Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Кабул: мейманканага жасалган чабуул


Жардыруу болгон жер.
Жардыруу болгон жер.

Ооганстандын күч кызматкерлери Кабулдагы мейманканалардын бирине кол салган үч согушкерди жок кылды. Окуя Баграм авиабазасынан анча алыс эмес жерде болгон.

Ооганстандын коопсуздук күчтөрү менен “Талибан” кыймылынын согушкерлеринин ортосундагы кармаш түнү бою жүрдү. Полициянын маалымдаганына караганда, окуя Баграм авиабазасынан анча алыс эмес аймакта жайгашкан Northgate мейманканасында болгон.

Бул жерде Ооганстанда иштеген чет өлкөлүк адистердин материалдык-техникалык камсыздоосун тейлеген кызматтардын бири жайгашкан. Жардыргыч зат салынган жүк ташуучу унаа түнкү саат 1:30дан өткөндө мейманканынын дарбазасынын жанына барып жарылгандан кийин согушкерлер имараттын ичине кирүүгө аракет кылышкан.

Окуяга күбө болгондордун бири, Кабулдагы аскердик-логистикалык жеке компанияда күзөтчү болуп иштеген Абдулла Сарвар мындай дейт:

- Жарылуу ушунчалык катуу болгондуктан мен керебетте жаткан жеримен бир метрдей нары учуп түштүм. Эмне болду экен деп сыртка чыктым. Көрсө, мейманканага талиптер кол салган экен. Салгылашуу көпкө уланды.

Талиптер менен күрөш жүрүп жатканда өкмөттүк күчтөр тегеректеги жолдорду жаап, кошумча аскерлерди тартты.

Айрым жергиликтүү маалымат каражаттары түндөгү окуяны «тазалоо операциясы» деп атап, ага өкмөттүк күчтөрдөн тышкары НАТО аскерлери да тартылганын маалымдашты.

Ошондой эле айрым кабарчылар Кабулдун эл аралык аэропортунан чыгыш тарапты көздөй жерде жайгашкан аскердик бөлүктө гранатометтон атылган үндөр угулганын билдиришти.

Кабулдун полиция башчысы Абдул Рахман Рахиминин ырасташынча, кол салгандардын бири жардыргыч салынган машинаны айдап келген, ал жарылуу учурунда өлдү. Дагы экөөнү полиция атып жок кылды.

Мындан тышкары, түндөгү кармаш бир күч кызматкеринин өмүрүн алды, дагы төртөө жарадар болушту.

Мейманкананын кызматкерлери жана анда токтогон адамдардан эч ким жабыркаган жок.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Талибан» кыймылы өзүнө алды. Согушкерлердин айтымында, алардын планы боюнча жардыргыч салынган унаа гранатомет жана автоматтар менен чабуул жасоо үчүн жолду «даярдамак».

Northgate жөн гана мейманкана эмес, ал Ооганстанда тынчтык орнотуу, калыбына келтирүү долбоорлору боюнча иштеп жаткан чет өлкөлүк аскерлерди жана башка адистерди тейлөөчү логистикалык борбор болуп эсептелет.

2013-жылы ага дипломатиялык макам ыйгарылып, күзөт кызматына Ооганстандын ички иштер министрлигинин коомдук тартипти сактоо кызматкерлерин эмес, чет өлкөлүк жеке компаниялардын адистерин тартуу укугу берилген.

Бул окуя өзүн «Ислам мамлекети» деп атап алган террордук топ Ооганстандагы Хазар этникалык азчылыгы жашаган аймакка кол салгандан бир жума өтпөй болуп жатат. Жанкечтинин чабуулунан анда 80 адам мерт кеткен.

Ага чейин июнь айында Канаданын Кабулдагы элчилигинде иштеген непалдык күзөтчүлөргө кол салуу болгон. Жыл башында чет өлкөлүк адистер иштеген лагерге террордук чабуул жасалган.

Өткөн аптада АКШ армиясынын беш аскери Ооганстандын чыгышында өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топко каршы күрөштө жарат алганы кабарланган.

Жакында АКШ президенти Барак Обама америкалык аскерлердин Ооганстандагы согушкерлерге каршы операцияларга катышуусуна тыюу салган эрежени жойду. Ошондон тартып аскерлер ооган күч түзүмдөрүнө колдоо көрсөтүү үчүн талиптерге жана башка согушкерлерге каршы абадан чабуул коюу жана башка операцияларга катышуу укугун алышкан.

XS
SM
MD
LG