Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:21

"Талибандын" танктары Тажикстанда оңдолобу?


Ооган күчтөрү талиптер өрттөгөн танктын жанында турушат. Ооганстан.
Ооган күчтөрү талиптер өрттөгөн танктын жанында турушат. Ооганстан.

Ооганстандын мурдагы губернатору "Талибандын" танктарын Тажикстанда орус адистери оңдорун айтып чыкты. Тажик бийлиги муну тыкыр текшерүүнү убада кылууда. Орусия мурдатан эле талиптер менен байланышы бар деп айыпталып, бирок аны четке кагып келет.

Ооганстандын Кундуз провинциясы Тажикстанга жакын. Дал ушул провинцияны өткөн жылы талиптер басып алып, өкмөттүк күчтөр кайра өзүнө кайтарган. Кундуздун мурдагы губернатору Умар Сафи жакында жергиликтүү радиолордун бирине жарак-жабдыктар акыркы эки жылдан бери Тажикстанда оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөрүн билдирди.

Айтымы, талиптердин иштен чыккан же өкмөттүк күчтөр менен салгылашта олжого кеткен оор аскер техникаларын Тажикстандагы орусиялык адистер оңдойт.

Андан соң алар эки өлкө ортосундагы табигый чек ара Пянж дайрасын кечип өтүп, кайра согушка кирет. Умар Сафи мына ушундай жардамдын негизинде өткөн жылы талиптер Кундузду эки ирет алышты деп эсептейт.

Кундуз
Кундуз

“Азаттык” байланышканда Ооганстандын Коргоо министрлигинин маалымат кызматкери Мохаммад Радманиш бул кабарды четке каккан жок. Радмаништин ырасташынча, талиптердин колунда оор техника дээрлик жок:

- Менимче, оор аскер техникаларын дайранын ары жагына алып өтүү мүмкүн эмес. Демейде, талиптер оорураак жарактарын жолтандабастарга орнотуп жүрүшөт. Аларда танк сыяктуу оор транспорттор жок.

Ал эми Тажик Улуттук коопсуздук комитети чек ара башкармалыгынын өкүлү Мухаммаджон Улугходжаев экс-губернатордун айткандарын четке какты. Бирок “Азаттыктын” тажик кызматына бул маалыматка олуттуу маани берилип, териштирилерин билдирди.

Белгилей кетчү жагдай, өткөн жылдын аягында ооган күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү ооган-тажик чек арасына жакын жердеги кармашта орусиялык өндүрүштөн чыккан куралдарды талиптерден тартып алышканын “Франс-пресс” агенттигине билдиришкен эле.

Өткөн жылдын ноябрында Орусия президентинин Ооганстандагы атайын өкүлү Замир Кабулов “Анадолу” агенттигине Москванын "Талибан" кыймылы менен байланышын ырастаган:

- Биз Орусия дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана жарандарынын коопсуздугун сактоо маселелеринде алар менен байланышып турабыз. Андан тышкары, атайын каналдар аркылуу талиптерге элдешип, согушту токтотууну сунуштайбыз. Бул байланыштар кайсы деңгээлде жүргүзүлөрү жабык тема.

Ал ошондой эле талиптер глобалдык жихад идеясынан баш тартып, өзүн “Ислам мамлекети” атаган террордук топко каршы күрөшөт деп, ушул маселеде алар менен Орусиянын кызыкчылыктары тогошорун белгилеген.

- Кимдир бирөөгө жагабы же жакпайбы, “Талибан” куралдуу күрөш жүргүзгөн реалдуу саясий күч, - деп билдирген Орусия өкүлү.

Кабуловдун ырастоосу Кабулдун куйкасын куруштуруп, катуу реакция жасашкан.

- Ооганстанда карапайым адамдарга террордук чабуул койгон топту колдоо же мамиле түзүүгө жасалган ар бир аракет келечекте бүткүл аймакка коркунуч жаратат. Андан бир дагы өлкө коңулда калбайт, азабын баары тартат, - деп билдирди Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Шакиб Мустагни.

Ал эми өткөн жылдын башында АКШ чалгын кызматкери Associated Press агенттигине Москва оогандык талиптерди акча жана курал менен жабдып келатканын ачык билдирген. “Талибанга” каруу-жарак берип, аскердик даярдыктан өткөрүп, натыйжада 2015-жылдын сентябрында Кундузду алууга көмөктөшкөнүн чалгынчы ырастаган.

- Ошентип талиптердин колунда жапжаңы Орусиядан гана чыгарылчу “Калашников” автоматтары, пулеметтору жана танканы талкалачу гранатомет болгон,- дейт америкалык чалгынчы.

Ал эми 2015-жылдын соңунда британиялык The Sunday Times “Талибандын” өзүндөгү маалымат булагына таянып, Путин кыймылдын агездеги лидери Молдо Ахтар Мансур менен жолугуп, колкабыш кылууга убада берди деп жазган. Жашыруун жолугушуу Дүйшөбүдөгү 201-орусиялык аскер базасында өттү делет. Орусия президенти Владимир Путин ошол жылдын 15-16-сентябрында ЖККУнун Тажикстандагы саммитине барганын айта кетели.

Кремл бул маалыматты дароо төгүндөгөн. Бирок, макала чыккандан кийин Орусиянын Тажикстандагы элчиси Игорь Лякин-Фролов Орусия үчүнчү өлкөлөрдүн ортомчулугу менен байистүү талип өкүлдөрү менен сүйлөшүү өткөргөнүн моюндаган. Бирок, жолугушуу тууралуу комментарий берүүдөн баш тарткан.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG