Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:10

Ооган өкмөтү согушкер топ менен келишим түздү


Ооганстан өкмөтү айтылуу талаа командири Гулбеддин Хекматияр менен тынчтык келишимин түздү. Президент Ашраф Гани үчүн бул байистүү согушкер топтор менен мунаса табууда жетишкендик катары бааланса, укук коргоочулар болсо олуттуу кылмыштар үчүн айыпталып келаткан согушкерлердин ана башын жоопко тартуу керектигин айтып, Кабулду сындашууда.

Кабулда 22-сентябрда өткөн маалымат жыйынында документке ооган өкмөтүнүн делегациясы жана Хекматияр жетектеген "Хезб-и Ислами" согушкер топтун өкүлдөрү кол коюшту. Келишимдин өзү болсо алдыңкы күндөрдө Хекматияр менен президент Ашраф Гани тарабынан бекитилет деп күтүлүүдө. Эми жылдар бою борбордук бийликке каршы күрөшүп, учурда бозгунда жүргөн талаа командири мекенине кайта алат.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазышкандай, ага мунапыс берилет, ал эми топтун айрым мүчөлөрү абактан бошотулат. Ошондой эле өкмөт Хекматиярга каршы киргизилген эл аралык санкциялардын алынышы үчүн аракет көрүүгө макул болду.

"Тилекке жараша Ооганстандын Жогорку Тынчтык кеңеши менен "Хезб-и Ислами" ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү ийгиликтүү жыйынтыкталды жана тараптар келишимге жетише алышты", - деп билдирди кеңештин төрагасы Пер Саед Ахмад Гелани.

Согушкер топтор менен мунаса табуу менен алектенген бул мекемени Ооганстан президенти өзү дайындайт. Ооган бийлиги өтө радикал жана эскичил согушкер катары белгилүү Хекматияр жөнөткөн делегация менен сүйлөшүүлөрдү 17-мартта баштаган.

Укук коргоочулар Хекматиярдын желдеттерин 1990-жылдардагы жарандык согуш маалындагы адам укуктарын бузгандыгы үчүн айыпташууда. Дал ошол топ 2001-жылдан тарта жергиликтүү жана америкалык аскерлерге каршы кандуу кол салууларды ишке ашырып келген.

Тынчтык келишимине кол коюлган күнү Кабулда жүздөгөн киши “Кабулдун касапчысы”, “Биз эч качан унутпайбыз жана кечирбейбиз” деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп нааразылыгын билдиришти.

"Хьюман Райтс Уоч" эл аралык уюмунун улук изилдөөчүсү Патриция Госсман Хекматияр менен макулдашууну “олуттуу кылмыштардын курмандыктарына акарат” катары сыпаттады.

“Анын кайтып келиши 1990-жылдары өлкөнүн ири бөлүгүн бүлүндүгө учураткан Хекматиярдын жана башка талаа командирлеринин кол астында жүргөн жоочуларды жоопко тартпоо боюнча ооган өкмөтү менен чет элдик донорлор киргизген адатка шайкеш келет”, - деп сындады Патриция Госсман.

"Хьюман Райтс Уоч" жана башка уюмдар Хекматиярды 90-жылдары Кабулдун эл көп жашаган райондорун аткылоо, адамдарды уурдоо, жашыруун түрмөлөрдө кармоо жана кыйноо үчүн көптөн бери эле айыптап жүрүшөт. Бирок 15 жылдан бери тынбай келаткан жарандык согушка чекит коюу аракеттеринде буга чейин мактанаарлык ийгилик көргөзө албаган президент Ашраф Гани үчүн бул карама-каршылыктуу макулдашуу, албетте, чоң жетишкендик болуп калмакчы.

Акыркы жылдары "Хезб-и Ислами" тобунун согушчан канаты көбүнчө көмүскөдө калып, Ооганстандын саясий айдыңында анча роль ойнобогону менен бул келишим өкмөткө каршы күрөшүп келаткан "Талибан" кыймылы менен болочокто мунаса табуу, аларды саясий процесске камтуу аракеттеринде үлгү болуп бериши ыктымал.

"Хезб-и Ислами" 2001-жылы АКШ жетектеген коалиция Ооганстанга басып киргенден кийин экиге бөлүнүп калган. Анын саясий канаты Кабул менен жарашса, Хекматияр талиптердин козголоңчу күчтөрүнө кошулган. Ал 1970-жылдардын орто ченинде түптөгөн куралчан уюм советтик аскерлерге каршы күрөшкөн можахеддердин негизи тобу болгон. Андан соң баш калаа Кабулду контролдоо үчүн согушуп келген.

Хекматияр "Талибанды" коалициялык күчтөргө каршы күрөштө багыттоого, "Ал-Каида" менен биригүүгө аракеттенген деп, 2003-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти аны “глобалдуу террорчулардын” тизмесине киргизген.

Хекматияр кайда баш пааналаганы так белгисиз, айрым маалыматтар боюнча кошуна Пакистанда жашырынып жүрүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG