Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:41

"Бороондордун падышасы" Кытайга жетти


Филиппиндин борбору Манила, 15-сентябрь, 2018-жыл.
Филиппиндин борбору Манила, 15-сентябрь, 2018-жыл.

Филиппинде ондогон кишинин өмүрүн жалмаган “Мангхут” тайфуну Кытайдын түштүк тарабына жетти. Мындан улам Кытайдын бир нече аймагында 2,5 миллиондой киши коопсуз жайга көчүрүлдү. Дүйнөнүн батышында болсо “Флоренс” бороонунун коркунучу дале басаңдай элек.

Суу-ташкын, катуу шамал жана жер көчкү менен коштолгон “Мангхут” тайфуну соңку бир канча күндөн бери Түштүк-Чыгыш Азияны бушайманга салууда. “Бороондордун падышасы” деп мүнөздөлгөн кубаттуу тайфун 17-сентябрда Кытайдын түштүк тарабына жетти. Бул аймакта ушул сааттарга чейин эки адамдын өмүрү кыйылганы тастыкталды.

Тайфундун кесепети деңиз жээгиндеги гана эмес, Кытайдын ички бөлүгүндөгү айрым шаар-кыштактарга да тиет деп күтүлүүдө.

Мындан улам Гуандун провинциясы менен Хайнань аралындагы кеминде 2,5 миллион киши коопсуз жайларга көчүрүлдү.

Кытайдын Гуандун провинциясы, 16-сентябрь, 2018-жыл.
Кытайдын Гуандун провинциясы, 16-сентябрь, 2018-жыл.

Кытайга жеткенге чейин “Мангхут” тайфуну дем алыш күндөрү Филиппинде 60тан ашык кишинин өмүрүн жалмап, чоң кыйроо алып келди. Бул өлкөдө ишемби күнү катуу жамгыр менен коштолгон шамаалдын ылдамдыгы саатына 205 чакырымга жетти.

Тайфундун айынан Бенгет провинциясында жер көчүп, 30дан ашык кенчини басып калды. Дайыны чыкпай жаткан ондогон адамдардын жакындарынын үмүтү дале үзүлө элек.

- Алар аман-эсен болсо экен деп кудайдан тилеп жатам. Кокус каза тапкан болсо да, аларды алып чыгышса, кичине жеңилдеп калат элек, - деди жакын тууганын издеп жаткан жергиликтүү тургундардын бири Анна Бадангайон.

Филиппиндин Тугегарао шаары.
Филиппиндин Тугегарао шаары.

Дем алыш күндөрү Гонконг да катуу кыйроого учурады. Социалдык тармактарга жарыяланган видеолордон катуу шамалдан улам курулуш жүрүп жаткан аймактарда крандар кулап, имараттардын айнектери талкаланып калганын көрүүгө болот.

Тайфундан улам аба жана поезд каттамдары токтотулуп, чоң жолдор да жабылды. Гонконгдо баш-аягы 300 киши жаракат алганы белгилүү болду.

- Мен эч качан мындай кооптуу абалда калган эмесмин. Бак-дарактар тамыры менен кошо омурулуп калды. Деңизден келген суунун үстүндө толгон-токой нерсе, көбүк калкып жүрдү, - деди Гонконгдун тургуну Эми Лоу.

Кытайдын Гуандун провинциясы, 17-сентябрь, 2018-жыл.
Кытайдын Гуандун провинциясы, 17-сентябрь, 2018-жыл.

Тайфундан улам Макаонун тарыхында биринчи жолу дүйнөнүн булуң-бурчуна атагы чыккан казинолор да убактылуу жабылды. "Мангхут” тайфунунун күчү шейшемби күнү басаңдайт деп кабарланды.

Планетанын батышында болсо “Флоренс” бороону өткөн аптадан бери кеминде 15 кишинин өмүрүн алды. АКШнын Түндүк Каролина аймагында катуу шамалда кулаган бак бир аялды ымыркайы менен кошо басып калды. Кошмо Штаттардын түштүк-чыгышындагы бир катар аймактарда сел коркунучу кала берүүдө.

Жээкке жеткенде ыламдыгы саатына 233 чакырымды түзгөн “Флоренстин” күчү басаңдап калганы кабарланды.

"Флоренс" бороонунун кесепети, Түндүк Каролина, АКШ, 16-сентябрь 2018-жыл.
"Флоренс" бороонунун кесепети, Түндүк Каролина, АКШ, 16-сентябрь 2018-жыл.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG