Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

Талиптер немис консулдугуна кол салды


Немис консулдугу, Ооганстан
Немис консулдугу, Ооганстан

«Талибан» кыймылынын согушкерлери Ооганстандын Мазари-Шариф шаарындагы немис консулдугуна кол салып, ондогон адам жабыркады.

Алардын көбү аялдар менен балдар. Жергиликтүү бийлик “Азаттыктын” ооган кызматына билдиргендей,10-ноябрдын түнү жанкечти жардыргыч зат салынган автоунааны консулдуктун дубалын сүзүп өтүп жардырган. Ал жерден башка согушкерлер имараттын ичине кирүүгө аракеттенишкен.

Кол салуу үчүн «Талибан» кыймылынын өкүлү жоопкерчилик алды. Түнү менен аймакта ок атышуулар угулуп турган. Бирок ооган коопсуздук кызматы каршылашуу уланып жатат деген кабарларды четке какты. Күбөлөрдүн айтымында, жаракат алгандардын арасында консулдуктун жанында жайгашкан үйлөрдүн тургундары да бар. Дарыгерлер Мазари-Шариф ооруканасына 30 адам түштү деп билдиришти.

XS
SM
MD
LG