Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Азери оппозициясын толкуткан референдум


Бакудагы оппозиция митинги
Бакудагы оппозиция митинги

Бакуда Азербайжан Демократиялык күчтөрүнүн улуттук кеңеши митинг өткөрдү. Оппозиция бийликтен 26-сентябрга белгиленген референдумдан баш тартууну талап кылууда. Акцияга чогулгандар Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен Илхам Алиев өз бийлигин бекемдөөнү көздөйт деп сындашты.

Жыйын Элдик фронт партиясынын төрагасы Али Керимилинин билдирүүсү менен аяктады. Ал бул митингди жаңы кыймылдын башаты деп сыпаттады. Иш-чара ар кыл саясий партиялардын өкүлдөрүнүн башын бириктиргенин белгилеген Керимли, алар Эркин Азербайжан курууну максат кылышат деди.

“Биз коррупцияга, элди тоноого, адилетсиз сотторго, мамлекетти түзүк башкара албагандарга жок дейбиз", - деген Керимли:

- Конституция ушуну менен үч жолу бир эле үй-бүлөнүн кызыкчылыгы, Илхам Алиев үчүн гана өзгөртүлүүдө. 2002-жылы бийликти атадан уулуна мурастап алуу, династиялык башкаруу камсыздалса, экинчи ирет 2009-жылы – президенттикке шайлануунун чеги алынып, Алиевдин мөөнөтсүз шайланышына жол ачылган.

Бакудагы оппозиция жыйыны
Бакудагы оппозиция жыйыны

Митингдин резолюциясында антидемократиялык референдумду өткөрүүдөн баш тартуу, саясий реформаларды жүргүзүү, соттордун жана мыйзам чыгаруу бийлигинин көз карандысыздыгын камсыздоо, улуттук акчанын девальвациясына, баалардын өсүшүнө байланыштуу айлык жана пенсияны жогорулатуу талаптары коюлган.

Митингде чыгып сүйлөгөн дагы бир оппозициячы, Ульви Гасанлы бийликтин демократиячыл жаштарды камоо саясатын жаңылыштык деп атап, репрессияларды токтотууга, саясий туткундарды бошотууга, коомго кысым көрсөтүүгө чекит коюуга үндөдү.

Ал эми Улуттук кеңештин мүчөсү Гүлтекин Гажиева «Эл бириксе, бир да зулумчул режим туруштук бере албайт деп”, өлкөнү кошуна Грузия менен салыштыра кеттти. "Европа биримдиги Грузия үчүн визасыз режим киргизүүгө камданып жаткан чакта, Азербайжан паракорлуктун сазына батып баратат", - деди Гажиева.

Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөр жөнүндө айтсак, эң оболу президенттин кызматтагы мөөнөтүн беш жылдан жети жылга чейин узартуу, эки вице-президенттин кызматтарын киргизүү, президентке парламентти таркатуу укугун берүү, парламент депутаттыгына жана президенттикке талапкерлердин жашын 18ге чейин төмөндөтүү жана башкалар сунуш кылынууда.

Азери президенти Илхам Алиев жубайы Мехрибан Алиева менен
Азери президенти Илхам Алиев жубайы Мехрибан Алиева менен

Бул алымча-кошумчалар бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгына гана багытталганын айткан оппозиция референдум өткөрүлсө, аны бойкоттоого чакырды.

Айтмакчы, жекшемби күнкү митинг Баку шаарынын мэриясынын уруксаты менен өткөрүлдү. "Мусават" партиясы болсо өз акциясын 18-сентябрга пландап жатат.

Ал тапта азербайжан бийлиги оппозициячыл активистти, Республикалык альтернатива кыймылынын мүчөсү Натиг Жафарлини абактан бошоткону маалым болду. Прокуратура кыймыл АКШда жайгашкан Улуттук демократиялык институт бейөкмөт уюмунан грант алганын ырастап, Жафарлини 12-августта мыйзамсыз ишкердик жүргүздү деген айып менен камаган. Ал эми кыймылдын төрагасы Илгар Маммадов камакта кала берүүдө. Кошмо Штаттар Жафарлинин кое берилишин кубаттап, Маммадов жана калган саясий туткундарды да азат кылууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG