Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

Баку: “Аскерлердин өлүмү болбосун!”


Бакуда демонстранттар кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:39 0:00

Баку: Демонстранттар кармалды

Жекшембиде Бакуда “Аскерлердин өлүмү болбосун!” деген чакырык менен нааразылык демонстрация өттү. Жүздөгөн адамдар азери армиясында жоокерлер зордук-зомбулукка кабылып, өлүмгө дуушар болуп жатканына нааразылык билдиришти. Полиция чогулгандарды күч менен таратты. “Азаттыктын” азери кызматы ондогон демонстранттар кармалганын дагы билдирди.

Азербайжандын баш калаасында беш жүзгө чамалуу демонстранттар полициянын тоскоолдугуна карабастан борбордук Фонтан аянтына чогулуп кыйкырып жатышты. Алардын арасында армияда кордук көрүп мерт болгон же запкыга кабылган уландардын сүрөттөрүн көтөргөндөр дагы жүрдү.



Андан соң полиция менен чогулгандар кагылышып, атайын күчтөр аянттагыларды ур-токмокко салып тарата баштады. Полиция желим октор менен аткылап, көздөн жаш чыгарган газ колдонуп, суу бүрктү.

Баку: "Аскерлердин өлүмү болбосун!"
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:19 0:00

«Мусават» оппозициялык партиясынын лидери Иса Гамбар «Бийликтердин зобун саясаты өлкөдө жарандык активдүүлүккө бөгөт коюп, коомдун толкундоосун токтото албайт. Эл, коом, жаштар өлкөдө терең демократиялык өзгөрүүлөрдү ишке ашырууга жөндөмдүү» деген көз карашын «Азаттыктын» азери кызматына билдирди.

Азербайжандын бийликтери жекшембиге пландалган нааразылык демонстрацияны болтурбоо аракетин көрүп, 8-мартта активисттерди камакка алган. Алардын үчөөнө маңзат тараткан жана мыйзамсыз курал алып жүргөн деген айыптар тагылууда.

Азербайжан парламенти Милли Межлистин депутаты Сиявуш Новрузов жекшембидеги акцияны «адамдардын трагедиясын өз кызыкчылыктарына пайдалануу» деп сындады. Аны уюштуруучулар оппозициялык партиялардын лидерлери менен жакын мамиледе жана "алардын максаты өлкөнүн бейкуттугун бузуу" деп кошумчалады.

Азербайжандын улуттук армиясында жоокерлер зордук-зомбулукка кабылып мерт болгон фактылар дале уланууда. Жарандык активисттер болсо армияда тартип орнотуп, аскерлердин бөөдө өлүмүн токтотууну талап кылууда.

XS
SM
MD
LG