Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:45

Орозодо Ооганстанда чабуулдар күч алды


Кандагардагы жардыруу болгон жерден чыккан кара түтүн. 22-май, 2018-жыл.
Кандагардагы жардыруу болгон жерден чыккан кара түтүн. 22-май, 2018-жыл.

Ооганстандын түштүгүндө 22-майда болгон чабуулдарда 31 кишинин өмүрү кыйылды. Кандагар шаарындагы жардыруу 16 кишинин өмүрүн алса, Газни провинциясындагы кол салуулардан ондон ашуун адам мерт кеткен. Бир күн мурда “Талибан” кыймылы жазгы чабуулдардын алкагында баш калаа Кабулда да кол салууларды күчөтөрүн белгилеген.

Өлкө түштүгүндөгү Кандагар шаарында уюштурулган жардырууга күбө болгондордун бири Ахмад Улла дагы эле өзүнө келе албай, нес болуп турганын жашырбайт.

- Жардыруудан көп киши курман болду, арасында балдар, жаштар жана улгайган адамдар бар. Окуя эл жыш отурукташкан райондо болгондуктан тез жардам автоунааларынын жана тиешелүү жардам бере турган кызматтардын жардыруу болгон жерге жетиши бир аз кыйын болуп жатат.

Кандагардагы жардыруу болгон жер. 22-май, 2018-жыл.
Кандагардагы жардыруу болгон жер. 22-май, 2018-жыл.

22-майда болгон кош жардыруу 16 кишинин өмүрүн алып, отузга чукулу ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышты. Айрымдардын айтымында, жардыруучу зат чакан автобустун ичине коюлган, башкалары болсо бомба устаканалардын биринин короосундагы автоунааларга салынган.

Миравис райондук ооруканасынын башкы дарыгери Абдул Каюм Пухла маалымдагандай, курмандыктардын арасында карапайым адамдар да, коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү да бар.

- Ооруканага түшкөндөрдүн арасынан 16 адамдын өмүрүн сактап кала алган жокпуз. Азыр 17 адамга тиешелүү жардамдарды көрсөтүп жатабыз. Жеңил жараат алгандар тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин чыгарылды.

Жардыруулар үчүн жоопкерчиликти эч ким өз мойнуна ала элек. Кандагар провинциясы маңзаттын чордону жана талибдердин негизги уюгу катары саналат.

Ал эми өлкө чыгышындагы Газни провинциясында “Талибан” кыймылынын согушкерлеринин кол салууларынан кеминде 14 полиция кызматкери набыт болду. Аймактык кеңештин мүчөсү Хасан Реза Юсуфи билдиргендей, Дих Як районундагы чабуулдан жети полициячы курман болгон. Алардын арасында райондук полициянын башчысы да бар эле. Ал эми дагы жети полиция кызматкери Жагхату районундагы чабуулда өлтүрүлгөн.

Талибдердин кол салуулары 21-майдын кечинде башталып, Дих Як, Жагхату, Айристан жана Карабах райондорунда кийинки күнгө чейин уланган. Газнидеги провинциалдык кеңештин башчысы Латифа Акбари “Талибан” кыймылынын согушкерлери аталган райондордогу бир нече өткөрмө-текшерүү бекеттерине кол салышканын ырастады. Талибдердин өкүлү бул чабуул үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алды. Забихулла Муджахиддин айтымында Жагхату районунун администрациясы жана Ди Як районундагы өткөрмө-текшерүү бекеттери талибдердин карамагына өттү.

Ооганстандын түштүгүндөгү Пактия провинциясындагы өткөрмө-текшерүү бекетине талибдердин кол салуусунда эки полиция кызматкери курман болду. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маалымдашты.

Бир күн мурда "Талибан" кыймылы ооган баш калаасында жаңы чабуулдарды уюштурууну көздөп жатканын айтып, кабулдуктарга "аскерий борборлордон" оолак болууну эскертти. 21-майда Интернетте тараган талибдердин билдирүүсүндө кол салуулар жылдык чабуулдардын алкагында "душмандардын аскерий жана чалгын борборлоруна багытталарын" билдирген.

Буга чейин февраль айында ооган бийликтери талибдерди тынчтык сүйлөшүүлөргө чакырган. "Талибан" кыймылы жана "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу баш калаа Кабулда соңку айларда бир нече ири жардырууларды уюштурушту. 30-апрелде жанкечтилер жасаган кош жардыруулар 25 кишинин өмүрүн алды, алардын арасында тогуз журналист да болгон. Ал калаба үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" радикал уюму алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG