Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

"Беш жолу жаңыланган". Ош аэропортундагы курулуш текшерилет


Ош аэропорту. 18-май, 2022.
Ош аэропорту. 18-май, 2022.

Транспорт прокуратурасы 18-майда катуу жамгырдан улам "Ош" аба майданынын шыбы урап калган жагдайды иликтей баштады. Аэропорт 2012-жылдан бери беш жолу жаңыланып, аянты бир канча эсе кеңейтилген, ага жалпы 156 миллион сомдон ашык ачка жумшалган.

18-майда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Ош" аба майданынын күтүү залынын үстүнөн суу агып, шыбынын бир жак бөлүгү урап калган жана имараттын ичин суу каптаган.

Транспорт прокуратурасы 19-майда "Ош" аба майданын оңдоп-түзөө иштерин, шыбынын урап калышына алып келген жагдайды териштире баштады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сирожиддин Камолиддинов билдирди.

"Текшерүүдө зыянга алып келген фактынын келип чыккан себеби, аэропортту реконстукциялоо долбоору, аткарылган жумуштун долбоорго шайкештиги, курулган объект кандайча кабыл алынганы жана башка дагы жагдайлар каралып мыйзамдуу чечим кабыл алынат".

"Аэропорт беш жолу жаңыланган"

"Манас" эл аралык аэропортунун билдиришинче, "Ош" аба майданды жаңылоонун алгачкы баскычы 2012-жылы башталган. Анда аэропорттун аянты эки миң чарчы метрден төрт миңге чейин чоңойгон. Бул иштерди "Ал-Манар" компаниясы ишке ашырган.

Экинчи баскычы 2015-2016-жылдары жүрүп, Ак-Бата" компаниясы аба майдандын аянтын дагы 900 чарчы метрге кеңейтип берген.

Ал эми 2016-2017-жылдардагы долбоорго ылайык, аба майданынын аймагына дагы 720 чарчы метр кошулган жана бул долбоорду "Инженерин Ко" копманиясы аткарган.

Төртүнчү, 2017-2018-жылдардагы долбоордо "АвантРемСтрой" компаниясы аэропортун аянтын дагы 1900 чарчы метрге көбөйткөн.

Бешинчи, соңку баскычында 2017-2018-жылдары "Элит-Строй-Сити" компаниясы аба майдандын күтүү залын чоңойткон, ошондо дагы 820 чарчы метр кошулуп, аба майдандын жалпы аянты 8390 чарчы метрге жеткен.

Жалпысынан бул иштерге 156 миллион сомдон ашык акча жумшалган.

"Баарын долбоорго ылайык жасаганбыз"

"Элит-Строй-Сити" компаниясынын башчысы Канатбек Оморовдун "Азаттыкка" билдиришинче, суу чатырдан аккан эмес. Жамгыр төгүп жибергенде жаандын суусу аккан трубаларда суу агып түшкөнгө үлгүрбөй калган.

"Биз аэровокзалдын астына кошумча курулуш кылганбыз. Эски имараттын алдын айнектер менен улаганбыз. Ал жердин шыбын эски шып менен бириктирип койгонбуз. Баары долбоорго ылайык эле жасалган. Аба майдандын өзүнүн техникалык көзөмөл бөлүмү көзөмөлдөп, Экотехинспекция менен биргеликте тыкыр текшерип алган. Кечээ жамгыр катуу жааганда, аэропорттон чалганда эле мен балдарымды жөнөткөм. Ошол жамгыр жаап, суу агып атканда эле комиссия болуп үстүнө чыгып карашты. Суу чатыр жактан аккан эмес. Алты жерде жамгырдын суусу ага турган жери бар. Суу аккан трубалардын ичи толуп калган же жамгыр өтө катуу жааганда суу трубаларда агып үлгүрбөй калган окшойт. Чатырды Бишкектен сапаттуу материалдарды, тиникенин калыңынан алдырып жапканбыз. Баары сапаттуу жасалган".

Деген менен Ош шаарынын мурунку мэри, Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашев курулуш иштеринин сапатына токтолду.

Таалайбек Сарыбашев.
Таалайбек Сарыбашев.

"Мен 2018-2021-жылдары Ош шаарынын мэри болуп турдум. Аба майдандын жери гана шаарга карайт. Булар ачык акционердик коом да, курулуш, дагы башка иштеринин баарын өздөрү жүргүзөт. Ага биздин такыр тиешебиз болгон эмес. Шыбы урап калганын жалпыга маалымдоо каражаттарынын окуп калдым, кейидим. Дагы жакшы, адамдар аман-эсен экен, кудай сактаптыр. Мен такай эле айтам, "Ош" аэропорту эле эмес, кандай иш жасабайлы анын сапатына көңүл бурушубуз керек. Курулганына аз эле болгонду ушинтип урап түшкөнү өкүнүчтүү".

Туура бир жыл мурда Башкы прокуратура 2019-2020-жылдардагы оңдоп-түзөө иштери мыйзам бузуу менен коштолгонун билдирип, териштирүү баштаган. Башкы көзөмөлдөөчү орган курулуш материалдарынын, аткарган иштин баасы 3,5 миллион сомго ашырылып жазылганын кабарлаган. Кылмыш ишти тергөө Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) өткөрүлүп берилген.

Атайын кызмат кылмыш ишин тергелишине байланыштуу комментарий бере элек.

"Аба майдан коңшу өлкөнүн да бир канча облусун тейлейт"

Талдоочу Төлөгөн Келдибаев аба майданды реконструкциялоого миллиондогон каражат жумшалганын, андагы аткарылган иштер тыкыр текшерилиши керектигин билдирди.

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

"Бул "Ош" аба майданы бир эле Ош облусун эмес, түштүктөгү башка облустарды, ал эле эмес, коңшу мамлекеттердин дагы бир канча облусун тейлейт. Кыргызстандагы көрүнүктүү аэропорттун биринин 15 мүнөттүк катуу жамгырга туруштук бере албай калганына зээним кейиди. Ондолуп-түзөлүп, заманбап аэропорттордун катарына кирип, сыртынан кооз көрүнгөнү менен табыгый кырсыктарга туруштук бере албай калды. Ондоп-түзөтүүдө, кайсы бир бөлүгү жаңы курулуп жатканда жаан, сел өңдүү табыгый кырсыктар эске алынганбы, кандай материалдар колдонулганы, курулушту ким кантип өткөрүп алганы текшерилип, ушул кырсыкка жол бергендерге чара көрүлүшү керек.

“Ош” аба майданындагы кырсыкты иликтөө үчүн жумушчу комиссия дагы түзүлдү.

2019-жылы да аэропорттун чатырынан суу агып, имараттын ичин каптаган.

"Аймактагы аэропорттор жаңыланат"

Ушул айдын башында президент Садыр Жапаров аба майдандар тууралуу пикирин билдирген. Анда өлкөнү 2026-жылга чейин өнүктүрүү программасынын алкагында аба майдандардын инфраструктурасы жакшырып, ички авиакаттамдар калыбына келтирилерин белгилеген.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

"Эл аралык аэропорттор өлкөнүн негизги аба дарбазасы деп бекеринен аталбаса керек. Мына ушул себептен улам, эл аралык аэропортторду ар тараптан өнүктүрүп, колдоп туруу - мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири. Кыргызстандын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында, аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу чечимин кабыл алган элем. Ага "Ысык-Көл", "Каракол", "Нарын", "Ош", "Жалал-Абад" жана "Баткен" аэропорттору киргизилген. Буюрса, республикадагы ички каттамдар калыбына келтирилип, бардык аэропорттор: "Казарман", "Талас" жана башка аэропорттор ишке киргизилет. Бул чыгашалар "Манас" аэропортунун таза кирешесинин эсебинен жабылат. Былтыр ал жакта коррупцияны жоюп, быйыл таза кирешеси төрт миллиард сомду түздү. Буга чейин таза кирешеси эки миллиард сомдун тегерегинде болчу", -деген Жапаров.

“Ош” эл аралык аба майданы Кыргызстандагы экинчи чоң аэропорт, анын имараты 1974-жылы курулган жана анда 900дөн ашык киши иштейт. Аэропорт жумасына 160ка жакын каттамды уюштурат.

Буга чейин аэропорттогу тейлөөнүн сапаты, абалына жана коопсуздугуна байланыштуу нааразылыктар айтылып келген.

Аэропорттогу суу каптоону комиссия иликтейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:57 0:00

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG