Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Апта: Бириндей баштаган ”Бригада”, сабалган саясатчылар


Сузак районундагы Барпы айылында болгон Камчыбек Ташиевдин жердештеринин каршылык акциясы
Сузак районундагы Барпы айылында болгон Камчыбек Ташиевдин жердештеринин каршылык акциясы

Бул аптада Кыргызстанда адам укуктарынын эл аралык күнү белгиленди. Камчыбек Ташиев өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан кетти. Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун соту 17-декабрга которулду.

Кыргызстанда укуктарды сактоодон, сабоо көбөйүп баратабы?

Кыргызстан кайда барататат? Өлкөдө кандай коом түзүлөт?- деген суроолор 10-декабрда Адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык күнү Жогорку Кеңеште, Акыйкатчы Мамлекеттик тарых музейинде уюштурган жыйында курч коюлду. Суроолордун курч коюлушуна 9-декабрда кечинде “Кут” партиясынын лидери Болот Жанузаковдун катуу сабалышы жана саясат таануучу Александр Князевдун төпөштөлүшү салымын кошту окшойт.

Бул эки инсандын сабалышынын себеби алардын мурунку президент Аскар Акаевди Кыргызстанга алып келүү аракети менен байланыштуу экени ачыка чыгууда. Белгилүү болгондой Болот Жанузаков Аскар Акаевди Чыңгыз Айтматовдун 12-декабрга белгиленген ашына чакырып келүү менен анын өлкөгө кайтып келүүсүн уюштурууга далаалат кылып жаткан.

Анын үстүнө мурунку башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев 18-ноябрда журналисттер менен жолугушууда Аскар Акаевдин Кыргызстанга келишине эч кандай тоскоолдук жок экенин билдирген. Мына ошондон кийин Акаевдин тарапкерлери аны Кыргызстанга алып келүү иштери активдештире баштаганы байкалып турат. Болот Жанузаковдун сабалышы мына ошол Аскар Акаевди
чакыруу аракетине байланыштуу экенин иниси Канат Жанузаков тастыктоодо:

- Бул сабоонун себеби, Болот Жанузаковго мурунку президент Аскар Акаевди Чыңгыз Айтматовдун ашына чакыруу менен кайрылган таластык карыялардын келип, (ашка кел деп) өтүнүп кетүүсүнө байланыштуу болду. Сабаган адамдар Болот Жанузаковдун курундагы кол телефонун алып кетишкен. Бул саясый заказ, эскертүү акциясы деп түшүндүк .

Милиция кызматкерлери болсо Жанузковдун сабалышын аны тоноо аракети менен байланыштырууда.

Александр Князевдин төпөштөлүшү да Аскар Акаевге байланыштуу болгондой. Анткени Князевдун айтымында ал жакынкы өткөн күндөрү Москвада Аскар Акаев менен жолугушуп келген болчу.

Кыязы дал ошол үчүн экөө ыдык көрүп, алардын жолугушууларынан маалымат алуу үчүн Князовдун ноутбугу, ал эми Болот Жанузаковдон чөнтөк телефону алынган.

Социал-демократиялык фракциянын лидери Роза Отунбаева бул окуяларды санап, өлкө орто кылымга карай баратканын парламентте билдирди:

- Кечинде Болот Жанузаков, саясат таануучу Александр Князовду өздөрүнүн үйүнүн алдында бирөөлөр катуу уруп кетти. Бизде азыр Кыргызстанда адам укуктары дегенде менин оюмча, азыркы кырдаал биздин такыр эле орто кылымга кетип баратканыбызды көрсөтүп жатат. Бир топ журналисттер сабалды. Өлтүрүлгөн Алишер Саиповдун өкүмүн Жогорку Сот ордунда калтырды. Кубанычбек Жолдошев Оштон кетишке мажбур болуп жатам деп атат. Ошондой эле Исмаил Исаков, Жекшенкулов, Булекбаев, Аргынбаев, Рыскуловдун иштери жокко чыкты. Ошого карабай булардын баары куугунтукта, сотто болуп жатышат. Булардын балдары, башка саясатчылардын балдары качып жүрөт. Ошол эле учурда президент өзүнүн уулун өзүнө орун басар кылып, Акүйгө алып келип жатат. Президент Конституциянын гаранты катары бизге кепилдик бериш керек. Биз кантип жашайбыз ушул өлкөдө?

Ага жооп кылган президенттин парламенттеги өкүлү Досалы Эсеналиев Отунбаеваны жүйөөлөр менен сүйлөөгө чакырды:

- Роза Исаковна дайым ушундай позицияда, эмоцияга алдырып келатат. Ал өзүнүн жеке, илгерки таарынычтарын алып салса жакшы болот эле. Фракциянын лидери катары сүйлөсө фактылар менен сүйлөсө жакшы болот эле. Бирок андай болгон жок. Баягы эле радикалдык чакырыктары менен сүйлөп жатат.

Кыргызстан акыйкатчысы Турсунбек Акун адам укуктарын сактоодо алдыга жылуулар менен кошо 2007-жылдан баштап артка кетүү күчөгөнүн айтып, буларга токтолду:

- Журналисттерди уруп-сабоо, өлтүрүп кетүү фактылары болуп жатат. Мына Алишер Саиповду өлтүргөн адам ушул кезге чейин
табыла элек. Бирөө да жазаланган жок. Жакында эле журналисттер дагы сабалды. Князевду уруп кетиптир. Башка адамдарды уруп атат. Мына ушул фактылар Кыргызстанга жакшы аброй алып келбейт.

Акыркы окуялар өлкөдө саясий күрөштүн жаңы өңүттөрүнөн, ал эми бийликтин аларды баш көтөртпөө аракеттеринен кабар берип турат.

“Бригада” бытырайбы?

Бийлик демекчи, узап бараткан жумада президент Баткен облусунун губернатору Маратбек Жумабековду жана өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевди кызматынан бошотту. Экөөнө тең кылмыш иштери козголуп, камакка алынуу коркунучу жок эмес. Маратбек Жумабеков Кадамжай районунун мурунку акими Асамидин Ташов айткандай “акча жыйноо” жагынан чалынып жатса, Камчыбек Ташиевдин абалы жана ага байланыштуу чатак бир топ олуттуу.

Камчыбек Ташиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корундагы 18 млн. сомду министрликтин кызматкерлерине үй куруп бергени үчүн өкмөт башчы тарабынан зекилип, ошондон кийин кызматтан кетерин билдирип чыкты. Бул чатактын ачык болгон расмий жагы. Бирок анын көмүскөдөгү себептери да бар.

Камчыбек Ташиев элге белгилүү болгон, курамына Марат Султанов, Ахматбек Келдибеков, Садыр Жапаров кирген, кезинде Улукбек Ормонов, Искендер Гаипкулов катарында жүргөн “Бригада” аттуу саясий топтун активдүү мүчөсү. Андан сырткары “Томас” аттуу компаниясы менен өлкөнүн түштүк регионунда мунай бизнеси боюнча алдыңкы орунда турат.

Амбициясы ашып-ташкан, капчыгы калың Ташиев азыр болбосо да келечекте азыркы бийлик башындагыларга олуттуу жоо болуп чыгышы ыктымал. Ошондуктан Ташиевди “тизеге” чабуу менен 2014-жылдын камы, мунай бизнесин колго алуу аракети да тургандай.

Анын үстүнө бийлик башындагылар учурда Бишкекте “БНК” аттуу мунай компаниясын катуулап уюштуруп, “Газпромнефти” менен таймашууну баштоодо. “Томас” колго тийсе, ал таймаш көбүрөөк реалдуу мүнөзгө ээ боло баштайт эмеспи.

Ошентип, өкмөт башчы Данияр Үсөнов менен Ташиевдин кагылышында президент өзүнүн өкмөт башчысын колдоп койду. Натыйжада Ташиев кызматтан кетип, Үсөновду кызматтан кетирүүгө бардык күчүн жумшаарын билдирди:

-Оппозициялык маанайда кыймыл түзүү менин оюмда жок. Бирок өкмөт башчысын алмаштырууга мен бардык күчүмдү үрөймүн.

Күтүлгөндөй эле 12-декабрда Камчыбек Ташиевдин тарапкерлери Жалал-Абадда каршылык акциясына чогулушуп, өз жердешинин ишинде адилеттүүлүктү талап кылышты. Ташиев өз кезегинде президент Курманбек Бакиевдин тарапкери экенин айтып, колдоочуларын тарап кетүүгө чакырды.

Бирок бийлик Эсеп палатасы аркылуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде 12 млн. сомго жакын каражат мыйзам бузуулар менен пайдаланылганын, Финансы полициясы кылмыш иштерин козгогонун кабарлап, Ташиевди эмнелер күтүп жатканын эскертип койду.

Саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде Ташиевдин айланасындагы чатак өнүгөт:

- Мен ойлоймун, Ташиевдин кетиши менен чатак бүтпөйт. Белгилүү болгондой Ташиев мурун министр боло электе туугандары чогулуп, Бакиевге кысым кылышкан. Ошондон кийин Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына келген. Мен ойлоймун, бул окуянын артынан дагы чоң саясат чыгат. Нааразылыктар чыгат. Анткени Ташиевдин туугандары бар, жердештери бар. “Бригада” деле биригип башка саясат баштап жатат. Келдибеков, Султанов кирген “Бригадага” Ташиев да кирет.

