Генерал Достумдун кичи мекени саналган Жоузжан провинциясынын мурдагы губернатору Ахмад Ишчинин соңку билдирүүсү ооган расмийлеринин гана эмес, Батыш өлкөлөрүнүн да көңүлүн бурду.
Ишчи учурдагы биринчи вице-президент Абдул Рашид Достумдун жана ага баш ийген коопсуздук кызматкерлеринин ур-токмогуна жана сексуалдык зомбулугуна кабылганын айтты.
Маалыматка ылайык, ноябрь айында көк бөрү оюну маалында генерал Достум мурдагы губернаторду сабап, өз адамдарына аны кармоого буйрук берген. Ишчи Достумдун жеке абагында беш күн отургандан кийин коопсуздук күчтөрүнүн колуна өткөрүлгөн. 13-декабрда бошонуп чыккан мурдагы губернатор камакта кандай кыйноого кабылганын айтып берди:
- Мени жер төлөөдө төрт жолу ур-токмокко алгандан кийин Достум өз адамдарына мени жерге жыгууга буйрук берди. Алар жаткырып алып, сабай башташты. Анан Достум командирине тогуз жан сакчысы менен кошо мени зордуктоого буйрук берди.
Ишчинин айтымында, Достумдун кишилери Калашников мылтыгы менен аны кыйнап, ыплас иштерди кылышкан. Анан Достумдун буйругу аткарылганын далилдөө үчүн сүрөткө да түшүшкөн.
Генерал Достум болсо өз билдирүүсүндө мындай олуттуу айыпты чагым деп атады. Анын айтымында, Ахмад Ишчи коопсуздук кызматкерлеринин өз алдынча иликтөөсүнүн алкагында кармалган.
Бирок АКШ, Британия жана Евробиримдиктин өкүлдөрү бул окуяны тыкыр иликтөөгө чакырды. АКШ элчилиги мыйзамсыз кармоо жана кыйноолор тынчсыздануу жаратарын билдирди. Ооганстандын президенттик администрациясынын басма сөз катчысы Харун Чахансори толук иликтөө жүргүзүлөт деп убада кылды:
- Ооган өкмөтү мыйзамдуу бардык аракеттерди жасайт деп элди ишендиргим келет. Иликтөө кандай тыянакка келсе да, адилеттикти орнотуучу бардык чаралар көрүлөт.
Ишчи менен Достум жолдору эки ача кеткенге чейин өнөктөш деп мүнөздөлчү. Алардын ортосундагы карама-каршылыкка кайсы жагдайлар себеп болгону так айтылган жок.
Генерал Достум 2014-жылы улуттук биримдик өкмөтүнө кошулган. Бул кадам Ооганстандагы өзбек азчылыгы менен эсептешүү аракети катары мүнөздөлгөн.
Абдул Рашид Достум кезинде Ооганстандагы эң талаштуу жана таасирдүү талаа командири эле. Анын 20 миңдей жоокери 1980-жылдардагы Советтик армияга каршы кармаштарда жана 1990-жылдардагы жарандык согуш учурунда Ооганстандын түндүгүн көзөмөлдөп турган. Достумдун күчтөрү ал мезгилдерде зордуктоого, талап-тоноочулукка жана ырайымсыз киши өлтүрүүгө жол берген, керек болсо кылмышкерлерди танк менен тебелеткен деп күнөөлөнүп келет.
Мындан сырткары укук коргоо уюмдары Достумду эки миңдей талип туткундарын атып же тумчуктуруп өлтүргөн деп айыпташканы бар. Өзбек талаа командири бул дооматтарды четке каккан.
Ал саясий атаандашынын соңку айыптоолору боюнча “Азаттыктын” ооган кызматынын суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.