Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:39

АКШда Жорж Флойддун өлүмү боюнча сот жүрүмү башталууда


Жорж Флойддун өлүмүнөн соң АКШда массалык нааразылык чаралары өттү. Миннеаполис шаары, Миннесота штаты. 2020-жылдын 31-майы.
Жорж Флойддун өлүмүнөн соң АКШда массалык нааразылык чаралары өттү. Миннеаполис шаары, Миннесота штаты. 2020-жылдын 31-майы.

АКШдагы Миннеаполистин соту өз жүрүмүндөгү арачыларды тандоо боюнча иш-чараларды кийинки күнгө жылдырды.

8-мартта Миннеаполис шаарында афроамерикалык тектүү Жорж Флойддун былтыркы өлүмүнө байланыштуу ак түстөгү полиция кызматкеринин үстүнөн сот иши башталды. Оболу сот арачылары тандалып, андан соң мурдагы полиция кызматкери Дерек Шовиндин үстүнөн сот жүрүмү башталаары күтүлүүдө. Ишти караган сот Питер Кэхилл жүрүмдү кийинки күнгө калтырды.

Даттанууну караган соттун жакында чыгарган чечими менен эми Дерекке киши өлүмүнө алып келген 2-даражадагы кылмыш доосунан башка да 3-даражадагы кылмыш доосу кошумчаланмакчы. Киши өлтүрүү боюнча 2-даражадагы кылмыш ишинде айыптуу табылган киши 40 жылга чейин, ал эми киши өлүмүнө байкоостон жол койгон 3-даражадагы кылмыш ишинде айыптуу табылган киши 25 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн.

Бул сот жараяны акыркы жылдардагы АКШдагы коомчулуктун көңүлүн өзгөчө бурган иш болушу мүмкүн экени айтылууда.

46 жаштагы теги афроамерикалык Жорж Флойд былтыр 25-майда полиция тарабынан кармалып жаткан учурунда муунтулуп, бул катаал аракеттен улам өлгөн.

Жорж Флойддун өлүмү АКШда жана башка бир катар өлкөлөрдө расалык теңсиздикке каршы ири нааразылык чараларына себеп болду.

Айрым шаарларда тынч митингдер башаламандыкка айланып, автоунаалар өрттөлүп, дүкөндөр тонолгон. Тополоңдордон улам АКШнын 40ка жакын шаарында убактылуу коменданттык саат киргизилген.

Ал учурда мурдагы президент Доналд Трамптын өкмөтү расалык теңсиздикти жоюу үчүн реформалар жүргүзүлө турганын убада кылган.

XS
SM
MD
LG