Бул тууралуу 10-апрелде Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Бир топ жылдан бери Москванын жакын өнөктөшү саналып келген Ереван соңку айларда КМШдан алыстай баштады. Талдоочулар буга армян бийлиги Тоолуу Карабак маселесинде Кремлден колдоо көрбөй калганы себеп экенин айтышууда.
Беларустун баш калаасы Минск шаарындагы иш-чарага Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлери чогулат. Орусиянын мамлекеттик ТАСС агенттиги жыйынга Армениянын атынан тышкы иштер министринин орун басары катышарын жазды. “Азаттыктын” армян кызматы маалыматты министрликтен бышыктай алган жок.
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги же КМШ 1991-жылы мурдагы Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун (СССР) ордуна түзүлгөн, Москва үстөмдүк кылган бирикме. Орусиянын агрессиясына кабылган Грузия менен Украина буга чейин эле КМШ уюмунан чыгып кеткен.
Ал эми Молдова 2023-жылдын башынан тартып КМШ алкагында кол койгон бир катар макулдашууларды денонсациялай баштаган. Расмий Кишинев ошондой эле 2024-жылдын соңуна чейин бул уюмдан акырындап чыгарын жарыялаган.
Армян парламентиндеги оппозиция Пашиняндын өкмөтүнүн мурдагы советтик өлкөлөрдүн жыйындарын бойкоттоо кадамдарына макул эмес.
"Айастан" оппозициячыл фракциясынын депутаты Армен Рустамян муну Орусия менен конфронтациянын уланышы деп атады.
“Бул согуш маалында анттан танууга тете. Кармаш учурунда алар бир тараптан экинчисине качып жатышат. Албетте, ЖККУнун жана биздин стратегиялык өнөктөштөрүбүздүн аракетинде нааразылык жараткан бир топ суроолор бар. Бирок таарынган адам сыяктуу болуу кадимки саясий процесстерге туура келбейт”, - деди Рустамян.
Орусиядан алыстап, Евробиримдикке багыт алуу
Буга чейин Армениянын өкмөтү Тоолуу Карабак жикчил аймагында 2020-жылкы согуштан кийин киргизилген орусиялык бейпилдик күчтөрүн былтыр сентябрда Азербайжандан коргой албаганы үчүн сынга алган.
Баку “террорчулукка каршы атайын операция” деп атаган ал аскердик аракеттерден кийин Азербайжан отуз жылдан ашуун этностук армяндар көзөмөлдөп турган жикчил аймакты өз карамагына алган.
Беларустагы жыйын алдында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Еврокомиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен жана АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушуу өткөргөн.
Бул жолугушууда Армениянын Орусияга көз каранды экономикасынын туруктуулугун бекемдөө маселеси талкууланган.
Брюсселде өткөн бул сүйлөшүүлөрдөн кийин Орусия "Батыш Арменияны Түштүк Кавказдан бөлүүгө аракет кылууда" деп айыптады.
Буга чейин Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян анын өлкөсү Евробиримдикке мүчө болууга арыз тапшырууну караштырып жатканын билдирген. Бул билдирүү дагы Еревандын көп жылдан берки өнөктөшү Москвадан алыстоо аракетин айгинелейт.
“Учурда Арменияда көптөгөн мүмкүнчүлүктөр каралып жатат. Сыр деле болбосо керек, Евробиримдикке мүчө болуу ниетибиз да бар”, - деди Мирзоян 1-мартта Анталияда өтүп жаткан дипломатиялык форумдун алкагында TRT World телеканалына маек куруп жатып.
Андан көп өтпөй, март айынын башында расмий Ереван Армениянын башкы аэропорту “Звартноцтогу” орусиялык чек арачылардын ишин токтотуу чечимин кабыл алды.
"Армения республикасы "Звартноц" аэропортунда чек ара тейлөөсүн өз алдынча, өз мекемелерин колдонуу менен камсыздай алат деп эсептейбиз. Орусия тарапка ыраазычылык билдирүү менен бул тууралуу аларга маалымдадык. Баса белгилей кетсем, орусиялык чек арачылардын айрым жерлерде, анын ичинен "Звартноц" аэропортунда тейлөө кызматтарына катышуусу башында көз карандысыздыкка жеткен жылдары Армения Республикасын колдоо катары караштырылган жана алар бул функцияны Армения муктаж болуп турган кезде аткарышмак", - деп түшүндүрдү өкмөттүн чечимин тышкы иштер министри Арарат Мирзоян.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул боюнча эки өлкөнүн тийишүү мекемелери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айткан.
Армения көз карандысыздыкка жеткен 1991-жылы Москва менен Ереван тышкы чек араларды биргеликте кайтаруу макулдашуусуна кол коюшкан. Ага ылайык, Армениянын Түркия жана Иран менен чек арасын орус чек арачылары кайтарат. Учурда Армениядагы Федералдык коопсуздук кызматынын чек ара башкармалыгына Гюмри, Армавир, Арташат жана Мегридеи төрт отряд жана “Звартноц” аэропортундагы көзөмөл-өткөрмө бекети кирет. Чек арачылардын акысын эки мамлекеттин өкмөтү бөлүп камсыздайт.
ЖККУ уюмунан чыгуу жөнүндө эскертүүлөр
12-мартта Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Орусия башында турган альянс учурдагы коопсуздук көйгөйлөрүн чечпесе, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан чыгарын дагы бир ирет эскертти.
2018-жылдан бери өлкөнү жетектеп келген Пашинян аталган уюм биринчи кезекте Армениядагы “жоопкерчилик зонасын” аныктап, аны чет өлкөлүк агрессиядан коргоо милдеттенмеcин алышы керектигин айтты:
“Эгер Жамааттык коопсуздук жана келишим уюму бул суроолорго жооп берсе жана анын жооптору биз күткөндөй болсо, анда Армения менен ЖККУ ортосундагы маселелер чечилет. Болбосо Армения ЖККУдан чыгат. Качан? Мен аны айта албайм”, - деди ал маалымат жыйында.
Өткөн жылы Ереван ЖККУнун бардык жогорку деңгээлдеги иш-чараларын, аскердик машыгууларын бойкоттоп келген. Ал эми Пашинян 23-февралда France 24 телеканалына курган маегинде ЖККУдагы мүчөлүк убактылуу токтогонун, орус базасын Арменияда кармап туруу маселеси күн тартибинде жок экенин билдирген.
Анда аталган уюмдун баш катчысы Имангали Тасмагамбетов Армения бул тууралуу эч кандай маалымдама жибербегенин айтып, бул өлкөдө болуп жаткан “айрым окуяларга жана армян элитасынын арасындагы маанайга” тынчсыздануусун билдирген. Ал эми Орусиянын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Ереванды зекиген билдирүү жасаган.
"Чынын айтканда, армян элитасынын Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун натыйжалуулугу тууралуу суроолорду бул уюмдан тышкары талкуулоо аракети түшүнүксүз. Бул үчүн атайын механизмдер, форматтар жана ыкмалар бар. Байланышуунун жолго салынган каналдары бар. Бирок Ереван ЖККУнун аянтчасындагы эксперттик диалогдон качууну туура көргөндөй", - деди маалымат катчы.
Еревандын ЖККУдан чыгуу ыктымалдыгы көптөн бери талкууланып келет. Армениянын бийлиги альянс Азербайжан менен урушта так позициясын билдирбегени үчүн нааразы болууда.
Андан тышкары Орусия Украинага кеңири масштабдагы согуш ачкандан бери аскердик жаатта Еревандын алдындагы милдеттенмерин аткара албай калган. Тактап айтканда, 250 миллион долларга убада кылган курал-жабдыгын жеткирген эмес.
Ошентсе да Армения ушул күнгө чейин Орусиянын көгүлтүр отуна көз каранды. Ал эми эки өлкө ортосундагы соода алмашунун көлөмү соңку жылдары өсүп жатат.