурадан өткөрбөгөн Ооганстандагы жападан жалгыз канал. Биз тажик, иран, ооган, индия кээде араб жана европалык музыкалык клиптерди, эркектер менен аялдардын аткаруусундагы ыр, бийлерди тартуулайбыз. Маданият министрлиги менен дайыма проблема болуп келген.

Канал жетекчилери бир катар өлкөлөрдөгү журналисттер туш болгон тандоонун алдында турушат. Алар маалымат каражаттарынын эркиндиги менен коомдо орногон стандарттар ортосунда тандоо жасашы керек. Кохдамани менчик каналга кысым көргөзүп жатат деп министрликти айыптады.

Маданият министрлигинин расмий өкүлдөрү болсо сөз эркиндигинин да чеги болот деп эсептешет. Мекеме жергиликтүү маалымат каражаттары ошол чектен чыкпасын деп атайын коммиссия түзгөн. Анын мүчөсү Абдул Шукур Дадрас “Эмруз” ооган коомунун стандарттарын бузууда дейт:

- Кабар агенттиктери, менчик же мамлекеттик телеканалдар болобу, музыка, көңүл ачар программаларды, агартуу берүүлөрүн обого чыгарууда эч кандай тоскоолдуктарга туш болушпайт. Мыйзам ага тыюу салбайт. Бирок алар мыйзамдын чегинде иш алып барууга тийиш. Башкача айтканда, каналдар Ооганстандын мусулман калкы кабыл албай турган нерселерди көргөзбөөгө тийиш. Маселен, денелерин араң жапкан кийим кече кийген адамдар исламдын жана салттык баалуулуктарга төп келбейт. Биз аларга андай кадрларды бербөөнү эскерткенбиз.

Дадрастын ырастоосунда, биринчи болуп Кабул шаарынын тургундары каналдын антиморалдык программаларына даттанып министрликке кайрылышкан.

Буга чейин коммиссия өлкө аймагынын чар тарабында бекер тартууланган бир нече менчик станцияны бутага алган. Былтыр бир катар телеканалдар индиялык сериалдарды көргөзгөндүгү үчүн Маданият министрлиги, Диний кеңеш, консервативдүү депутаттардын сынына кабылган. “Толо” деген каналдын жетекчилиги оогандык аялдар менен эркектердин чогу бийлеп жатканын көргөзгөндүгү үчүн элден кечирим суроого мажбур болгон.

Ал эми катардагы көрүүчүлөр арасында андай берүүлөрдү колдогондор да, каршы болгондор да бар. Кээ бирлер Ооганстан өтө диний мамлекет болгондуктан, “Эмруз” аша чаап жатат деп эсептешет.

Ооганстандын маалымат каражаттары боюнча адис Зубари Шафики канал элдин нааразылыгын жаратпоо үчүн абдан этият болушу керек эле деген пикирин айтат:

- Журналисттер тең салмактуулукту жана калыстыкты карманышы керек. Алар жеңил желпи берүүлөрдү, музыканы тартуулашы мүмкүн. Бирок программалар коомдо калыптанган стандарттарга ылайык даярдалууга тийиш. Андай болбосо терс коомдук пикир пайда болот, эл өкмөткө, эларалык коомчулукка каршы козголот.

Сынга карабай музыкалык клиптер, сериалдар, фильмдер Кабулдун жашоочулары, өзгөчө жаш муун арасында өтө популярдуу. Былтыр “Толо” деген канал “Ооган жылдызы” деген шоу уюштуруп, айрым маалыматтарга ылайык, конкурсту 10 миллиондон ашык адам көргөн.

“Эмруз” каналы болсо сотко, лицензиясынан айрылуу коркунучуна карабай улуттук мода мелдешин уюштурганы жатат. 4 айга созулчу конкурска 2 миңдей киши катышмакчы. Ал азыр эле талаш тартыш жаратууда. Бирок телеканалдын жетекчилери мындан ары да коомдогу эскичил көз караштарды бузуп, сезимтал маселелерди козгоо ниетинен баш тартпай турганын айтууда.

XS
SM
MD
LG