Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:51

НАТО карапайым оогандардын өлүмүнө өкүндү


Жекшембиде Ооганстандын Дай Кунди чөлкөмүндө НАТОнун аба соккусунан, айрым кабарларга ылайык, 30 чакты жайкын жашоочу каза тапты. Түндүк альянстын командачылыгы бул кокустук үчүн кечирим сурады. Ооган президенти Хамид Карзай эл аралык күчтөрдү карапайым адамдар арасындагы жоготууларды алдын алууга үндөп келатат.

Ооган өкмөтүнүн маалыматына караганда, жекшембиде Дай Кунди чөлкөмүндө НАТОнун соккусунан 27 карапайым киши набыт кетти.
Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Змарай Башаринин айтымында, аскерлер адашып, 3 чакан автобус менен бараткан адамдарга сокку урушкан.

- Бейпилдик күчтөрүнөн алынган маалыматка ылайык, эларалык контингент сокку урулган жерге жакын райондо операция жүргүзүп жаткан. Алар колонна талиптердин кошумча күчтөрү деп ойлоп, чабуул коюшкан. Азырынча окуянын чоо-жайы жөнүндө маалымат берүү эрте.

НАТОнун билдирүүсүндө Бейпилдик күчтөрү менен ооган армиясы сокку болгон жерде жарадар адамдарды, анын ичинде балдар менен аялдарды табышканы айтылат.

Кабул өкмөтү Түндүк альянсты операцияларын ооган армиясы менен жакшылап координациялап, бейкүнөө адамдардын өлүмүн болтурбоого чакырды. Жайкын тургундар арасындагы жоготуулар терроризмге каршы эффективдүү стратегияга жолтоо болууда, - деп белгиленет өкмөттүн билдирүүсүндө.

Жарадар болгон адамдар кырсыкты иликтөө үчүн түзүлүп жаткан комиссиянын суроолоруна жооп беришмекчи.

НАТОнун кол башчысы генерал Стэнли МакКристал кайгылуу окуяга байланыштуу президент Хамид Карзайга өкүнүчүн билдирип, карапайым жашоочулар арасындагы чыгымдарды алдын алуу үчүн аракет көрүлөт деп ишендири.

Окуя НАТО жана ооган аскерлери талип согушкерлеринин таянычы болгон Хелмандда антитеррордук операция жүргүзүп жаткан кезде орун алды.

Ооган армиясынын өкүлдөрү жана чет өлкөлүк маалымат каражаттары талиптер жергиликтүү тургундарды калканч катары колдонуп жатышат деп ырасташууда. Ишембиде президент Карзай катардагы адамдардын жок жерден өлүп жатышын алдын алуу үчүн жетиштүү аракет көрбөй жатат деп НАТОну сындаган.

Ай башында Маржах шаарында НАТОнун учагы талип снайпери жашырынган турак жайга сокку уруп, бейкүнөө 12 киши набыт кеткен.

Ооган парламентинде сүйлөгөн сөзүндө Карзай согушкерлер карапайым адамдарды барымтага алган кезде да, НАТО жана ооган армиясы бейкүнөө оогандар арасындагы жоготууларга жеткирбөөгө тийиш деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG