Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Р. Отунбаева: Кыргызстанда жашоо коркунучтуу болуп калды


Кыргызстандагы адам укуктарына байланышкан жагдай боюнча Жогорку Кеңештеги СДП фракциясынын төрайымы Роза Отунбаеваны сөзгө тарттык.


- Роза айым, кечээ сиздердин фракцияда өткөн жыйында күч органдарынын жетекчилери тарабынан Кыргызстандагы адам укугунун абалы боюнча берген жообуна канааттандыңызбы?

- Жок, канааттанган жокпуз. Бүгүн – Адам укуктарынын коргоонун эл аралык күнү. Биз болсо кечээ бетме-бет биринчи жолу оппозициянын эң көрүнүктүү лидерлери менен бийлик өкүлдөрүн отургузуп, сүйлөшкөнгө аракет жасадык. 4-5 жылдан бери биринчи жолу көрдүк окшойт бири-бирибизди. Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Алмаз Атамбаев, мына ушундай адамдар менен бетме-бет отуруп кечээ көп суроолорду алардын алдына койдук, өзгөчө азыркы жүрүп жаткан сот иштери боюнча. Суроолор жоопсуз эле калып атты, баягы эле жалпы цифралар, прокуратуранын туюк отчеттору, мынча-тигинче дегендей, конкреттүү суроолорго. Мисалы, Кыргызстан жабык мамлекет болуп келатат, эмнеге эл аралык укук коргоочуну киргизген жоксуңар десе, УККнын бир башчысы “айтпайбыз” дейт, бул эми ишиңер болбосун деген сөз да.

- Капыстан кол салуулар көбөйдү. Белгисиз бирөөлөрдүн колунан токмок жеген журналисттердин катарына саясатчылар да кошулуп жатат. Кечээ кечинде болсо Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Болот Жанузаковду белгисиз бирөөлөр сабап, бутун сындырып кетишиптир...

- Мен аны азыр эле угуп, абдан кейип атам. Бул ушунчалык өкүнүчтүү. Мен ойлоп атам, чындан эле бизде физикалык жагынан да, руханий, идеологиялык жагынан да көз караштарыбыз келишпейт. Коррупция болбосун деп биз аракет кылып атабыз. Жөн эле Кыргызстанда жашаганга азыр абдан коркунучтуу болуп калды, өзгөчө саясатчыларга. Ошон үчүн мен үчүн бул өтө эле кооптооно турган факт.

Бул окуя кечээ кечки саат сегизде болду деп айтып атышат, сегизде мен деле кичине аба жутайын деп эшике чыккам. Биз эмне болоорубузду, бул өлкөдө кандай жашаарыбызды билбей калдык. Элдин турмушу ушунчалык кыйын болуп калды. Мына биз кечээ да фракцияда сүйлөдүк бул жөнүндө, Петровка, Балыкчы окуялары боюнча, же болбосо Исмаил Исаковдун сотунун баарынын фактылары жок болуп атат, бийлик далбастап атат, ушул абалдан кантип чыгарын билбей атат. Анткени соттогу адамдардын баары так айтышты, айыптоочулардын бир сөзүн колдобой. Ошондой эле энергетика жагынан, нан тапкан жагынан да эл абдан кыйналып турган кези.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG