Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:05

COVID-19: Түркияда карантин чаралары кайрадан күчөдү


Стамбулдук айымдар беткапчан жүрүүдө. 2021-жылдын 22-январы.
Стамбулдук айымдар беткапчан жүрүүдө. 2021-жылдын 22-январы.

Түркияда коронавирус илдетинин кайра тездеп жайылышына байланыштуу 30-марттан баштап иш күндөрү кечки саат тогуздан таңкы бешке чейин, дем алыш күндөрү толугу менен көчөгө чыгууга тыюу салынды.

29-мартта президент Режеп Тайып Эрдоган басма сөз жыйынында алааматтуу коронавируска байланышкан чектөөлөр кайрадан киргизилгенин кабарлады.

Кабыл алынган чечимге ылайык, 14-апрелден баштап өлкөдө кафе-ресторандарда тамактанууга болбойт. Ал эми тамак-ашты калайык өзү менен кошо ала кеткенге гана уруксат берилет.

Ошондой эле орозо айында “ооз ачтыруу” жөрөлгөсүн көп киши чакырып өткөрүүгө тыюу салынды.

Президент Эрдоган өлкөнүн 83 миллион калкынын 15 миллиону коронавируска каршы эмделгендигин ачыктады.

Анткен менен Түркияда беткап тагуу жана социалдык аралыкты кармоо эрежеси катуу сакталат. Мисалы, көчөгө беткапсыз чыккан кишиге 900 лира (120 доллар тегерегинде) айыппул салынат.

Коомдук унаа, соода борборлоруна жана ресторандарга кардарларга таза экенин тастыктаган код менен гана кирүүгө уруксат берилген.

Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык расмий каттоого алынган. Алардын канчасы коронавируска чалдыкканы тууралуу расмий маалымат жок. Түркиядагы алатоолуктардын арасында коронавируска каршы эмделе баштагандар да бар.

Бул өлкөдө коронавирус илдетин жугузуп алгандар биринчи жолу былтыр 11-мартта катталган. Ал эми расмий маалыматтар боюнча 29-мартта Түркияда COVID-19 вирусунан өлгөндөр 31 230 кишиге жетти. Вирус жугузуп алгандар үч миллиондон ашып, алардын үч миллионго жакыны айыгып чыкты. (ElB)

XS
SM
MD
LG