Ташиев менен Үсөновдун чатагы чыккан өкмөт жыйынында келерки жылдын бюджет долбоору талкууланган. Долбоордо бюджеттин кирешеси 51 млрд сом, чыгашасы 65 млрд сом деп белгиленип жатат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров:

-Бюджеттин чыгаша бөлүгү 65 млрд. сомдун тегерегинде, таңсыктык 12-13-млрддын тегерегинде болуп жатат. Тактап жатабыз. Анткени биз быйыл 150 млн. доллардын баарын сарптадык.6 млрддан ашык 7 млрдка чейин акчаны жок кылып алдык. Аны орустар берген эле. Ошондуктан ушул акчанын орду 7 млрд. сом, анан өзүбүздүн жыл сайын болуп келген 5-6 млрд. сомдун тегерегиндеги таңсыктыгыбыз бар. Мына ушуларды кошкондо 12-13 млрд. сом таңсыктык болуп жатат.

ИДП келерки жылы 5.5 % өсөт,инфляция 8 %, ал эми бюджеттин таңсыктыгы 13 млрд. 300 млн. сом же 6 % жакын болоору күтүлүүдө. Таңсыктыкка дагы бир кошумча, Россия Кыргызстандын 193 млн. доллардан ашуун карызын кече электиги болду. Ошону менен кыргыз-орус мамилесиндеги салкындоо Камбар-Ата-1, аскердик база эле эмес мурунку карыздарды кечүү жагын да камтып жатканы байкалууда.

Исаковдун сотунда “тайм аут”

Оппозиция менен бийликтин таймашында узап бараткан жумада орчундуу өзгөрүүлөр болгон жок. Мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловго байланыштуу сот ар кандай себептер менен улам кийинки мөөнөткө жылдырылууда. Ушундай эле окуя мурунку коргоо министри Исмаил Исаковдун ишине байланыштуу да кайталанды.

Белгилүү болгондой 7-декабрда Бишкек гарнизондук соту Исмаил Исаковдун иши боюнча өз чечимин чыгарыш керек эле. Аскердик прокуратура Исаковду сегиз жылга эркинен, генералдык наамынан ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоону жана жүз миң сом айып пул салууну талап кылган. Бирок судья Серик Абиев ооруп калды деген себеп менен сот 17-декабрга которулду.

Которуунун себеби тууралуу Исмаил Исаковдун адвокаты Азимбек Бекназаров буларды билдирди:

- Мен ойлоймун, судьянын ооруп жатканы тууралуу сөз, бул жөн эле шылтоо. А чын-чынында бул иш боюнча кандайдыр бир айыптоо чечимин чыгарыш абдан оор. Далил жок. Эч нерсе жок. Судья деле жогорку жактан түшкөн буйрукту канчалык деңгээлде аткарган менен адам катары тийиштүү жерлерге айткан болуш керек, “мен кантип соттоймун деп”. Ошондуктан бул ишти баштоого буйрук берген адамдар абдан оор, кызык абалда калды.

Исмаил Исаковдун өзүнүн пикири мындай болду:

-Соттун жылдырылышы боюнча айтып кетсек, түшүнүктүү болуп калды, бул саясий буйрутма болгондуктан ушундай болуп жатат. Аларга судьянын маалыматы жеткирилсе керек, соттун жүрүшүндө кандай айыптарды коюп жатканы, анын учурунда айыбым жоктугу, далилденбегени айтылса керек менимче. Экинчиден, элдин нааразычылыктары жетти. Себеби дегенде ар бир региондо коопсуздукту карап турган кызматкерлер (мамлекеттин коопсуздугун кароонун ордуна жалаң эле биздин артыбыздан түшүп албадыбы) айтышса керек элдин нааразычылыгы күчөп жатканын. Үчүнчүдөн, бүгүнкү күнү тарифтердин көтөрүлүшү дагы аларга түрткү болуп атат, бардык чатактарды башыбызга үйүп албайлы деген ой менен кеңешкени өздөрүнө убакыт алышты. Мен ошондой деп түшүнүп калдым.

Прокуратуранын Исаковго катаал жаза талап кылуусу коомчулукта олуттуу тынчсызданууларды жаратты. 7-декабрда ондогон адамдар Бишкек гарнизондук сотунун алдына чогулушту. Ал эми Алай районунун тургундары президентке кайрылуу жолдоп, өз жердеши Исаковду коргоп калуу үчүн ар кандай кадамдарга барууга даярдыгын билдирди. Аксакалдар тобу Бишкекке келип, президент менен жолугушууга аракет жасашты. Бирок аларды президенттик аппарат башчысы Каныбек Жороев кабыл алып, Исаков боюнча талаптарын президентке жеткирерин убада кылганын аксакалдардын бири Абдыкаар Абдырахманов билдирди.

Бул кайрылуулар бийликке канчалык таасир этти эми ал 17-декабрда ачыкталат. Анткени ошол күнү сот өз сөзүн айтууга тийиш.



  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG