Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:24

Айтбаев: Мигранттар маалыматтан аксайт


Федералдык миграция кызматынын өкүлү мигранттардын документин текшерүүдө, 2011-жылдын 3-марты.
Федералдык миграция кызматынын өкүлү мигранттардын документин текшерүүдө, 2011-жылдын 3-марты.

"Замандаш" ассоциациясынын өкүлү Азамат Айтбаев миграция маселелери тууралуу суроолорго жооп берди.

“Азаттык”: Кийинки кезде Ошто, Бишкекте миграция агымы күчөгөн экен. Соңку маалымат боюнча, кеткендердин саны 10 пайызга өсүптүр. Эгерде ушундай жүрүш менен кетсе 10-15 жылдан кийин эмне болот? Миграция өлкөнүн демографиялык-экономикалык абалына кандай кесепетин тийгизиши ыктымал?

Азамат Айтбаев: Кеткендердин көбөйүп кетиши былтыркы чоң каргашалуу окуялардан улам болсо керек. Бирок азыр баары эле сыртты күтүп жаткан жок. Кыргызстанда калып, үмүт менен келечекти ойлогондор да арбын. Тээ 90-жылдары чыгып кеткен алгачкы муун азыр буттарына туруп, чоң ишкерлерге айланышты. Алар ири инвестициялык долбоорлор менен кайра Кыргызстанга кайтып келүүнү көздөп турушат. Биз аларды чоң кепилдик менен алып келсек өлкөнүн ичинде жумуш орундар түзүп, экономикага салымдарын кошушат.

Өзүңөр билгендей, Кыргызстандын сыртта жүргөн жарандарынан келген акчанын суммасы 1 миллиард доллардан ашат. Бул өлкөнүн азыркыдай стабилдүү туруусуна чоң жардам берет. 10-15-жылдын ичинде Кыргызстандан ишке жарамдуунун баары чыгып кетет деген коркунуч жок. Эгерде мен айткандай биздин мекендеш инвесторлор келип мурункудай алдым-жуттумдардын жолуна түшпөй, “шапкесин” суратпай, биздин аткаминерлерибиз алардын алдын түптөп берсе мекендеш ишкерлер чоң-чоң ишканаларды куруп, жумуш орундар түзүлөт.

“Азаттык”: Өлкөнүн азыркыдай абалында өкмөттүн миграция саясаты кандай болушу керек деп ойлойсуз? Кыргыз бийлиги четтеги жарандарынын укугун коргоп жатабы?

Азамат Айтбаев: Биздин Миграция министрлиги Кыргызстандын ичинде эле иш алып барып жатат. Эми алар бул жакта маалыматты элге жеткиргидей иш алып барса жакшы болот эле. Анткени сыртка чыгып жатканда маалымат алып кетсең көп жерден кордукка илинбейсиң.

Кыргызстандын ичинде маалымат жеткирүү аксап жатат. Ошол эле эл аралык уюмдардын көмөгү менен түзүлгөн коомдук уюмдар да так жеткизе албай жатышат. Анткени маалымат кампаниясы ар бир айылга, ар бир үйгө жетиши керек. Сыртка чыкканда өзүңдү кандай алып жүрүшүң керек, жаныңда кандай документтер болушу керек, деп жер-жерлерде, автобекеттерде, аэропортто, темир жол бекетинде көп көрнөк-жарнактарды илип койсо көп адамдар үчүн жакшы болмок. Бизде тескерисинче көп мигранттар сырттка чыккандан кийин гана эмне керек экенин билип калып жатышат.

“Азаттык”: Сиз өзүңүз да Италияда мигрант болуп иштеп келген экенсиз. Ал жактагы кыргыздардын абалы кандай? Кабар алып турасызбы?

Азамат Айтбаев: Италиядагы кыргызстандык мигранттардын саны деле көбөйгөн жок. Бирок бирин-серин барып жатышат. Бирок кубанычтуу жагы мурдагыга караганда ал жакта мыйзамсыз жүргөн жарандарыбыз азаюуда. Азыр дээрлик 40-50 пайызы легалдаштырылды. Атаандаштык жакшы сапатты жаратат дегендей кыргыздар топтошуп жашаган шаарларда, мисалы Неапаль шаарында эки коомдук уюм ачылды. Бирөө мурунтан иштеп келаткан, кийинкиси жакында эле ачылып, бет ачаары болду. Ошолордун негизинде акыркы убакта көп маданий иш-чаралар өтүп жатат. Ошондой эле кыргызстандык жарандарга консультацтиялык жардам беришип, социалдык тармактардан кандай жардам алса болот деп кеп-кеңеш берип жатышат.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG