Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

Азербайжандын Губа шаарында тополоң чыкты


Бийлик шаарга Ички иштер министрлигинин атайын бөлүктөрүн киргизди. Демонстранттар райаким Рауф Хабибовдун кызматтан кетишин талап кылышкан.

Айрым кабарларга караганда, тартип коргоочулар кармаган бардык 22 киши койо берилди.

Борбор шаар Бакудан 160 километрдей алыс жайгашкан Губа шаарындагы демонстранттарды таркатуу үчүн коопсуздук аскерлери жаш агызчу газ жана желим окторду колдонушту. 3 полициячы менен 1 митингчи жабыркаганы кабарланууда.

Азери парламентинин Губа районунан депутаты Вахид Ахмедов "Азаттыктын" азери кызматына полиция кармаган бардык 22 киши бошотулганын кабарлады. Депутат бийлик менен сүйлөшүүлөргө өзү катышкан.

Бейшембиде миңдеген киши райаким Рауф Хабибовдун кызматтан кетишин талап кылып, шаар борборуна чогулушкан.

Акция массалык тополоңго айланып кетип, митингчилер акимиаттын терезелерин талкалап, Хабибовдун үйүн өрттөп жиберишкен. Губага Бакудан, башка аймактардан кошумча аскерлер жөнөтүлдү.

Аким жакында жердештерин өз жерлерин 40 долларга сатып жатышканын айтып, аларды "чыккынчылар" деп атаган. Аким көп өтпөй кечирим сураганы менен, нааразылык токтогон жок.

Айрым кабарларда Хабибов кызматынан алынганы айтылууда.
Демонстранттардын бири аким жергиликтүү элдин намысына катуу тийгенин айтат:

- Ал Губа элине акарат келтирди. Бизди чыккынчылык үчүн күнөөлөдү. Губанын тургундары дайыма мамлекетибизди колдоп келген.

Мамлекет айыл чарба тармагын реформалоонун алкагында кээ бир дыйкандарга жер үлүштөрүн бөлүп берген. Бирок көптөрүнүн жерди иштетүүгө чамалары жетпейт. Хабибов жердин сатылышын катуу сындаган эле:

- Губа абдан бай чөлкөм. Бардыгы бул жерде отурукташууну көздөшөт. Айрымдар жакшы иштери менен, башкалары терс кылыктары менен белгилүү. Губа эли Губаны сатып жиберишти. Жерлерин 30-40 манатка сатып жатышат. Губа жакшылыкты билбеген губалыктар тарабынан сатылууда. Губалыктар улутун, жерин, үй-бүлөлөрүн сатышууда.

Шаарда 160 миңдей киши жашайт.

XS
SM
MD
LG