Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

Баку: Европа оюндарындагы автокырсык чыры


Бакуда полиция кызматкери көзөмөл камерасына тартылган видеону шардана кылгандыгы үчүн жумуштан алынды.

Европа оюндарынын жуп алдында бир автобус австриялык спортчуларды сүзүп кеткенин көргөзгөн тасма Азербайжандын өзүндө бардык сайттардан алынганы менен, социалдык тармактарга жайылып кеткен.

11-июндагы кырсык учурунда Австриянын сууда синхрондук сүзүү боюнча командасынын 15 жаштагы 3 мүчөсү жараат алган. Бирөө – Ванесса Саинович Венада операция жасалгандан кийин комада жатат. Өспүрүм кыз кыр аркасынан көптөгөн жараат алып, догдурлар шал болуп калуу коркунучу бар экенин эскертишүүдө. Дагы бир кыз Луна Пайердин чыканагы сынып, ал үйдө дарыланууда. Үчүнчүсү – жамбашынан жараланган Верена Брайт Бакудага ооруканадан көп узабай эле чыгарылган.

Бакуда автобус спортчуларды сүзүп кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:24 0:00
Автобус спортчуларды сүзүп кеткен тасма

Ошол эле күнү Австриянын Олимпиада комитети автобус тротуарда бараткан кыздарды сүзгөнүн, окуяга катуу кыжаалат болгонун билдирген.

14-июндагы билдирүүдө Азербайжандын Ички иштер министрлиги борбор шаардагы Низами районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкери видеону досу менен бөлүшүп, эрежелерди олуттуу бузганы аныкталган жана жыйынтыгында полициячы иштен алынган деп айтылат.

Иликтөө чуулгандуу тасманы интернетке дал ошол досу жайгаштырганын көргөзгөн.

Бир күн мурда болсо Ички иштер министрлиги автобустун айдоочусу Вели Ахмадов камакка алынганын, ага жол эрежелерин бузуу, адамдын денесине оор жараат алып келүү беренеси боюнча айып тагылганын билдирген.

"Бийлик бул оюндарга жогорку кесиптик даярдыгы бар айдоочуларды жалдоо үчүн жооптуу "Бакубус" компаниясынын укуктук жоопкерчилигин да карашы мүмкүн", - деп айтылат билдирүүдө.

Айрым жергиликтүү маалымат каражаттары кырсыкка айдоочунун ичип алганы алып келген болушу мүмкүн деп боолголошот. Бирок уюштуруучулар бул версияны четке кагышууда.

Трагедиядан кийин австриялык синхрончулар командалык мелдешке катышуудан баш тартышты. Бирок жуп болуп сүзүүдө бир туугандар Анна-Мария жана Эрини-Мария Александри күтүлбөгөн жерден күмүштү утуп алып, медалдарын жарадар болгон эки кызга арнашты.

Верена Брайт болсо жарыштарга катышуу үчүн командага кайтты.

12-июнда башталган Биринчи Европа оюндарына 50 чакты өлкөдөн 6 миңдей спортчу катышууда. Алар спорттун 20 түрү боюнча таймашып жатат.

Иш-чараны уюштурууга бир миллиарддан көп акча сарпталганы айтылып, сынчылардын көбү каражаттын мындан да пайдалуу колдонсо болот эле дешет.

Оюндардын алдында бир катар укук коргоочу уюмдар эл аралык коомчулукту Азербайжандагы адам укуктарынын бузулушуна көңүл бурдурууга аракет кылышты.

XS
SM
MD
LG