Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:09

АКШнын климат көйгөйлөрү боюнча өкүлү Керри Брюсселде сүйлөшүү жүргүзөт


АКШнын климат көйгөйлөрү боюнча өкүлү Жон Керри. Сүрөт 2020-жылы 24-ноябрда Керри ушул кызматка алгач сунушталып жатканда тартылган.
АКШнын климат көйгөйлөрү боюнча өкүлү Жон Керри. Сүрөт 2020-жылы 24-ноябрда Керри ушул кызматка алгач сунушталып жатканда тартылган.

9-мартта Брюсселде АКШнын климат көйгөйлөрү боюнча өкүлү Жон Керри Европа Биримдигинин алдыңкы өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзөт деп күтүлүүдө. Керри мырза мурдагы президент Барак Обаманын тушунда (20132017-жылдары) АКШнын 68-Мамлекеттик катчысы болгон.

Европа Бирлигинин аткаруу бийлигинин маалыматына караганда, Керри Европа Комиссиясындагы кесиптеши, вице-президент Франс Тиммерманс жана Комиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен менен жолугушат.

АКШнын жаңы президенти Жо Байден кызматына киришкенден кийин, Америка Кошмо Штаттары 2015-жылкы Париж климаттык келишимине өткөн айда кайрадан расмий түрдө кошулган. Бул кадамды Европа Биримдигинин лидерлери жылуу кабыл алды.


Дүйнөлүк макулдашуу 195тен ашуун өлкөгө Жердин атмосферасын өнөр жай өнүгө элек доордогу көрсөткүчтөн Целсий өлчөмү боюнча 2 градустан жогору жылытпай кармоого милдеттендирген жана дүйнөлүк жалпы жылуулук чегин 1,5 градуста кармоо зарылдыгын белгилеген.

АКШнын мурдагы президенти Доналд Трамп 2017-жылы бул келишим АКШ ишкерлери жасай ала турган мүмкүнчүлүктөрдү тушап жатат деп эсептеп, андан бир тараптуу чыгып кеткен.

Керринин Брюсселдеги сүйлөшүүлөрү АКШда өкмөт алмашкандан кийин Евробиримдик менен АКШнын жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн климаттык өзгөрүү көйгөйлөрү жаатындагы алгачкы бетме-бет сүйлөшүүсү болот.

Европа Комиссиясынын маалымдашынча, бул талкуулар "Атлантика аралык климаттык иш-аракеттерге" назар бурат жана, ошондой эле, ушул жылдын аягында Глазго шаарында өтүүчү БУУнун климаттык «COP26» жыйынына камылга көрүүгө жардам берүүгө тийиш. (TT)

XS
SM
MD
LG