Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:48

Түркия ирандык аткаминерди диссиденттин өлүмүнө байланыштуу кармагандыгы маалымдалды


Стамбул аба мейкиндигиндеги түрк аскерлеринин тик учагы. 2015-жылдын 30-августу.
Стамбул аба мейкиндигиндеги түрк аскерлеринин тик учагы. 2015-жылдын 30-августу.


Түркияда 2019-жылы ирандык диссиденттин өлүмүнө шыкактаган деп шектелген ирандык аткаминер камакка алынганын «Рейтер» агенттиги билдирди. Аты аталбаган булактарга шилтеме берип, «Рейтер» агенттиги Мохаммад Реза Насерзаде ушул аптанын башында Ирандын саясий жана аскердик жетекчилигин сындаган Масуд Мовлави Варданжанини атып өлтүрүүнү пландаштырган деген шек менен кармалгандыгы тууралуу Түркиянын «Сабах» гезитинин маалыматын бул булактар тастыктады деп билдирди.

«Сабах» гезити Насерзаденин Ирандын Стамбулдагы консулдугунун жарандык каттоо бөлүмүндө иштеп келгенин жазган (анын тегаты түркчө Насырзаде - Nasırzade деп жазылган). «Рейтер» агенттиги бул маалыматты көз карандысыз булактар аркылуу өз алдынча тастыктай албастыгын да билдирди.

Бул окуя аймактык ири мамлекеттер болгон Түркия менен Ирандын ортосундагы мамилелерди салкындатышы ыктымал.
Ирандын Тышкы иштер министрлиги алиги гезиттин кабарын "негизсиз" деп четке какты.

Ирандык жетекчилер катышкан жемкорлукту ашкерелеген Ирандын чалгын кызматынын мурдагы кызматкери Варданжани 2019-жылы 14-ноябрда, ал өз өлкөсүнөн чыгып кеткенден бир жыл өткөндөн кийин Стамбулда атып өлтүрүлгөн. Анын иши ага чейин Иран бийлиги тарабынан тергөөгө алынып жаткан.

Түрк полициясынын 2020-жылы март айында жарыяланган баяндамасында Варданжани "адаттан тыш бейнеге" ээ болгону айтылган. Анда ал Иран режимин катуу сынга алганга чейин Ирандын Коргоо министрлигинде киберкоопсуздук жаатында иштегени айтылган.

Түркиянын эки жогорку кызматкери 2020-жылы «Рейтер» агенттигине Варданжанинин өлтүрүлүшүн Ирандын Стамбулдагы консулдугунун чалгындоо кызматкерлери шыкактаган деп айтышкан. (TT)

XS
SM
MD
LG