Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:31

АКШ: Ооганстандан чыгуу камылгасы


АКШда президент Обама Пентагонго Ооганстандагы аскерлерди жыл аягында толугу менен чыгарып кетүүгө даярдана баштоону тапшырды. Буга караганда, Обаманын администрациясы ооган жергесинде америкалык аскер калбай тургандыгына моюн сунуп калган шекилдүү.

Ак үйдөн билдиришкендей, президент Барак Обама Пентагонго Ооганстандагы америкалык аскерлерди ушул жылдын этегине чейин чыгарып кетүүнүн планын иштеп чыгууну тапшырды.

Ак үйдүн билдирүүсүндө айтылгандай, Обама буга буйруган себеби Ооганстандын президенти Хамид Карзай алдыдагы жылдары Ооганстанда аскер кармоого АКШга мүмкүндүк берүүчү эки тараптуу коопсуздук келишимине кол койбой тургандыгын кыйытты.

Билдирүүдө ошондой эле эгер ооган өкмөтү бул макулдашууга кол койсо, Кошмо Штаттары Ооганстанда 2014-жылдан кийин чектелүү санда аскер калтырууга даяр экендиги айтылат. Мындай аскерлер негизинен ооган күчтөрүн машыктыруу жана антитеррордук иштер менен алектенмекчи. Билдирүүдө айтылгандай, Обама шейшембиде Карзай менен телефондон сүйлөштү.

Ал эми Ак үйдүн маалымат катчысы Жей Карни бул күнү кабарчылардын суроолоруна жооп берди:

- Коопсуздук келишимине кол коюу канчалык кечеңдесе, 2014-жылдан кийинки биздин миссия ошончолук чектелүү болот. Анткени аскерлердин турушу үчүн пландоо иштерин азыртадан жүргүзүү керек.

Ооганстанда апрелге белгиленген президенттик шайлоодон кийин кызматынан кетип жаткан Карзай коопсуздук келишимине кол коюу үчүн Вашингтонго бир катар шарттарды койгон эле.

Ал арада АКШнын коргонуу катчысы Чак Хейгел бүгүн Брюсселде НАТОнун коргонуу министрлери менен Ооганстанды талкуулоодо. Кабарчылар менен жолукканда Хейгел күн өткөн сайын Батыш үчүн мүмкүнчүлүктөр улам чектелип баратканын белгиледи.

Хейгелдин пикиринде, Ооганстандан бардык аскерлерди чыгарып кетүүгө сөзсүз алдын ала даярдык көрүш керек. Ошол эле мезгилде Хейгел НАТОнун өкүлдөрү менен азыр конкреттүү даталарды сөз кылбай тургандыгын кошумчалады.

АКШнын шериктеши Улуу Британия америкалык аскерлердин Ооганстанда калышын колдоодо. Бул тууралуу учурда Вашингтондо жүргөн тышкы иштер катчысы Уильям Хейг билдирүү жасады:

- Биздин көз карашыбыз АКШнын туруму менен төп келет. Биз Ооганстанда көп жылдардан бери чогуу иштедик. Биз эки тараптуу Коопсуздук келишимине кол коюлса дейбиз. Бул Ооганстан менен АКШнын ортосундагы иш. Бирок биз ооган президенти Карзайды жана ооган өкмөтүн бул келишимге кол коюуга чакырабыз.

"Вашингтон Пост" гезитинин жазышынча, Обама Ооганстандан негизги күчтөр чыгарылгандан кийин канча аскер калтырыларын чече элек. Аскер чыгаруу декабрга чейин бүтүшү керек. Ооганстанда азыр АКШнын 33 миң чакты аскери бар. Эгер апрель шайлоосунан кийин Карзайдын ордуна келе турган президент макул болсо, НАТО жана башка эл аралык аскерлер менен бирдикте Кошмо Штаттары 2015-жылдын аягына чейин 10 миң аскерин калтырышы мүмкүн.

Аскерлерди толук алып кетүүдө даярдыктын башталышы айрымдарга жаккан жок. АКШ армиясынын мурдагы согуш учкучу, республикачы конгрессмен Адам Кицингер мындай иш-чара өткөн 10 жыл ичинде жетишилген ийгиликтерди чийип салганга тете болот деп эсептейт. «Президент Карзай менен алакалашуу оңой эмес, бирок биз ооган жергесинде өмүрүнөн айрылган америкалыктардын алдында колдон келген бардык аракеттерди көрүүгө милдеттүүбүз» деп жазды конгрессмен өз билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG