Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:31

Азербайжан менен Ирандын тиреши күч алды


Азербайжандан чыгарылган ирандык дипломаттар. 7-апрель, 2023-жыл
Азербайжандан чыгарылган ирандык дипломаттар. 7-апрель, 2023-жыл

Азербайжандын маалымат каражаттары 19-апрелде Ирандын чалгындоо министрлигине тиешеси бар деген шек менен 20 адам камакка алынганын кабарлашты. Эки өлкөнүн мамилелери буга чейин эле начарлаган.

Баку Иран өз пропагандасын жайылтып, өлкөнү дестабилдештирүү аракетин көрүүдө деп айыптаса, Тегеран Баку азери азчылыгынын арасында жикчил маанайды күчөтүп жатат деп доомат артып келет.

"Диний пропаганданы жайылткандар кармалды"

Бакудагы расмий АПА маалымат агенттиги билдиргендей, кармалган адамдар диний ишмердүүлүккө жамынып, “Ислам жумуриятынын пропагандасын, диний ырым-жырымдарды жайылтууга, Азербайжандын секулярдык бийлигин кулатууга аракет кылууга жана баңги заттарды сатууга” катышкан деп шектелүүдө.

Агенттик камакка алынган адамдардын Ирандын диний үгүт желектеринин фонунда түшкөн сүрөттөрүн жарыялады. Маалыматка ылайык, алардын айрымдары Ислам жумуриятындагы Кум медресесинде окуган диниятчылар.

Тегеран тараптан кандай реакция болгону азырынча белгисиз.

Азербайжандын өкмөтү буга чейин да кошуна өлкөнүн кызыкчылыгында иштеп жатат делген адамдарды кармаган.

4-апрелде Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Ислам жумуриятынын элчисин чакырган. Анын алдында Тегеран азербайжандык медиа Иранга каршы маалымат таратууда деген нааразылык нотасын тапшырган жана бир жактуу маалыматтарга каршы чара көрүүгө үндөгөн.

Азербайжандын тышкы саясий мекемесинин басма сөз катчысы Айхан Хажизаданын маалыматына караганда, элчи Саед Мусавиге нааразылык “калыс эмес” деп айтылып, Иранда Азербайжанга каршы тарап жаткан кабарлардын тизмеси берилди. Андан тышкары ирандык бир нече дипломат өлкөдөн чыгарылды.

Элчиликке жана депутатка кол салуу

Баку менен Тегерандын мамилелери акыркы айларда, өзгөчө Азербайжандын Ирандагы элчилигине болгон кол салуудан кийин абдан начарлап кетти.

27-январда куралчан адам элчиликке кирип барып, Калашников автоматынан күзөтчүнү атып, дагы эки кишини жарадар кылган.

Азербайжандын элчилиги кол салуудан кийин. 27-январь, 2023-жыл
Азербайжандын элчилиги кол салуудан кийин. 27-январь, 2023-жыл

Эки күндөн кийин Азербайжандын элчилигинин кызматкерлерин жана үй-бүлө мүчөлөрүн эвакуациялаган.

"Азербайжандын элчилиги өз ишин толугу менен токтотту. Дипломатиялык ишмердүүлүк токтой элек деген уу-дуу кептер айтылып жатат, бирок токтоду. Элчиликтин административдик имаратын жана мүлкүн коргоо үчүн беш кызматкер калат. Бирок алар дипломатиялык иштерди аткарбайт", - деп билдирген Азербайжан тышкы иштер министринин орун басары Халаф Халафов.

Жергиликтүү тартип коргоочулар шектүүнү кармаган. Ал эми Ирандын Tasnim маалымат агенттиги Тегеран полициясына таянып, шектүү элчиликке эки кичинекей баласы менен келгенин, “жеке бир маселелеринен улам ушундай кадамга барган болушу ыктымал экенин" жазган.

Баку бул билдирүүнү негизсиз деп атап, элчиликке кол салууну “террордук чабуул” деп сыпаттады.

Фазил Мустафа. Архивдик сүрөт
Фазил Мустафа. Архивдик сүрөт

Ал окуядан эки ай өтүп-өтпөй, Ирандын Азербайжан саясатын катуу сындап жүргөн парламент депутаты Фазил Мустафанын өмүрүнө кол салуу болду. Кесиптештеринин бири Ганира Пашаеванын айтымында: "Фазил ар дайым өз позициясын ачык айтып, мамлекетибизге байланышкан маселелерди тайманбай козгоп жүрөт. Ал дайыма диний фанатизмге каршы болуп келген. Мамлекетибизге, элибизге каршы багытталган кадамдарга каршы экенин ачык айтып келатат".

Мустафа бийликке лоялдуу Boyuk Qurulus партиясынын парламенттеги жападан-жалгыз өкүлү.

Азербайжандын атайын кызматы Калашников автоматынан атылган ок анын ийинине жана бутуна тийип ооруканага жеткирилгенин маалымдаган жана депутаттын үйүнүн жанында болгон окуяны “теракт” беренеси менен иликтей баштаган.

Бийлик ал кылмышка тиешеси бар деген айып менен төрт адамды камакка алып, кутумду уюштуруунун артында Ислам жумурияты турат деп айыптады.

Бийликтеги “Жаңы Азербайжан” партиясынын депутаты Ишти Маммадов 27-январдагы окуядан кийин кол салуунун артында Иран турганынан күмөн санабасын “Азаттыктын” азери редакциясына айткан.

Ал окуядан кийин Москва тараптар “тирешүүнү” тезирээк жөнгө салат деп үмүттөнөрүн билдирген.

Тараптардын бири-бирине койгон дооматтары

Азербайжан Иранды жикчил Тоолуу Карабак жаңжалында Арменияны колдоп жатат деп айыптап келет. 2020-жылкы 44 күндүк согушта Иран өз аскерлерин эки өлкө менен чек арага тарткан. Баку ошондо Иран Армения менен чек арасын жапкан жок деп нааразы болгон. Уруштан кийин Ирандан Армения аркылуу Тоолуу Карабакка жүктүн ташылышы да Азербайжан бийлигине жаккан эмес. Азербайжан ирандык айдоочуларды кармаган учурлар да болгон.

Азербайжан. Иран тарапка кетчү жол
Азербайжан. Иран тарапка кетчү жол

Өз кезегинде Тегеран Баку азери азчылыгы арасында жикчил маанайды күчөтүп жатат деген доомат артып келет. Айрым талдоочулар Ирандын регионалдык атаандашы болгон Түркиянын ролунун артып жатышы, 2020-жылкы урушта Азербайжандын Израилден курал алышы да тараптардын мамилесинин начарлашына салым кошконун белгилешет.

Иранда жашаган азерилердин саны, айрым маалыматтарда калктын 16-24% түзөрү айтылып жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG