Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Талибдер президенттин сарайына чабуул жасашты


Президент сарайынын айланасы. 25-июнь, 2013-жыл.
Президент сарайынын айланасы. 25-июнь, 2013-жыл.

Ооганстанда бүгүн талибдер президенттин сарайына кол салышты. Эки ортодогу атышуу бир жарым саатка созулган. Окуя расмий Кабул менен "Талибан" кыймылы тынчтык сүйлөшүүлөргө ниеттенип жаткан кезде болду.

Полициянын ырастоосунда талибдердин Кабулда президенттик сарайга жасаган чабуулунун мизи ийгиликтүү кайтарылды. Кол салгандардын баары жок кылынды. Ооган борборунун полиция башчысы Аюб Саланги кабарчыларга:

- Дарбазадагы сакчылар каршылык көрсөтүштү. Кол салгандардын үчөө тең жок кылынды. Көрүп турасыңар, тегеректеги жашоо кадимки калыбына түштү, проблема жок.

Ооган расмий өкүлдөрү кийинчерээк айтышкан кошумча маалыматтарга караганда, бир жарым саатка созулган атышуу учурунда кол салгандардан төртөө жок кылынган. Президенттин элиталык гвардиясынын кеминде үч өкүлү каза тапкан.

Кабулдун полиция башчысынын орун басары Дауд Амин “Азаттык” радиосунун ооган кызматы менен маегинде чабуул кандайча уюштурулганы тууралуу:

- Дарбазанын коопсуздугу НАТО аскерлери тарабынан көзөмөлдөнгөндүктөн ал жерде эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн сакчысы турган. Бир ак жана бир боз машине келген. Ичинде чет элдик аскер формачан адамдар бар боз машине текшерилип, ичкери койо берилген. Алар 30-40-метрдей кеткенден кийин сакчылар экинчи машинеден шек санап, токтотушкан. Сакчылар аларды суракка ала баштаган кезде гана кол салгандар машинеден чыгышып, атышуу башталган. Сакчылар позицияларды ээлегенде, кол салгандар жардыруучу затка шыкалган машинени жардырышкан.

Бул окуяны айрымдар "Талибандын" алар бийликтен кулаган 12 жылдан берки эң тайманбаган чабуулдарынын бир катары мүнөздөшүүдө.

Президент сарайынын дарбазасынан чыккан кара түтүн. 25-июнь, 2013-жыл.
Президент сарайынын дарбазасынан чыккан кара түтүн. 25-июнь, 2013-жыл.
Кол салуу президент Хамид Карзайдын мерчемделген басма сөз жыйыны алдында жасалды. Президенттин кеңсесинен билдиришкендей, кол салуу учурда Карзай имараттын ичинде болчу жана жабыр тарткан жок.

Ооган президентинин сарайы Коргоо министрлигинин имаратына жана мурда Ариана деп аталган мейманканага жакын жайгашкан. Ал мейманкана АКШнын Борбордук Чалгын кызматынын штаб-квартирасы катары да белгилүү.

“Талибандын” кол салуу үчүн жоопкерчилик алган өкүлү Забихулла Мужахиддин алардын согушкерлери президенттин сарайын, Коргоо министрлигин жана “ЦРУнун кеңселерин” бутага алды деп ырастады.

Окуя “Талибан” Катардын борбору, Доха шаарында ооган өкмөтү менен тынчтык сүйлөшүүлөр үчүн саясий кеңсесин ачкандан бир аптадан кийин болду. Мурдараак "Талибандын" өкүлү Мохаммед Сохаил Шахин саясий кеңсенин ачылышы ок атышуу токтоду дегенди туюндурбасын эскерткен:

- Бул ок атышуу токтогону эмес. Биз аларга, алар бизге кол салууда. Кол салуулар тынчтык сүйлөшүүлөрү менен катарлаш улана берет. Ок атышууну токтотуу качан учуру келгенде гана күн тартибине коюла алат.

АКШнын Ооганстандагы элчиси Жим Каннингем соңку чабуулду айыптап, "Талибанды" жаңыдан төрөлүп жаткан тынчтык жараянды сактоого чакырды. АКШ азыр Катарда "Талибан" менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандандырууга аракеттенүүдө. Мамлекеттик катчы Жон Керри кечээ Индияда жүргөн жеринен бул оогандар өзү баштаган жараян болоруна ишендирди:

- Бул оогандар баштоочу жараян жана сүйлөшүү белгилүү бир шарттарда гана жүрөт. Ал шарттар аткарыла элек болгондуктан, азыркы кезде эч кандай сүйлөшүүлөр жок.

Ооган өкмөтү сүйлөшүү ниетин билдиргени менен адегенде “Талибандан” түшүндүрмө талап кылды. Анткени “Талибан” Катардагы кеңсесине өлкөнүн эски желегин илип жана Ооганстандын өзү бийликте турган кездеги Ооганстан ислам эмираты деген атын колдонгон.

АКШ "Талибан" өзүнө алган шарттарды аткарбаса, Катардагы кеңсеси жабылышы мүмкүндүгүн эскерткен.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG