Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:44

«Апа, мен жеңеме үйлөнгүм келбейт»


Ооган балдар.
Ооган балдар.

Секелек кыздарды күйөөгө берүү кадыресе көрүнүшкө айланган Ооганстанда өспүрүм балдар өзүнөн бир топ улуу аялдарга үйлөнүүгө мажбур. Буга согуш баскан өлкөдөгү жакыр турмуш түрткү болууда.

Ооганстандын баш калаасы Кабул. 12 жаштагы Мухаммед Валинин атасы өлгөндөн кийин энеси уулун Газни аймагынын тургуну, 24 жаштагы аял менен баш байлоого көндүрө баштайт. Өспүрүмдүн ыйлап-боздогону социалдык тармактарга чыгып кеткен.

«Апа, мен үйлөнгүм келбейт. Мен футбол ойноп, мектепте окугум келет», - деп жалдырайт Мухаммед.

Мухаммедден башка дагы эки кызы бар эне жакыр турмуштан чыгуунун жолуп издеп, уулун көндүрүүнүн аракетинде. Ал салт-санаага шылтап, уулуна жалдырап жатты:

«Сенин атаң жок. Сен менин көзгө басар жалгыз уулумсуң. Эгер сен өлүп калсаң биз жыйган мүлк атаңдын бир туугандарына өтөт. Сенин эжелериң эч нерсе албай калат. Ошондуктан сен үйлөнүп, уулдуу болушуң керек. Антпесе, биз эжелериң менен көчөдө калабыз. Бул жакта кыздарды эч ким укпайт. Кийин экинчи аял кылып каалаган кызды алсаң болот».

Энесинин мындай сөзүнөн кийин өспүрүм шариятка баш ийип, келинге баш кошууга көнөт. Келиндин атасы 12 жаштагы Мухаммед үй-бүлөнүн жүгүн тартып кетээринен күмөн санап, эки эсе көп калың сураган. Аны төлөп берүү үчүн үй-бүлө күнү-түнү тынбай иштеген.

Ошентип Мухаммед Вали 13 жашка толгондон кийин эки жыл мурун үйлөнгөн. Биринчи жылы эле жубайлар кыздуу болушкан. Ушул тапта Мухаммед 10-классты аяктап, бүтүрүү экзамендерин тапшырып жүрөт. Энеси 15 жаштагы баласы менен 27 жаштагы келини уулдуу болушса экен деп тилеп жүрөт.

Мухаммеддин мисалы - миңдеген ооган өспүрүмдүн биринин окуясы. ЮНИСЕФтин Ооганстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Фарзан Хуссаинин айтымында, өлкө боюнча 18 жашка толо электе турмуш курган өспүрүм балдардын так саны белгисиз. Иликтөөлөрдүн көбү эрте никеге турган өспүрүм кыздардын маселесине арналган.

«Буга чейинки иликтөөлөрдө эркек балдардын абалы тууралуу сөз болгон эмес. Биз бул маселеге сөзсүз кайрылышыбыз керек. Анткени биз ооган балдары 18 жашка чейин үйлөнүп жатканын билебиз. Ал балдардын ата-энелери ачка калбаш үчүн ушундай кадамга барышат. Мисалы, Ооганстандын батышында үй-бүлөсүн кургакчылыктан сакташ үчүн үйлөнгөн өспүрүм курактагы балдарды жолуктургам. Алар аргасыздан ошондой никеге турууга макул болушат. Бирок, тилекке каршы, бул тууралуу ачык сөз кылышпайт».

Ооганстандагы мектеп.
Ооганстандагы мектеп.

​ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык, ооган кыздарынын 15 пайызы 16 жашка чейин турмушка чыгууга аргасыз. Ал эми кыздардын үчтөн бир бөлүгү 18 жашка чейин эле эне болушат. Мындай жагдай балдарды коргогон эл аралык мыйзамдарга караманча каршы келет. Бул мыйзамга ушул жылдын март айында ооган президенти Ашраф Гани кол койгон.

Балдар укугун коргогон адистер эрте никеге туруу кыздарды билим алуу, кесип тандап, ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүнөн ажыратып, зордук-зомбулуктун курмандыгына айлантат деп эсептешет. ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, буга чейинки сурамжылоого катышкан үй-бүлөлөрдүн 42% эркек балдары 18 жашка чейин үйлөнгөнүн айтып беришкен. Алардын көбү бели ката электе калың төлөө үчүн баш көтөрбөй иштеп, же башка жакка акча табууга кетүүгө мажбур болушат. Маселен, бир эле Герат провинциясында ай сайын 200гө чукул өспүрүм иш издеп Иранга каттап турушат.

Ооганстандагы эрте никеге туруу маселесин коомчулукка биринчилерден болуп Улуттук коопсуздук башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, быйыл өтчү президенттик шайлоого талапкер Рахматулла Набил ачык айтып чыккан.

Набил 1968-жылы Вардак провинциясындагы айылдардын биринде төрөлүп, атасы каза болгондон кийин 15 жашында энесинин талабы менен үйлөнгөн:

«Мен жалгыз уулмун. Орусия Ооганстанга кирип келгенде апам мага «согушта бир нерсе болсоң сенден тукум калышы керек» деп үйлөнүүгө мажбурлаган. Ал убакта өлүм-житим көп болуп жаткан. Көрсө, апам менин эрте үйлөнүп, балалуу болушумду каалаган тура. Тилекке каршы, алыскы айылдарда мындай көрүнүш абдан көп».

Ооганстанда шарият эрте никеге турууга жол берет. Бирок светтик мыйзамдар буга каршы келет. Маселен, Жарандык кодексте эркек балдарга 18 жаштан кийин, ал эми кыздарга 16 жашка толгондон кийин гана турмуш курууга уруксат берилет. Кыздар атасынын макулдугу менен гана 15 жашында күйөөгө тийсе болот. Ооган укук коргоочулары бул маселени чечүүдө азырынча алсыз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG