Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Азербайжан бийлиги журналисттерге үй берди


Журналисттер үчүн курулган үй
Журналисттер үчүн курулган үй

Сөз эркиндиги боюнча даярдалган түрдүү эл аралык баяндамаларда ар дайым эң начар орунду ээлеген Азербайжанда 155 журналистке батир белекке берилди.

Журналисттерге жасаган жаман мамилеси жана көз карандысыз массалык маалыматтарга болгон кысымы үчүн көп сындалган азери бийликтери 155 журналистке бир бөлмөлүү батирден тапшырды.

Азейрбайжандын президенти Илхам Алиев 22-июлда улуттук басма сөз күнүндө Бакудагы “журналисттер үйүн” өзү ачты.

Чек арасыз кабарчылардын баяндамасында сөз эркиндиги боюнча Азербайжан 179 орундан 156-орунду ээлейт. Ошентсе да Алиев өлкөдөгү сөз эркиндигинин дэңгээли менен сыймыктанат.

Журналисттер жашачу имарат Бибихебат деген жерде курулган, анын кире беришинде “Журналисттердин досу болуш мен үчүн чоң сыймык” деген Алиевдин сөздөрү жазылган.

Алиев өз сөзүндө бул долбоор Азербайжанда сөз эркиндигинин бар болгонунун мисалы экендигине токтолду.

“Азербайжанда дүйнөдөгүдөй эле интернет журналистикасы өнүгүүдө. Сөз эркиндиги толугу менен камсыздалууда”, - деп ишенет Илхам Алиев.

Айрым көз карандысыз журналисттер Алиев аларды “дос” деп атаганына көп деле сүйүнүшкөн жок. Жылдын башында Журналисттерди коргоо комитети Азербайжанды массалык маалымат каражаттарына басым жасагандыгы үчүн сындаган.

Гезиттин редактору Гилал Мамедов саясий себептерден улам камакта отурат. Өткөн айда Азербайжандын президенти интернетте бирөөнү каралоону кылмышка теңеген өзгөртүүнү мыйзамга киргизди. Көптөгөн медиа топтор мыйзам октябрда өтчү президенттик шайлоонун алдында көз карандысыз журналисттерге каршы колдонулат деп кооптонушкан жана сындашкан.

Ал арада мамлекеттик массалык маалымат каражаттарды өнүктүрүү фондунда иштеген Вугар Сафарли көз карандысыз журналисттер да батир алганын кабарлады.

“Журналисттерге үйдү бекер берүү - бул аларды сатып алууга барабарбы?” деген этикалык суроо көптөрдүн оюн ээледи.

Бакудагы Мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүнүн профессору Гүлү Махаррамли журналисттин мамлекеттен үйдү бекер алышы туура эмес көрүнүш деген ойдо.

- Эркин медиа деген эмне? Эркин журналист ал өзү чагылдырган бардык уюмдардан көз карандысыз болушу керек, анын ичине мамлекет да кирет. Сен мамлекеттен үй алган соң, аны кийин кайсы бир нерсе үчүн кантип сындайсың? Ошондуктан бул нерседен баш тартуу керек, анын ордуна азыр айрымдар өз чечимин актоо далалатын көрүшүүдө.

“Йени Мусават” оппозициялык гезитинин журналисти Роя Рафиева башка нерсеге нааразы. Анын пикиринде батирлерди алчу журналисттердин тизмеси адилетсиз жол менен даярдалган. Роя Рафиеванын айтымында, башкы редакторлор өкмөткө батир алчу журналисттердин тизмесин беришкен.

Гезитте төрт жыл иштеген Рафиева ал тизмеге кирген эмес. Он жылдан ашык иштегендер гана үй алууга мүмкүнчүлүк алышкан, бирок кээде батирлер үйлөрү бар адамдарга да тийген. Айтор, журналисттин пикиринде тизмени түзүүдө көбүрөөк ачыктык керек.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG