Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:10

Талиптер Кундузга кайра чабуул койду


Кундуздагы ооган аскерлери. 3-октябрь, 2016-жыл
Кундуздагы ооган аскерлери. 3-октябрь, 2016-жыл

Ооганстандын Кундуз шаарында өкмөттүк күчтөр менен талип согушкерлери ортосунда айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатат. Жоочулар калаага түн ортосунда уюшулган чабуул башташкан. Өткөн жылы Тажикстан менен чектеш Кундуз провинциясынын борбору бир нече күнгө талиптердин колуна өткөн эле. Кошуна өлкөдөгү окуяларга байланыштуу Тажикстан чек ара күчтөрүн жогорку даярдыкка келтирди.

Кундуздун Тандар райондук полициясынын башчысы Шир Али Камавал жоочулар өткөн түнү бир нече жактан кирип келишкенин, ошондон бери шаардын өзүндө жана айланасында кармаштар жүрүп жатканын билдирди. Алар коопсуздук тилкесин кесип өтүүгө жетишкен.

Кундуздагы ооган аскерлери. 3-октябрь, 2016-жыл
Кундуздагы ооган аскерлери. 3-октябрь, 2016-жыл

Калааны коргоого коопсуздук органдары кошумча күчтөрүн жөнөтүштү. Күбөлөр Калашников автоматтары, пулемет, гранатометтор менен куралданган талиптер көчөлөрдө аткылашып жатышканын, айрымдары үйлөргө жашырынганын айтып беришти. Шаардын үстүндө болсо ооган армиясынын тик учактары айланып жүрөт.

Ички иштер министрлиги кеминде бир полициячы окко учканын, 40ка жакын адам жараат алганын маалымдады.

Кошуна өлкөдөгү окуяларга байланыштуу Тажикстандын чек ара кызматы күжүрмөн даярдыкка келтирилди. Мекеменин маалымат катчысы Мухаммад Улугходжаевдин билдиришинче, чек арадан мыйзамсыз өтүү же дүрмөттөрдүн тажик аймагына түшкөн учурлары каттала элек.

- Тажикстандын чек арасына кандайдыр бир коркунуч жаралып жатат деп айтуу азырынча эрте. Ошентсе да Кундуз чөлкөмү менен чектешкен чек ара аймагын кайтаруу күчөтүлдү. Коргонуунун экинчи тилкесине Коргоо министрлигинин аскерлери тартылды. Керек болсо, алар чек арачыларга жардамга келишет, - деди Улугходжаев.

Тажик-ооган чек ара тилкеси
Тажик-ооган чек ара тилкеси

Бир жылдай илгери согушкерлер бир нече күн бою Кундузду ээлеп турушкан. Улуттар уюмунун маалыматтарына караганда, ошондо кармаштарда бери дегенде 290 киши набыт кеткен, жүздөгөнү жараланган. Андан бери талиптер бир нече жолу шаарга жапырык жасашкан.

Бул ирет Кундузга чабуул коёрдун алдында согушкерлер бир катар башка чөлкөмдөрдү, анын ичинде Гилмендди жана борбору Лашкар Гахты алууга аракеттенишкен.

- Кундузда күн сайын куралдуу кармаштарга, адам өлтүрүүлөргө күбө болуп келе жатабыз. Мындай оор абалдан абдан чарчадык. Бул адамдардын тынч жашоого укугу барбы же жокпу? – дейт Кундуз шаарынын чөлкөмдүк кеңешинин мүчөсү Амруддин Вали. - Күнүгө жоочулар шаарга кирүүгө аракеттенишет. Ооган коопсуздук күчтөрү аларды сүрүп чыгарышат. Жергиликтүү жашоочулардын күнүмдүк турмушуна чоң таасир тийгизүүдө, жайкын тургундар арасында жоготуулар өтө көп болууда. Миңдеген үй-бүлө атышуулардан качып, жер которууга мажбур болду, кан жолдор буулган бойдон турат.

Ал эми НАТО баштаган коалициянын Ооганстандагы контингентинин маалымат катчысы генерал Чарльз Кливлэнд Кундуздагы улам тутанган ок атышуулар тууралуу кабардар болуп турганын айтып, бирок талиптер ири операция даярдап жатышат дегендин белгиси жок болчу деди.

Кундуз
Кундуз

"Талибан" кыймылынын өкүлү Забихулла Мужахид өзүнүн Твиттер баракчасында жазгандай, Кундуздагы өкмөттүк төрт текшерүү бекети алардын көзөмөлүнө өттү, аткылашууда бир нече аскер набыт кетти.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын аягында эл аралык тынчтык контингентинин негизги бөлүгү Ооганстандан чыгарылган.

Азыркы чабуул эл аралык донорлордун Брюсселдеги жыйынын утурлай болуп отурат. 4-октябрдагы жыйында Ооганстандын өнөктөштөрү бул өлкөгө жардам берүү планын талкуулашмакчы.

XS
SM
MD
LG