Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Азербайжан: Хадижанын жеңиши


Хадижа Исмаилова
Хадижа Исмаилова

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун азербайжан редакциясынын журналисти Хадижа Исмаилова түрмөдөн бошотулду.

25-майда Азербайжандын Жогорку Соту Хадижа Исмаилованын апелляциялык арызын карагандан кийин 7 жарым жыл эркинен ажыратуу жазасын үч жарым жыл шарттуу кесимге өзгөрттү. Исмаилова өзү сот жыйынына катышкан жок, бирок көп узабай боштондукка чыкты.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун башкы редактору Ненад Пейич “Бул – Хадижа жана бүтүндөй журналисттер, сөз эркиндиги үчүн маанилүү күн. Хадижанын өзү, жакындары үчүн абдан кубанып, анын ишке кайтышын чыдамсыздык менен күтүп турган чак”, - деди.

Журналист Исмаилова эркиндикке чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:44 0:00

АКШнын мамлекеттик катчысынын Коомдук дипломатия жана Коомдук байланыштар боюнча орун басары Рик Стенгел "Баку сотунун чечими чыныгы жакшы кабар", - деп Твиттерде жазды.

Исмаилова өткөн күздө көз боёмочулук жана салык төлөөдөн качуу деген беренелер боюнча жети жарым жылга кесилген. Батыш жана бир катар укук коргоочу уюмдар Исмаилова президент Илхам Алиевдин жакындары аралашкан коррупциялык иштердин бетин ачкан иликтөөлөрү үчүн куугунтукталып жатат деп, анын кое берилишин талап кылышкан.

Сот болордун алдында эле Хадижанын апасы Элвира Исмаилова кызы бошотуларына үмүт артып турганын айткан эле:

- Хадижа мага “үмүттөнбөй эле кой” дейт. Бирок ага карабай күтүп атам. Кантип мындан да жаман болушу мүмкүн деп өзүмчө ойлонуп атам. Ал эркиндикке чыгышы керек. Эгер бийлик акылдуулук кылса аны бошотушу керек.

25-майда Бакуда өткөн Жогорку Соттун жыйынына Хадижа келген жок. Анын адвокаты Фариз Намазлы журналист абакта калганын билдирген. Сотунун чечими Исмаилованын арызынын негизинде кабыл алынган.

Исмаилова 2014-жылы журналист Турал Мустафаевдин арызы боюнча камакка алынган. Бирок ал арызын кайра чакыртып алган. Ага карабай кылмыш иши кыскартылбай, 2015-жылы Исмаиловага мыйзамсыз ишкерлик кылуу, салык төлөөдөн качуу сыяктуу айыптар коюлган жана сот 7 жарым жылга кескен.

Хадиджа Исмаилова 2014-жылы офшордук компаниялар аркылуу Илхам Алиевдин кызы өлкөдөгү эң башкы Azercell телефон компаниясын көзөмөлдөрүн, Бакуда кеминде эң мыкты алты мейманканасы жана башка жерлерде ченемсиз мүлктөрү бар экенин жазган.

Батыш өлкөлөрү жана бир катар укук коргоочу уюмдар Исмаилова Алиевдердин коррупциялык иштердин бетин ачкан иликтөөлөрү үчүн куугунтукка кабылганын айтып, аны бошотууну талап кылып келишкен. Amnesty International укук коргоо уюму аны “абийир туткуну” деп атаган.

Ал эми Европарламент төрагасы Мартин Шулцтун маалымат катчысы Жакомо Фассина парламент бул жагымдуу кабарды кубаттайт деди:

- Исмаилова мыкты журналист. Европарламент күндүн экинчи кубанычтуу жаңылыгын (биринчиси украиналык учкуч Надежда Савченконун Украинага кайтарылышы – ред.) кубаттайт. Парламент журналисттин жана азербайжандык укук коргоочу Лейла Юнустун кое берилиши үчүн көп аракет көрүп келди. Албетте, оор шартта иштеп жаткан, абакта отурган журналисттеркөп. Бул позитивдүү ишара башка сот иштерде да кайталанат деп күтөбүз.

Камакта жаткан кезинде Исмаиловага Улуттар Уюмунун маалымат каражаттар багытындагы “катаал шарттарда пресса эркиндигине кошкон салымы үчүн” атайын сыйлыгы ыйгарылган.

Өткөн айда ЮНЕСКОнун Гильермо Канто атындагы дүйнөлүк сыйлыгына татыган.

Хадижанын бошотулушун талап кылып келгендердин бири, “Укук үчүн спорт” долбоорунун координатору, активист Ребекка Винсенттин митингдер улана берерин айтат:

- Биз Хадижанын 537 күн мыйзамсыз абакта отуруп, акыры эркиндикке чыкканына кубанып турабыз. Бирок көңүлдү анын боштондугуна эле эмес, башкаларга да буруп, башка саясий туткундарды бошотууну талап кылабыз.

Исмаилова 27-майда 40 жашка толот. Бир катар укук коргоочулар ушул күнү Азербайжандын 40 шаарында митинг өткөрүп, Исмаилованы толук актап, башка дагы саясий туткундарды бошотууну талап кылууну пландоодо.

Буга чейин Азербайжан эл аралык коомчулуктун кысымы менен саясий негизде абакта жаткан бир топ кишини бошоткон. Кошмо Штаттар өлкөдө дагы 80 киши саясий себеп менен абакта отурганын билдирет.

Freedom House уюмунун сурамжылоосуна ылайык, Азербайжан сөз эркиндиги боюнча 189, Чек арасыз кабарчылардын эркиндик индекси боюнча 180 өлкө ичинен 163-орунга илинген.

Бир нече күндөн кийин Азербайжанда Жумурият күнү белгиленет. Майрамды утурлай адатта массалык мунапыс берилет.

XS
SM
MD
LG