Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:27

Баку соту Исмаилованы жети жарым жылга кести


Хадижа Исмаилова: "Мени 15 эмес, 25 жылга камасаңар да сынбайм"
Хадижа Исмаилова: "Мени 15 эмес, 25 жылга камасаңар да сынбайм"

Баку соту шейшембиде “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен кызматташып келген азербайжандык журналист Хадижа Исмаилованы жети жарым жылга эркинен ажыратты.

Азербайджандын жогорку бийлик өкүлдөрүнүн арасындагы коррупциялык иштерди иликтеп келген журналист Хадижа Исмаилова салык төлөөдөн качкан, мыйзамсыз ишмердүүлүк менен алектенген жана кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген айыптар боюнча күнөөлүү деп табылды.

Сот аны “адамды өз өмүрүнө кол салууга жеткирген” деген буга чейинки коюлган айып боюнча күнөөсүз деп тапты.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочулар соттон Исмаилованы тогуз жылга кесүүнү сурап келишкен эле.

31-августта өткөн соттук жараянда Хадижа Исмаиловага соңку сөз берилген. Анда Хадижа өзүнүн журналисттик иликтөөлөрү тууралуу айткан соң, Азербайжан бийлигин “репрессия машинасына” салыштырып, “ал жакында урайт” деп билдирди.

Андан соң журналист президент Илхам Алиевдин ысымын атап, сөз баштаганда судья аны токтотуп койду.

Ага карабай Исмаилова ага тилектеш көз карандысыз журналисттер жана активдүү жарандар Азербайжан бийлигиндеги коррупциялык иштердин бетин ача берет деген ишенимде экенин айтып жетишип калды.

“ Мен абакка кесилсем да, ишим улана берет” –деди ал сотто.

Хадижа Исмаилова өзүнө тагылып жаткан айыптардын бардыгын четке какты. Ал сотто мунун баары саясий негизде болуп жатканын жана бийлик андан өч алып жатканын дагы бир жолу кайталады.

Соттон кийин Хадижанын энеси Эльмира Исмаилова журналисттерге:

- Хадижа жети жарым жылга кесилди. Бийлик андан кутулду деп айтсак болот, бирок Хадижа токтолбойт. Анын оозу эч качан жабылбайт, калеми соолубайт. Ал айта берет, жаза берет. Анткени ал күрөшө алат, Хадижа аябай күчтүү. Ал баарын күчтүү болууга жана күрөштү улантууга чакырууда, - деп айтты.

Хадижанын энеси Элмира Исмаилова
Хадижанын энеси Элмира Исмаилова

Азербайжанда журналисттин абакка камалышын бир катар укук коргоо уюмдары сындап чыгышты. Эл аралык коомчулук Исмаилованын камалышы президент Илхам Алиевдин бийликке сын айткандарга каршы жүргүзүп жаткан өнөктүктүн бир бөлүгү катары баалады.

Буга чейин Хадижа Исмаилова Азербайжан президенти Илхам Алиевдин үй-бүлөсү аралашкан бир катар масштабдуу коррупциялык иштер боюнча макала жазып, алардын бетин ачкан эле.

Исмаилова өткөн жылдын 5-декабрында Турал Мустафаев аттуу журналисттин арызы боюнча Бакуда камакка алынган. Анда 39 жаштагы Хадижага адамды өз өмүрүн кыюуга жеткирген деген айып коюлган. Кийинчерээк Мустафаев арызын кайтарып алса да, эки ай өтпөй ага башка айыптар тагылган.

Хадижанын энеси Эльмира журналисттердин "ал соттун өкүмү угузулганда кандай абалда болду, эмне деди" деген суроолоруна:

- Ал эч нерсе деген жок, дайымкыдай эле күлүп турду. Ал мен аркылуу баарына салам айтып, күчтүү бойдон калууга жана күрөштү күчөтүүгө чакырды. Эч ким эч нерседен, соттон да коркпосун. Бул корко турган нерсе эмес, - деп жооп берди.

Азербайжан бийлиги Исмаиловага куугунтукту баштаганда Эл аралык Мунапыс уюму аны “абийир туткуну” деп атаган.

Исмаилованы колдогондор чогулган сот имаратынын жанындагы чайкананы Баку полициясы 1-сентябрда жаап салды. Жабык өтүп жаткан сот процесси маалында Исмаилованын тарапташтары дал ушул чайканада чогулуп келишкен. 31-августта дагы чайканада Хадижаны колдогон жүздөн ашык адам топтолгон.

Учурда Азербайжанда темир тор артында 15тей журналист жана блоггер отурат. Эки апта мурда Бакунун соту экономикалык кылмыш жасаган деп таап, өлкөдөгү таанымал адам укугун коргоочулар Лейла Юнусту 8,5 жылга, анын катуу ооруп жаткан күйөөсү Арифти жети жылга эркинен ажыраткан.

XS
SM
MD
LG