Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Азери журналист таяктан каза тапты


Маркум журналист Расим Алиев
Маркум журналист Расим Алиев

8-августта сабалган азербайжандык журналист Расим Алиев ооруканада көз жумду. Аны жергиликтүү футболчу жөнүндө Фейсбукка жазган пикири үчүн сабап кетишкен.

Бул окуяны эл аралык уюмдар Азербайжандагы кылмышкерлердин жазасыз калуу ишениминен улам жасалган мыкаачылык катары сыпатташты.

Азербайжандык журналист Расим Алиевдин сөөгү 9-августта жерге берилди. Анын азербайждандык «Габала» футбол клубунун оюнчусу Жавид Гусейнов тууралуу Фейсбукка жазган пикири үчүн бир күн мурда сабап кетишкен. Расим Алиев келтектелип, ооруканага түшкөндөн кийин журналисттерге айтканына караганда, ал футболчуну жүрүм-туруму үчүн сындаган. Атап айтканда, ал «Адепсиз, тарбиясыз жана олдоксон, өзүн көзөмөлдөй албаган адам Азербайжандын намысын Европанын футбол талааларында коргошуна каршымын» деп жазган өз баракчасына. Журналисттин футболчу Жавид Гусейнов тууралу сын-пикир жазышына анын кипрлик журналисттин «Оюнга эмне үчүн Түркиянын желегин көтөрүп чыктыңыз» деген суроосуна «Түрктөр - менин досторум» деп жооп берип жатып, колу менен жасаган адепсиз кыймылы себеп болгон.

Расим Алиевдин сөөгүн алып чыгуу
Расим Алиевдин сөөгүн алып чыгуу

- Мен Жавиддин жүрүм-туруму тууралуу Фейсбуктагы өз баракчама пикиримди жазгам. Ошондон кийин мага белгисиз бир адам чалып, Жавиддин жакын тууганы экенин айтты жана мени кемсинтип, шылдыңдады. Андан кийин Жавид өзү чалып, анын кыймылын туура эмес түшүнүп алганымды, чындыгында Түркия менен Азербайжан дос экенин билдиргиси келгенин айтты. Биз өз ара тил табышып, мен баракчама бул тууралуу да жаздым. Бирок кийин Жавид Гусейновдун тууганымын деген адам кайра телефон чалып, жакшынакай сүйлөп, Жавид менен элдешкениңерди билем, жолугушуп чай ичели, деп суранды. Мен анын зарылчылыгы жок десем, болбой суранып туруп алды. Анан мен Баил районуна келип, аны менен жолукканда бет талаштыра уруп, дагы беш алты киши тепкиледи, – деген эле журналист Расим Алиев ооруканада жатып.

Анын бир канча кабыргасы сынып, сол кулагы укпай калганына карабастан, ооруканага алгач түшкөндө абалы туруктуу болгон. Бирок түндө ага шашылыш операция жасалып, дарыгерлер көк боорун алып салышкан. Ага карабай ичине кан жүгүрүп кеткен журналист каза болуп калганын бир тууган эжеси Гүлнара Алиева билдирди. Азербайжандан келген акыркы маалыматтарга караганда, журналистти сабады деген шек менен бир канча адам кармалды. Алардын арсында футболчу Жавид Гусейновдун тууганы делген Эльшан Исмайлов да бар. Ал эми «Габала» футбол клубу футболчуну Расим Алиевдин өлүмү боюнча териштирүү аяктаганча клубдан четтеткенин кабарлады.

Ал арада бир катар эл аралык уюмдар журналистти өлтүргөндөрдү айыпташууда. Басма сөздү колдоо эл аралык уюмунун (IMS) билдирүүсүндө «Азербайжанда журналистке кол салып, бирок жазага тартылбай калуу ишеними буга шарт түзүп, кылмыштар болсо ачылбаган бойдон калууда» деп айтылат. Ушуга үндөш эле билдирүүнү Европалык жана дүйнөлүк журналисттер федерациясы жасады. «Мындай оор кылмыштарды жасоо Азербайжандагы жазасын калуу атмосферасынан улам гана мүмкүн. Кайсы бир адамдар журналисттерге, укук коргоочуларга карата мындай оор кылмыштарга эч ким менен жазага тарта албайт деген ишенимден улам барышууда» деди Европалык жана дүйнөлүк журналисттер федерациясы. Бакулук журналист Шахвелед Чобаноглы да ушундай пикирде.

- Бул өлкөдөгү коомдук-саясий акыбалдын натыйжасы. Анткени кылмышкерлер жазасын каларына ишенет. Расим да ушул саясаттын курмандыгы болду. Расим Азербайжандагы адамдардын жана сөз эркиндигинин укугу үчүн күрөшкөн адам эле.

Анткен менен Азербайжан президенти Илхам Алиев журналисттин өлүмүн жеке көзөмөлүнө алып, ага терең тынчсыздануусун билдирди. Президенттин кеңешчиси Али Гасановдун билдиришинче, Илхам Алиев бул окуяны көз карандысыз маалымат каражаттарына карата кокунуч катары кабыл алды. Азербайжандагы бир катар белгилүү маалымат каражаттарында эмгектенип келген журналист Расим Алиев бир жумадан кийин 31 жашка чыкмак.

2005-жылы да «Монитор» журналынын редактору Эльмар Гусейнов үйүнүн жанынан өлтүрүлгөн. 2011-жылы болсо бычакталган журналист жана публицисчи Рафиг Таги ооруканада көз жумган. Гусейнов менен Тагини өлтүргөндөр ушул күнгө чейин табыла элек.

XS
SM
MD
LG