Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:24

Айтматов - биз үчүн руханий казына


Чыңгыз Айтматов Брюсселдеги кеңсесинде.

Мага Чыңгыз Төрөкулович менен эки жолу олтуруп, терең баарлашуу бактысы буюрду.

Биринчиси - мен 1993-жылы декабрь айында атайын чакыруу менен Франциянын Страсбург шаарында өткөн Адам укуктары боюнча бүткүл дүйнөлүк семинарга катышканы барган элем. Семинардын иши аяктап калган күндөрү телефон аркылуу Чыңгыз Төрөкуловичке байланыштым. Буга чейин эле улуу жазуучу менен жолугушууну эңсеп жүргөм. Анан "чет элге барып, ушундай мүмкүнчүлүк болуп турса кантип кетирейин" дедим. Ал кезде Чыңгыз агабыз Орусия Федерациясынын Люксембургдагы элчиси кызматын аркалап жаткан.

Телефонду Чыңгыз Төрөкулович өзү алды. Баарыбызга тааныш коңур үндү укканда маңдайым жарыла сүйүнүп, Кыргызстанда жүргөндөй болуп кеттим. Мен Страсбургга келгенимди айтып, ал кишиге жолугуп кетүү максатымды билдирдим. Улуу жазуучу ошол замат макул болуп, тосуп алаарын айтты. Мен Страсбургдан Люксембургка чейин поезд менен барып, ал жерден Чыңгыз Төрөкуловичтин айдоочусу тосуп алып кетти.

Жолдо болгон бир күтүүсүз жолугушуу тууралуу да кыскача айта кетейин.

Поездде бара жатып бир чет элдик аялдын улам тигилип, бир китепти окуп баратканына кызыктым. Ал китепте кыргыз кызынын сүрөтү тартылган жерин көрүп, ого бетер кызыгып ал аял менен сүйлөшө кеттим. Анча-мынча англис тилин билгеним жардам берди. Көрсө ал аял Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" деген чыгармасын чын дити менен окуп баратыптыр. Китепте тартылган сүрөт Ильястын улуу сүйүүсүнө арзыган Аселдин сүрөтү экен.

Брюсселдеги Айтматов тууралуу сүрөттөр.
Брюсселдеги Айтматов тууралуу сүрөттөр.

Ал жүргүнчү аял менин кыргыз экенимди, Ильяс аварияга учураган Долон ашуусун далай ашканымды, ушул чыгарма жаралган Кыргызстандан келгенимди угуп, "кыргыз улутунун өкүлүн биринчи көрүп, сүйлөшүп жатканым үчүн бактылуумун, кыргыздар менен сүйлөшсөмбү деп эңсеп жүргөм" деп колумду кыса кармады. Анан менин Чыңгыз Айтматовго жолугушканы баратканымды угуп, ого бетер таң калып, мага суктанып, "кыргыздар, силер Чыңгыз Айтматовдой жазуучуңар бар, бактылуу элсиңер" деп Чыңгыз Төрөкуловичке мен аркылуу ысык саламын айттырып жиберди.

Бул чыныгы болгон окуя. Мен Европада жашаган бир жөнөкөй эле кыргыз жараны тууралуу айткан пикирин угуп, ушунчалык өзүмдү бактылуу сездим. Эгер Айтматов сыяктуу улуу жазуучу болбосо, башка өлкөнүн жарандары минтип кыргыздарды ыйык улут катары көрүп сыйлап турбайт эле. Мына, Айтматовдун өз эли үчүн жасаган ат көтөргүс эмгеги.

Ошентип, өзү иштеген элчиликте Айтматов мени дасторконун жайып, калдайып тосуп алды. Ал кезде Айтматов 64 жашка жаңы чыккан курагы. Мен анын экинчи уулу Аскар менен тең болчумун.

Айтматов жолугушканда эле улуулугун көргөзүп: "Уулум , адам укуктары боюнча биздин улутта буга чейин аракеттенген адам болгон эмес. Бул улуу ишти аянбай аркалап кетсең азаматтык кыласың. Адам укуктарын коргоо Европада жаралып, булар адам укуктарына чоң маани беришет, бул баштаган ишиңе ийгилик каалайм" деп батасын берген эле. "Балким улуу адамдын батасы тийип, отуз жылга чукул ушул ишти аркалап жүрөмбү" деп ойлонуп кетем.

Менин кайсы окуу жайын бүткөнүмдү сурап отуруп, ветеринардык факультетти бүткөнүмдү укканда бир чети сүйүнүп, бир чети таң кала түштү. "Өзүң ветеринар болуп туруп кантип адам укуктарын коргоо жолуна түштүң?" деген мыйзамдуу суроосун берип, өтө кызыгып менин жообумду күтүп калды.

Мен да жөн калбай, ал кишиден сүрдөп калбастан, юморго салып: "Зоотехник болуп туруп сиз бүт эл сүйүп окуган дүйнөлүк жазуучу болдуңуз, менин кесибим ветеринар болсо да балким эл аралык деңгээлдеги укук коргоочу болуп калаармын" деген ирониялык жообумду узаттым. Улуу жазуучу менин бул сарказмга негизделген жообума аябай ыраазы болуп кубанып калды. Мага ишеним артты. Ошондо мен жанагы поездде жолуктурган аял тууралуу, аны менен менин болгон маектешүүмдү айтып, анын саламын жеткирдим.

Чыңгыз Төрөкулович анын саламына ыраазы болуп, Европада жүрүп өзүнүн көп чыгармаларын жазууга мүмкүнчүлүгү болуп жатканын жана Европа коомчулугу менен кеңири жолугушуу болуп тураарын билдирди. Бирок сөз үстүндө бир аз кайгырып, "ушундай жолугушуулардын баары убакытты уурдап, чыгарма жазууга кедергисин тийгизет экен" деп өкүнгөнүн да айтып алды.

Анан мен учурдан пайдаланып сүйүүнүн поэзиясына айланган "Жамийла" повестинин жаралышы тууралуу да суроо узаттым. Негедир улуу жазуучу бир саамга ойлоно калып, ою менен тээ тереңге сүңгүп киргенин билдирип, жооп бере баштады.

"Ар бир чыгарманы жаратууда жазуучунун өз туюму, өз образы болот. "Жамийла" чыгармасын жазууда да Жамийланын феноменин образдуу кылып жаздым. Турмуш жүзүндө андай болгон эмес. Бирок жазуучунун көркөм фантазиясы ушундай чыгармаларды образдуу кылып жазып коё алат" деген жообун берди. Мен бул жоопту угуп, ичимден таң калып койдум. Биз болсо "Жамийланын тагдыры чынында эле ушундай болгон экен" деп ойлоп жүрчүбүз да.

Чыңгыз Айтматов Брюсселде.
Чыңгыз Айтматов Брюсселде.

Менин институттагы мугалимим, улуу академик Арстанбек Алтымышевдин жубайы Тамара Назаровна Алтымышева да (алар эң жакын үй-бүлөлөрдөн болгон) бир жолугушууда Чыңгыз Айматовдон "Жамийла" повестинин жаралышы тууралуу сураганда ал эжеге да жогорудагы мага бергендей эле жообун берген экен.

Ошондо гана Айтматовдун тазалыгына, ар бир адамга ымандай сырын төгүп чындыкты айтаарына ынандым.

Ошентип, биздин бир сааттан ашык жолугушуубуз аяктап калганда улуу жазуучу дагы бир жолу батасын берип, бир сумкага толтура үйгө белек бердиргени эсимден кетпейт.

Ошол Чыңгыз Айтматов берген сувенирди мен келинчегим Гүлмиранын отуз жылдыгына белек катары бергенимди унута албайм. Мына ал адамдын жөнөкөйлүгү, улуулугу ушундан эле көрүнүп турат.

Ал киши ушуну менен эле чектелип калбастан Александр деген айдоочусун кошуп берип, бир күн бою Люксембург шаарын кыдыртып, дүйнөдөгү эң узун көпүрөдөн ("Киши өлтүрүүчү көпүрө" деп коет экен) өтүү бактысына ээ кылды. Кечке чейин улуу агабыз иштеп жана жашап жаткан шаарды кыдырып рахаттанып, кечинде кайрадан Страсбургга кайтып кеттим.

Бул жолугушуу мындан туура 25 жыл мурун болсо да ал улуу агабыздын мага деген мамилеси, камкордугу, боорукердиги жана айкөлдүк ыйык сапаты ушул убакка чейин эсимден кетпейт.

Бир өкүнгөнүм - ошол көз ирмемди чагылдырган, улуу адам менен бирге түшкөн сүрөттүн болбой калганы.

Бул менин эскерүүм улуу жазуучунун 90 жылдыгына карата менин белегим деп эсептейм.

Турсунбек Акун, укук коргоочу

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG