Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

Алжир: барымта курмандыктарынын 37си - чет өлкөлүктөр


Жекшембиде окуя болуп жаткан жерге жакын аймакка айрым расмий өкүлдөр да барышкан, 20-январь, 2013
Жекшембиде окуя болуп жаткан жерге жакын аймакка айрым расмий өкүлдөр да барышкан, 20-январь, 2013

Алжирдин премьер-министри Абделмалик Селлал дүйшөмбүдөгү маалымат жыйынында “барымтадагыларды бошотуу операциясынын жыйынтыгында чет өлкөлүк 37 жаран набыт болгонун” тастыктады.

Алжирдин коопсуздук күчтөрү чөлдөгү газ заводунда барымтадагыларды бошотуш үчүн ишембиде баштаган атайын операциянын жыйынтыгында 48 адам өлгөнүн ырасташкан эле.

Дүйшөмбүдө кечке жуук премьер-министр Селлал маалымат жыйынында билдиргендей, көз жумгандардын 37си чет өлкөлүктөр жана алар сегиз башка мамлекеттин жарандары.

Өкмөт башчынын айтымында, чет өлкөлүк жети адамдан дале дайын жок.

Алжирдеги барымта окуясы төрт күн дегенде өткөн жекшембиде аяктады. Анда Жапониядан жети, АКШдан үч, Британиядан үч киши өлдү. Набыт болгон же жоголгон чет өлкөлүктөрдүн катарында Норвегия, Румыния, Малайзия жана Филиппиндин жарандары да бар.

Дүйшөмбүдө Алжирдин премьер-министри жергиликтүү аскер күчтөрү барымтадагыларды бошотуш үчүн заводго чабуул коюшканын колдоп, “антпесе барымтачылар заводду жардырып жиберишмек”, - деди. Мындан мурдараак окуяда жабыркаган айрым өлкөлөрдүн саясий жетекчиликтери алжир бийликтерин “макулдашпай туруп эле чечкиндүү чара көргөнү үчүн” сындашкан.

Ин Аменас шаарындагы газ заводуна кол салган 32 исламчыл козголоңчу, Селлалдын айтымында, коңшулаш Малиден келген жана арасында Египет, Нигер, Мавритания, Тунис, Мали жана Канададан келгендер бар. Ал барымтачылардын 29у өлтүрүлгөнү, үчөө камакка алынганы айтылды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG