Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:32

Кабулда "Эркин Европа/Азаттыктын" эки журналисти каза тапты


Жардыруу болгон жерде жаракат алган кишиге жардам көрсөтүү учуру. Кабул, 30-апрель, 2018-жыл
Жардыруу болгон жерде жаракат алган кишиге жардам көрсөтүү учуру. Кабул, 30-апрель, 2018-жыл

Ооган баш калаасынын чок ортосунда өлкөнүн коопсуздук агенттигинин жанында кош жардыруу болуп, кеминде 25 киши, анын ичинде "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун ооган кызматынын үч журналисти жана дагы тогуз медиа каражатынын кабарчылары курман болду. Полиция 45 киши жараат алып, ооруканага жеткирилгенин билдирди.

Саламаттык сактоо министрлиги мотоцикл минген жанкечти Шарш Дарак районунда Улуттук коопсуздук кызматынын имаратынын жанында өзүн жардырганын билдирди.

Экинчи жардыруу 20 мүнөттөн кийин Шаарды өнүктүрүү жана турак жай министрлигинин баш кеңсесине кызматкерлер ишке келип жаткан маалда болгон. Жанкечти "кабарчымын" деп кирип барып өзүн жардырган.

Министрлик кеминде 21 кишинин өмүрү кыйылып, 27 адам ооруканага түшкөнүн билдирди. Кош жардыруунун курмандыктарынын саны өсүшү мүмкүн экени да айтылып жатат.

Экинчи жардырууда курман болгон тогуз медиа кызматкеринин арасында "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун ооган кызматынын эки журналисти - Абдулла Хананзай Сабавун Какар бар.

Сабавун Какар (солдо) жана Абдулла Хананзай.
Сабавун Какар (солдо) жана Абдулла Хананзай.

​Хананзай "Озоди" радиосунун "Уунун кербени" деген баңгизаттарга каршы долбоорунда иштеп жүргөн. Дуррани болсо аялдар маселелерине арналган жумалык берүүнүн үстүндө иштечү.

"Франс Пресс" агенттиги жардырууда каза тапкан агенттиктин Кабулдагы башкы фотографы Шах Марай экенин бышыктады. Агенттик жардырууда эки полиция офицери да жарадар болгонун жазды.

Кош жардырууга өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган террордук топ жоопкерчилик алды.

Өткөн аптада “Талибан” кыймылынын жоочулары жазгы чабуулдар башталганын жарыялаган. Ага чейин талибдер Кабул өкмөтүнүн эч кандай шарт койбостон тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо жөнүндө сунушун кабыл алган эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG