Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:46

Азербайжан: бачабаздар тууралуу чыгарма талаштуу пикирлерди жаратты


"Артуш жана Заур" китебинин кабы
"Артуш жана Заур" китебинин кабы

Бири армян, бири азери гомосексуал, же бачабаз эки жигиттин махабаты тууралуу талаштуу романды Бакы калаасында эл талап окуп жатат. Бачабаздык жабык тема бойдон кала берип жаткан Азербайжанда бул чыгарма диний өкүлдөрдүн каршылыгын жаратты.

Алекпер Алиевдин "Артуш менен Заур" деген китеби Азербайжанда дээрлик толугу менен сатылып кетти. Чыгарманын мындай популярдуулугунун сыры эмнеде? Али Акбар деген ысым менен жазган автордун пикирин билсек:

– Мен эки стереотипке каршы согуш баштадым. Азербайжанда бүгүн армяндар менен бачабаздар өгөйлөнөт. Бирок армян же бачабаз болгон уят эмес, коррупцияга малынган, алдаган, чыккынчы болгон уят.

Акбардын романында Артуш деген армян жигит менен Заур деген азери жигиттин Бакыда мектепте окуп жүргөндө эле жылдызы келишип калат. Бирок Тоолуу Карабакта чыккан согуш экөөнү ажыратат: Заур Арменияга кеткен Артушту жоктоп кала берет.

Акбардын китеби болгону 500 экземпляр менен басылган, себеби ал консервативдүү азери коомунда чыгарманы кабылдашаарынан күмөн санаган. Бир китеп дүкөнү ушул шейшембиде Кавказ кабарлар кызматына бул романды эл талап алып жаткандыгын билдирди. Бирок өткөн аптада диний өкүлдөр Бакыдагы башка бир китеп дүкөнүн китепти сатууну токтотууга мажбурлаган.

26 жаштагы Турал Абасли китепти автордун атак күтүү аракети гана деп эсептеген көп кардарлардын бири:

– Армян жана азери жаштарынын достугу тууралуу сөз кылуунун канчалык кереги бар? Бирок мында достук гана эмес, биздин салтка, менталитетке, динге каршы келген нерсе жөнүндө сөз болуп жатат. Мындай коомдук дипломатия армян-азери достугун чыңдай алат деп ойлобойм. Менимче бул биздин моралга дагы бир кол салуу.

Бирок 24 жаштагы социолог Сенубер Хейдарова бул пикирге кошулбайт. Анын айтымында, китеп махабат баяны аркылуу карабак жаңжалынын оор кесепеттери жөнүндөгү маселени көтөрөт:

– Эл эмне дебесин, сексуалдык багыты бөлөк адамдар бул өлкөдө бар. Бул - жаңы деле көрүнүш эмес, алар ар дайым болгон жана боло берет. Али Акбар бул маселени өз чыгармасы аркылуу көтөрүп жатканы өтө кубанычтуу. Дагы кеч эмес. Бул кадимки эле адамдар, башкалардай эле сүйөт, күйөт. Бул тууралуу сөз кылгандан уаялбаш керек.

Азербайжанда акыркы жылдары бачабаздыкты айыптап, бийликтер журналисттерге, укук коргоочуларга кысым көрсөткөн учурлар катталды.

Апрел айында Бакыдагы жеке менчик соодасын иликтеп, бир нече макала жазган 25 жаштагы журналист Акил Халилди бычактап кетишти. Бийлик өкүлдөрү Халилди "анын сүйгөнүмүн" деп ырастаган кишинин видеосун көрсөтөбүз деп коркутушкан.

2005-жылы парламенттик шайлоонун алдында бир нече мамлекеттик маалымат каражаты элге таанымал оппозиция талапкери, Элдик майдандын жетекчиси Али Керимлинин "бачабаз" деп жазып чыгышкан.

Азербайжанда бачабаздык 2000-жылы кылмыш кодексинен алынып салынган. Бирок 2007-жылдагы адам укуктары боюнча отчетунда АКШнын мамдепартаменти мусулмандар басымдуулук кылган Азербайжанда бачабаздарга карата түшүнбөөчүлүк көз-караштар кала берип жаткандыгын жазган.
XS
SM
MD
LG