Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Мугалимдер англис тилин жаңы ыкма менен окушту


“DyNed” борбору АКШдагы Силикон өрөөнү сунуштаган тилди аралыктан окутуу ыкмасы менен иштейт
“DyNed” борбору АКШдагы Силикон өрөөнү сунуштаган тилди аралыктан окутуу ыкмасы менен иштейт

Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын каржылык колдоосу менен эл аралык DyNed платформасы Кыргызстандын туш тарабындагы 20 англис тилчи мугалимди окутууда.

Бул курста мугалимдер англис тилин окуучуларга заманбап ыкмалар менен үйрөтүү жөндөмүн арттырып жатышат.

Бишкектеги англис тилин окуткан “DyNed” борбору АКШдагы Силикон өрөөнү сунуштаган тилди аралыктан окутуу платформасынын негизинде орто мектеп, гимназиялардагы 20 мугалимге үч айлык тренинг-курстарды уюштурду. Анын максаты – англис тилин окутуу жана үйрөтүүнүн заманбап ыкмаларын жайылтуу.

Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатынын мугалими Айзада Апазова да бул тренингге катышкан. Ал өз тажрыйбасы тууралуу буларга токтолду:

“Кыргызстандагы мугалимдер окуучуларга аралыктан, онлайн сабак өтүүгө даяр эмес экен. Анан мен өз ыкмаларымды жакшыртып, интернеттен балдарга таасирлүү сабак өтүш үчүн бир нече курстарга катыштым. Алардын ичинен БУУнун өнүктүрүү программасынын англис тилин окутуу ыкмаларын жакшыртуу платформасы мага өзгөчө жардам берди. Азыркы биздин пандемиялык шартка өтө ийкемдүү экен. Балдарга оозеки англис тилинде туура сүйлөө, баарлаша билүү көндүмдөрүн жөнөкөй жолдор менен эле үйрөтсө болот экен”.

Кыргызстанда англис тилин окутуу усулдары эски

Долбоор үч айлык, 1-июлда башталган. Ага жалаң англис тилчи мугалимдер катышууда. Пандемия маалында бул саамалыкка катышкан мугалимдер ооруганына, үйдөгү түйшүккө карабай, биринчи айды 90% ийгиликтүү аяктап, англис тилинин В1, В2 даражасына чейин жетишти.

Пандемия башталганда БУУнун өнүктүрүү долбоору “Коронавирус маалындагы инновациялар” аттуу долбоорлор конкурсун жарыялап, “DyNed” борбору бул конкурста жеңип чыккан.

Жыйырма мугалим курсту ийгиликтүү окуп жатат
Жыйырма мугалим курсту ийгиликтүү окуп жатат

Борбордун жетекчиси Айнура Сагынбаева долбоор тууралуу буларга токтолду:

“Биз конкурс жарыялап, Бишкек, Ош, Кара-Кол, Чолпон-Атадагы орто мектептердин, гимназиялардын жыйырма мугалимин тандап алдык. Алардын курагы 25тен 65 жашка чейинкилер. Мектептердин окутуу тилдери ар башка. Орус, кыргыз тилдүүлөр аралаш. Мугалимдер буга чейин деле адистигин жогорулатуу боюнча окууларга катышып жүргөн. Бирок, алардын айтымында, анча жыйынтык чыкпаптыр. Биздин курс алардын окутуу эле эмес, тил билүү деңгээлин да жогорулатып койгонун айтып, сүйүнүп жатышат. Онлайн окутуу өтө кыйын эмеспи, айрыкча пандемия шартында мугалимдер арасында ооругандар, жаш төрөп, ымыркайы менен сабакка катышкандар да болду. Кандай болсо да алар бул курсту ийгиликтүү окуп, коюлган максаттарга жетүүнү көздөп жатышат”.

“Коронавирус маалындагы инновациялар” долбоору тууралуу БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Женти Криш Вуд Билим берүүдө инновация абдан чоң роль ойнорун белгиледи:

“Билим берүүдө инновация абдан чоң роль ойнойт. Айрыкча пандемия шартында окутуунун жаңы ыкмалары өтө маанилүү. БУУнун өнүктүрүү программасы коронавирус шартында инновациялык жол менен билим берүү сапатын арттырууну колго алып, муну ишке ашыргандарды колдоого дайым даяр”..

Айына 40 саат окуган мугалимдер апта сайын алган билимин жыйынтыктап тест тапшырып жатышат. Үч этаптан турган долбоордун экинчи баскычында 5-6-класстын окуучуларына англис тилин үйрөтүүнүн заманбап ыкмалары окутулат. Ага үч мугалим окуучулары менен катышат. Уюштуруучулар мугалимдердин социалдык медиадагы сабаттуулугун да ачууга аракет кылышууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG