Эскилиги жеткен, сыры кеткен автобустан ондогон бала бирин-бири сүйөп түшүп, тосуп турган мугалимдердин колдоосунда мектептин босогошун атташууда.
Кабулдагы Азиздер мектеби жалаң көзү көрбөгөн балдарга эсептелинген Ооганстандагы жалгыз мектеп.
Өлкөдө адатта мындай балдар көчөдө кайыр сурап жүрүшөт, себеби өлкөдө майыптарды мындай кой, дени бүтүн балдардын билим алып, ишке орношуу мүмкүнчүлүгү өтө чектелүү.
Бул мектепте 120 чакты улан-кыз биринчи класстан баштап жарым күн математика, жаратылыш таануу, адабият жана башка сабактарды азиздерге ылайыкташтырылган усулдар менен окушат. Ал эми түштөн кийин ар кандай өнөргө үйрөнүшөт. Алардын көбүнүн турмуш-шарты начар болгондуктан окууну бүткөндөн кийин жандарын өздөрү багуулары керек болот.
Окуучулар өнөрдү өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүнө жана каалоосуна жараша тандап алышат. Айрымдары сүрөт тартат, азиздерге ылайыкташтырылган компьютерде иштешет, тор түйүшөт же шыпыргы байлашат.
Эрик Ража - бул мектепти жарым-жартылай каржылаган канадалык эл аралык "Үмүттүү дүйнө" өнүктүрүү тобунун негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал азиз кыздар менен балдар аралаш окуган бул мектеп болбогондо, алардын көбү көчөдө кайыр сурап калмак экендигин белгилейт:
– Ооганстанда үйүнүн эле жанында көчөдө ойноп жатканда жарылган бомбанын сыныгы тийип, көзү көрбөй калган балдар көп. Алардын көбү талаада калат, айрыкча кыздарда башка мүмкүнчүлүк жок. Аларга өтө кыйын. Кимдир бирөө кандайдыр бир жардам бербесе, минтип окутуп, же жумуш таап бербесе, бул балдар өлбөстүн күнүн көргөн абалда калышат.
Эрик Ража айткан бомбага жарылып, көзү көрбөй калган балдардын бири Араш 14 жашта.
Азиздер мектеби 1977-жылы негизлделген, кийин кароосуз жабылып калып, 2004-жылы кайра ачылды. Мектепте аз эле санда класстар бар, алар да керектүү окуу-курал, жабдуулар менен жабдылган эмес. Алтынчы класста окуган Араш мектептеги өксүктөрдү жакшы билет:
- Ооганстанда азиз балдар үчүн мектептер көбүрөөк болсо гана. Башка өлкөлөрдөгүдөй атайын даярдалган мугалимдер, алдыңкы технологиялар, окуу куралдары болсо.
Эрик Ража мектепте кемчиликтер көп экендигин моюнга алат. Ооганстандын Билим берүү министрлиги кошо каржылашканы менен, мектептин мугалимдери колдон келгениндей окутуп жатышат:
– Азыркы кездеги эң башкы проблема – азиз балдарды окутуу үчүн атайын даярдыктан өткөн мугалимдердин жоктугу. Экинчиден, бул зарыл жабдык, материалдардын жоктугу. Үчүнчүдөн, инфраструктура жок. Мисалы, жаңы даараткана керек. Электр жарыгын мектепке былтыр араң киргиздик. Окуучулар кол эмгек сабагында ар нерселерди жасашат, бирок маркетинг жолго коюлбагандыктан аларды сата алышпайт.
Шри-Ланкада туулган, канадалык жаран Эрик Ража ошол эле мезгилде жакын арада жылыш болот деп үмүттөнөт. Анткени мектеп жакында Ооганстандын Кабулдагы Музыка институту менен шерик болуп калды. Бул институт азиздер мектеби үчүн атайын музыка программасын түзүп, музыкалык аспаптар менен гана каралашпастан, зарыл жабдууларды да бере турган болуп жатат.
Институттун директору Ахмат Сармаст музыкалык билим балдарга келечекте жумуш табууга да мүмкүндүк ыйгарарын билдирди:
– Музыка азиздер мектебин өнүктүрүүгө ар тараптуу жардам бере алат. Биз балдарды жаш кезинен шыгын аныктап, музыкага окута баштайбыз. Музыка азиз адам үйрөнүп, келечекте акча таба ала турган эң ылактуу өнөр.
Институттун директору музыка ошондой эле балдардын көңүлүн көтөрүп, психологиялык травмадан да даба болорун белгилейт.
Ооган өкмөтүнүн эсебинде Ооганстандагы 30 миллион чакты калктын 400 миңдейинин же эки пайызга чукулунун көзү көрбөйт. Булардын көбү катаракттан жапа тартат. Бул ооруну операция менен эле дарыласа болот, бирок өлкөдө мындай операцияга шарт да, кызматтар да жокко эсе.