Линктер

бейшемби, 19-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 18:58

Кыз белгиси үчүн соттолгон кыз-келиндер


Оогандык аялдар.

Ооганстанда «моралдык кылмыш» же кыздык белгиси жок деген айып менен эркинен ажыратуу токтой элек. Чейрек кылымдай согуш баскан өлкөдө кыздардын кыздык белгисин текшерүү кадыресе көрүнүшкө айланган.

АКШдагы үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча «Marie Stopes» эл аралык уюмунун өкүлү Фархад Жавид Ооганстандагы аялдар түрмөлөрүндө отургандар тууралуу баяндайт. Американын Улуттук коомдук радиосуна курган маегинде Жавид Ооганстандын биринчи айымы менен бирге аялдар абактарын кыдырганын жана жазага тартылгандар арасында кыздыгы жоктугу үчүн соттолгондор көп экенине токтолду:

«Быйыл жазында 190 аял эркиндикке чыгыптыр. Бирок ошол эле маалда соттолгон аялдар да аз эмес. Алардын арасында «моралдык кылмыш» же кыздыгы жоктугу үчүн бир жарым жылдан бери жазасын өтөп жаткандар бар экен. Алар оор шарттарда жазасын өтөп жатышат».

Ооган коомунда турмушка чыга элек кыздардын кыздык белгисин текшерүү кадыресе көрүнүшкө айланган. Текшерүүдөн өтпөй койгон же жыйынтыгы терс чыккан кыздар эркиндиктен ажыратууга, элдин алдында уяткарууга кириптер болуп же өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. 2018-жылы Бириккен Улуттар Уюму ооган бийлигинен аялдарды кемсинткен мындай текшерүүлөрдү токтотууну талап кылган. Дүйнөлүк уюм тараткан билдирүүдө кыздарды кемсинткен текшерүүнүн кесепети да белгиленет:

«Мындай текшерүүлөр медициналык жактан да аялдын ден соолугуна зыян. Көп учурда аялдар психологиялык жактан жабыркашы да мүмкүн. Бул тажрыйбаны токтотуш керек».

Адатта мындай текшерүүлөргө оогандык үй-бүлөлөр өздөрү кыздарын мажбурлашат. Медициналык текшерүү ар кандай себептер менен ишке ашат: зордуктоо фактысын далилдөө, мектепке баруу же кызга жуучу түшүп жаткан маалда, ал тургай ишке орношуп жатканда да кыз ушундай текшерүүгө кабылышы мүмкүн. Эгер кыз макулдугун бербесе бул тууралуу полицияга кабар берилип, ал кызга кылмыш иши козголот. Текшерүүнүн жыйынтыгы терс болгон күндө да полиция ишин уланта берет.

Ооганстандагы аялдарды басынткан бул тажрыйбаны жоюш үчүн Фархад Жавид «Marie Stopes» уюму ооган полициясынын кызматкерлерине жана юристтерге атайын окууларды баштаганын кошумчалады. Ушундай эле окуулардан эки ай мурда дарыгерлер өтүшкөн.

Ооганстанда кыздык белгини текшерүү тажрыйбасы коомдо жабык темалардын бири. Бирок мунун айынан айрым трагедиялуу окуялар коомчулукка белгилүү. 2015-жылы Ооганстандын Гор провинциясында 26 жаштагы келинди камчылап, өлтүрүп салышкан. Айрым маалыматка караганда маркумду ушундай тешкерүүдөн кийин үйүнөн качып кеткен жеринен кармап келип, эл алдында жазасын беришкен. Ушул эле жылы 19 жаштагы Рохшананы талибдер таш бараңга алып өлтүрүшкөн. Мына ушул өңдүү окуялар болгондо гана бул маселеге коомчулуктун көңүлү бурулат. А бирок мындай аянычтуу окуялардын так саны белгисиз.

Оогандык укук коргоочу Мариям Зумрати «үй-бүлө намысын кордоду» деген себеп менен кыздын жакындары да жаза тартарын айтат:

Оогандык аялдардын кыздык белгисин текшерүү кадыресе көрүнүшкө айланган.
Оогандык аялдардын кыздык белгисин текшерүү кадыресе көрүнүшкө айланган.

«Турмушка чыккандан кийин кыздык белгиси билинбеген кыздар кайра үй-бүлөсүнө кайтып келиши мүмкүн. Адатта анын ата-энеси эл алдында уят болуудан коркуп, анын ордуна башка кызын күйөөгө берет. Кээде атасы өзү бул тууралуу полицияга кабарлайт. Айрым аймактарда кыздарга өлүм жазасы колдонулат. Кыздыгы жок деген себеп менен өмүр бою күйөөсүнүн кордугуна чыдап жашаган аялдар да бар».

Атын атагысы келбеген Парван провинциясынын тургуну бир тууган сиңдиси кыздык белгиси жоктон улам үй-бүлөдөгу зомбулуктун курмандыгына айланганын айтты:

«Анын күйөөсү «мага кыз эмес болуп тийгенсиң» деп шекшип ушундай кордук көрсөтүп келет. Биринчи нике түнүндө кан чыккан эмес экен. Биздин салт боюнча кан болгон шейшепти эртеси эл көзүнө илип коюш керек. Сиңдимдин ушуга чейин «кыз эле болгом» деп айткан сөзүнө күйөөсү кенедей да ишенген жок».

Кыздык белгиси жок же анын айынан үйүнөн качып кетүү Ооганстанда «моралдык кылмыш» болуп эсептелет. Жүздөгөн кыз-келин ушундай айып менен түрмөлөрдө отурушат.

«Human Rights Watch» уюмунун былтыркы отчётунда айтылгандай түрмөдөгү аялдардын жарымы «кыздык белгиси жок болуп чыккандыктан» же ата-энесин «элге уят кылганы» үчүн жазасын өтөп жатышат. Алардын арасында жашы жете элек өспүрүм кыздар да бар. Ал эми ооган Конституциясында «эч бир мыйзам шариятка каршы келбеши керек» деп жазылган. Ошентсе да кыздарды кемсинткен мындай салтты жоюш үчүн укук коргоочулар менен эл аралык уюмдар көп жылдан бери аракет кылып келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (15)

XS
SM
MD
LG